Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 23-январы №4-4
Ак-Жар айылына 120 орундуу бала бакча куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Ак-Жар айылына 120 орундуу бала бакча куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндөгү Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер, турак жай, коммуналдык маселелер боюнча башкы адиси А. Каленовдун берген маалыматын угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жар айылынын “Өмүракун Ата” паркынын түндүк тарабындагы бош жаткан муниципалдык жер аянтынан 120 орундуу бала бакча куруу үчүн 0,50 га жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берилсин;
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иш алып баруу жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Докоевге милдеттендирилсин;
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин курулуш, транспорт, өнөр-жай, соода-сатык, энергетика, турак жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | У. Мелис уулу |
|
|