Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин X чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз IV сессиясы
2025-жылынын 24-январы №5
«Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык жер тилкесинин укуктук зонасынын категориясын өзгөртүү жөнүндө»
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 11.01.2025-жылдагы чыг.№01-19/132 сандуу каты жана ага тиркелген иш-кагаздары Жалал-Абад шаардык кеӊешинин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында каралып, жер пайдалануу эрежелеринин негизинде, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезексиз IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жалал-Абад шаарынын Ю.Абдурахманов көчөсүнүн №7 дарегинде жайгашкан жалпы аянты 24713,0 чарчы метр болгон муниципалдык жер тилкесинин «К-1» укуктук зоналык категориясынан «С-1» укуктук зоналык категориясына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2.Жалал-Абад шаарынын мэриясына, Жалал-Абад шаардык архитектура жана шаар куруу башкармалыгына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Жалал-Абад филиалына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде 2006-жылы кабыл алынган “Жалал-Абад шаарында курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежелерине” өзгөртүү киргизип, мыйзам чегинде иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3.Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба, байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5.Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага О.Т.Турдубеков