Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2024-жылдын 14-октябры ПЖ № 294
"Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы" юбилейлик белгисин уюштуруу жөнүндө
Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын майрамдоонун урматына, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. "Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы" юбилейлик белгиси уюштурулсун.
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- "Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы" юбилейлик белгиси жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
- "Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы" юбилейлик белгисине күбөлүктүн формасы 2-тиркемеге ылайык;
- "Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы" юбилейлик белгисинин сыпатталышы 3-тиркемеге ылайык.
3. "Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы" юбилейлик белгилерин жана алардын күбөлүктөрүн даярдоого, ошондой эле сыйлоо боюнча салтанаттуу иш-чараларды өткөрүүгө байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунун каражаттарынын эсебинен жабылат деп аныкталсын.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы:
- "Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы" юбилейлик белгилерин жана аларга 100 даана күбөлүктөрдү белгиленген тартипте даярдоону камсыз кылсын;
- "Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы" юбилейлик белгилери менен сыйлоодо салтанаттуу кырдаалды уюштурсун.
5. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
| 2-тиркеме |
"Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы" юбилейлик белгисине КҮБӨЛҮКТҮН ФОРМАСЫ
| Күбөлүк |
| (фамилиясы) |
"Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы" юбилейлик белгисинин сүрөтү | (аты) |
(атасынын аты) | |
"Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы" юбилейлик белгиси менен сыйланды | |
Кыргыз Республикасынын Президенти | |
| |
№ _______________________ китепче | "____" _______________ 202____-жыл |
№ _______________ юбилейлик белги |
|
|
| 3-тиркеме |
"Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы" юбилейлик белгисинин СЫПАТТАЛЫШЫ
"Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы" юбилейлик белгиси никель менен гальваникалык капталган латундан, алтын менен гальваникалык капталган күмүштөн жасалып, айрым бөлүктөрү көгүлтүр жана кочкул кызыл түстөгү эмаль менен капталган.
Юбилейлик белгинин негизги жети бурчтуу жылдызчасы Кыргыз Республикасынын жети облусун билдирет. Юбилейлик белгинин борборун айланта кыргыз оймосу түшүрүлгөн. Айлананын ортосунда "100 ЖЫЛ" деген жазуу жазылган, төмөнкү бөлүгүндө жалбырак -жашоонун, өсүп-өнүгүүнүн символу берилген.
Юбилейлик белгинин диаметри - 52 мм. Юбилейлик белгинин арткы бетин айланта КАРА-КЫРГЫЗ АВТОНОМИЯЛУУ ОБЛУСУ 1924-2024 деген жазуу түшүрүлгөн.