АК-МОЮН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык кеңешинин 3-сессиясынын 2-кезексиз сессиясы
2022-жылдын 16-мартындагы № 3/1
Көрктөндүрүү, жашылдандыруу, таштанды боюнча эрежелерин жана таштанды чыгаруу боюнча тарифин бекитүү жөнүндө
ХI чакырылыштагы Ак-Моюн айылдык кеңешинин сессиясы жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап токтом кылат:
1. Ак-Моюн айыл аймагынын таштандыларды топтоо нормалары жана катуу таштандыларды жыйноо, ташып чыгаруу тарифтери бир түтүнгө бир айга 200 (эки жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин жана 1-2 группадагы майыптуулугу бар жалгыз бой жарандар үчүн бир адамга бир айга 36 (отуз алты) сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Ак-Моюн айыл аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо эрежелери (мындан ары - Эреже) тиркемеге ылайык алымча-кошумчасы менен бекитилсин.
3. Ак-Моюн айыл аймагынын аймагында жогоруда көрсөтүлгөн Эрежелердин аткарылышы камсыз кылынсын.
4. Суу пайдалануучулар бирикмесинин протоколу менен ИСКАКБлар жоюлгандан кийин, материалдык баалуулуктары “Ак-Моюн Тазалык” муниципалдык ишканасынын балансасына өткөрүлүп берилсин жана айыл аймагында калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу боюнча “Ак-Моюн Тазалык” муниципалдык ишканасы иш алып барсын.
5. Бул токтомду аткаруу жагы “Ак-Моюн Тазалык” муниципалдык ишканасынын башчысы М.Босумбай уулуна тапшырылсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын, Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жумалиевге тапшырылсын.
Төрага |
| Ж.Алыбаев |