Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 14-октябрындагы ПЖ № 294 Жарлыгына) |
"Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы" юбилейлик белгиси жөнүндө ЖОБО
1. "Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы" юбилейлик белгиси (мындан ары - юбилейлик белги) Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөн күнүнүн 100 жылдыгын майрамдоонун урматына уюштурулган.
2. Юбилейлик белги менен өлкөбүздүн көз карандысыздыгын чыңдоого, анын экономикалык, саясий, социалдык, илимий, руханий потенциалын, коргонуу кубаттуулугун жогорулатууга, кыргыз мамлекетинин чек арасынын кол тийбестигин камсыз кылууга, тынчтыкты жана туруктуулукту, улуттар аралык достукту жана ынтымакты сактоого, адилеттүү жарандык коомду түзүүгө татыктуу салым кошкон бардык чөйрөлөрдүн өкүлдөрү, эмгек ардагерлери, аскер кызматчылары жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери сыйланат.
Юбилейлик белги менен Кыргыз Республикасына сиңирген эмгеги бар Кыргыз Республикасынын жарандары, чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, эл аралык жана коомдук уюмдар сыйланат.
3. Сыйлоо жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Президентинин тескемеси түрүндө кабыл алынат.
4. Юбилейлик белгини Кыргыз Республикасынын Президенти салтанаттуу кырдаалда тапшырат.
Сыйлангандарга юбилейлик белги менен бирге анын күбөлүгү тапшырылат.
5. "Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы" юбилейлик белгиси төштүн сол тарабына мамлекеттик сыйлыктардан кийин тагылат.
6. Юбилейлик белги сыйлануучунун өзүнө тапшырылат.
7. Юбилейлик белгинин дубликаттары жана жоголгондордун ордуна ага документтер берилбейт.
8. Мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар адамдарды юбилейлик белги менен сыйлоого жол берилбейт.