АК-МОЮН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык кеңешинин 3-сессиясынын 2-кезексиз сессиясы
2022-жылдын 16-мартындагы № 3/3
Ак-Моюн айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын жана “Ак-Моюн Тазалык” муниципалдык ишканасынын Уставын бекитүү жөнүндө
ХI чакырылыштагы Ак-Моюн айылдык кеңешинин сессиясы жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап токтом кылат:
1. Ак-Моюн айыл аймагынын Жергиликтүү жамаатынын Уставы алымча, кошумчасы менен бекитилсин.
2. Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн 2022-2026-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү планы алымча-кошумчасы менен бекитилсин.
3. “Ак-Моюн Тазалык” муниципалдык ишканасынын Уставын алымча, кошумчасы менен бекитилсин.
4. Бул токтомду аткаруу жагы Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жумалиевге жана “Ак-Моюн Тазалык” муниципалдык ишканасынын башчысы М.Босумбай уулуна тапшырылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын, өзүмө калтырам.
Төрага |
| Ж.Алыбаев |