Редакцияот 22.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-МОЮН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2-сессиясынын 1-кезексиз сессиясы

 

2022-жылдын 22-февралындагы № 2/6

 

“Ак-Моюн Тазалык” муниципалдык ишканасынын 2023-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө

 

ХI чакырылыштагы Ак-Моюн айылдык кеңешинин сессиясы жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап токтом кылат:

 

1. “Ак-Моюн Тазалык” муниципалдык ишканасынын 2023-жылга карата бюджети 3 (үч) туруктуу жана 3 (үч) келишимдин негизинде иштөөчү штат менен 694 880 (алты жүз токсон төрт миң сегиз жүз сексен) сом болуп бекитилсин.

 

2. Бул токтомду аткаруу жана аткарылышын көзөмөлдөө жагын, “Ак-Моюн Тазалык” муниципалдык ишканасынын башчысы М.Босумбай уулуна тапшырылсын.

 

 

Төрага

 

Ж.Алыбаев