АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз IV сессиясы
2025-жылдын 23-январы №4-5
Ак-Жар айылынын “Чоң-Ноот” участкасындагы №1998 контурундагы “чополуу беттер” (глинистая поверхность) жер аянтына “Ден соолук чыңдоо борборун” курууга макулдук берүү жөнүндө
Ак-Жар айылынын “Чоң-Ноот” участкасындагы №1998 контурундагы “чополуу беттер” (глинистая поверхность) жер аянтына “Ден соолук чыңдоо борборун” курууга макулдук берүү жөнүндөгү Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер, турак жай жана коммуналдык маселелер боюнча адистери А. Каленовдун, Т. Кудайбергеновдун берген маалыматтарын угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жар айылынын “Чоң-Ноот” участкасындагы №1998 контурундагы “чополуу беттер” (глинистая поверхность) жер аянтына “Ден соолук чыңдоо борборун” куруу боюнча тийиштүү материалдары толук болбогондугуна байланыштуу бул маселе айылдык кенештин курулуш, траспорт, өнөр-жай, соода-сатык, энергетика, турак жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссиясынын кароосуна жиберилсин;
2. Жогорудагы маселе боюнча тийиштүү материалдарын толуктап, комиссиянын отурумунан карап, токтомдун долбоорун даярдоо жагы туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Тѳрага | У. Мелис уулу |
|
|