КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2023-жылдын 30-ноябры ПЖ № 327
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 25-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун дайындалган судьялары төмөнкү жергиликтүү сотторго судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн 2023-жылдын 1-декабрынан тартып жиберилсин:
- Ош облусу:
Ош облустук соту
Борончиева Жаныл Кубанычбековна;
Кара-Суу райондук соту
Казыгулова Мээрим Эсенкановна;
- Бишкек шаары
Бишкек шаардык соту
Сабитова Жамиля Сабитовна.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| C.Жапаров |