Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2025-жылдын 21-январы ПЖ № 10
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу
Республикалык маанидеги шаарларда башкаруу системасын оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде:
- II бөлүмдүн 5-главасына эскертүүнүн сегизинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"(***) - Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратындагы административдик муниципалдык кызмат орду.".
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 28-январындагы № 6 (3662) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |