Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 22-январы № 2723-VII
Бишкек жана Ош шаарларынын аймагында транспорт
тыгындарын азайтуу жана автомобиль транспортунун коопсуз
кыймылын камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө
Бишкек жана Ош шаарларында транспорт тыгындарын азайтуу жана автомобиль транспортунун коопсуз кыймылын камсыз кылуу, республикада экологиялык коопсуздукту камсыздоо, жарандар үчүн жагымдуу, ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети 2025-жылдын 1-апрелине чейин төмөнкү мүмкүнчүлүктөрдү карап чыксын:
- Бишкек шаарынын аймагында жол-транспорт инфратүзүмүн өнүктүрүү жана транспорт тыгындарын азайтуу Концепциясында (мындан ары - Концепция) жана Бишкек шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 1-апрелиндеги № 55 токтому менен бекитилген Концепцияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планында каралган милдеттерди ишке ашырууга бюджеттин учурдагы артыкчылыктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен республикалык бюджеттен финансылык каражаттардын бөлүнүшүн камсыз кылуу;
- Ош шаарында транспорт тыгындарын азайтуу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууга республикалык бюджеттен финансылык каражаттардын бөлүнүшүн камсыз кылуу;
- жергиликтүү бюджеттин, эл аралык донорлордун жана жеке сектордун каражаттарын тартуу менен иш-чараларды кошо каржылоонун тартибин иштеп чыгуу жана бекитүү;
- Бишкек жана Ош шаарларынын жол-транспорт инфратүзүмүн модернизациялоо үчүн эл аралык финансы уюмдарынын жеңилдетилген кредиттерин жана гранттарын тартуу;
- мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында Бишкек шаарынын жана Ош шаарынын тегерегинде айлама жолдун курулуш планын кийин техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоо менен иштеп чыгуу жана бекитүү;
- жүк ташуучу транспорттук-бөлүштүргүч темир жол борборлорун Бишкек жана Ош шаарларынын аймагынан тышкары жерге көчүрүү планын кийин техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоо менен иштеп чыгуу жана бекитүү;
- жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн колдонуудагы транспорттук-бөлүштүргүч темир жол борборлорун пайдалануу жана кийин аларды көп сандагы адамдарды ташуу үчүн жогорку өндүрүмдүү, көчөдөн тышкаркы жүргүнчүлөрдү ташуучу транспорт тутумуна айландыруу жөнүндө жобону иштеп чыгуу жана бекитүү;
- Бишкек жана Ош шаарларына борборлоштурулуп ыңгайлаштырылган автоматтык түрдө светофорлорду башкаруу тутумун иштеп чыгуу жана ишке киргизүү;
- автомототранспорт каражаттарын айдоонун этикалык ченемдерин караган теориялык маселелерди иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 819 токтомунун "Квалификациялык сынактарды кабыл алуу, айдоочулук күбөлүктөрдү жана тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүү эрежелерин бекитүү тууралуу" 1-тиркемесине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү, ошондой эле транспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо жана кайра даярдоо боюнча мекемелердин жана уюмдардын (автомектептердин) окуу программасына этика боюнча лекциялык сабактарды киргизүү;
2025-жылдын 1-ноябрына чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине Бишкек жана Ош шаарларындагы транспорт тыгындарын азайтууга багытталган иш-чараларды жүзөгө ашыруунун жүрүшү жөнүндө отчет берсин.
2. Бишкек шаарынын мэриясы:
- бөлүнгөн каражаттардын натыйжалуу пайдаланылышын, анын ичинде иш-чаралардын аткарылышына үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүүнү жана контролду камсыз кылсын;
- Концепцияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын кезектеги планын бекитүүнүн алдында эки жылда бир жолу Концепцияны ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулоо жана аны өркүндөтүү боюнча сунуштарды чогултуу үчүн эксперттердин, жарандардын, башка кызыкдар тараптардын катышуусу менен коомдук угууларды жана консультацияларды уюштурсун.
3. Ош шаарынын мэриясы:
- 2025-жылдын 1-августуна чейинки мөөнөттө Ош шаарынын аймагындагы жол-транспорт инфратүзүмүн өнүктүрүү жана транспорт тыгындарын азайтуу Концепциясын иштеп чыксын жана бекитсин;
- транспорт тыгындарын азайтуу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууга бөлүнгөн каражаттарды натыйжалуу пайдаланууну, алардын аткарылышына үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүүнү жана аткарылышын көзөмөлдөөнү камсыз кылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетине жүктөлсүн.
Төрага | Н. Тургунбек уулу |