Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 23-январы №4-6
“Сары-Гоо” участкасындагы жайыт жерине көчмө май куюучу контейнер орнотууга, электромобилдерди заряддоочу жай, жеңил конструкция тибинде ашкана, дүкөн курууга макулдук берүү жөнүндө
“Сары-Гоо” участкасындагы жайыт жерине көчмө май куюучу контейнер орнотууга, электромобилдерди заряддоочу жай, жеңил конструкция тибинде ашкана, дүкөн куруугамакулдук берүү жөнүндөгү Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер, турак жай жана коммуналдык маселелер боюнча адистери А. Каленовдун, Т.Кудайбергеновдун берген маалыматтарын угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Сары-Гоо” участкасындагы жайыт жерине көчмө май куюучу контейнер орнотууга, электромобилдерди заряддоочу жай, жеңил конструкция тибинде ашкана, дүкөн куруу боюнча тийиштүү материалдары толук болбогондугуна байланыштуу бул маселе айылдык кенештин курулуш, траспорт, өнөр-жай, соода-сатык, энергетика, турак жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссиясынын кароосуна жиберилсин;
2. Жогорудагы маселе боюнча тийиштүү материалдарын толуктап, комиссиянын отурумунан карап, токтомдун долбоорун даярдоо жагы туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Тѳрага | У. Мелис уулу |
|
|