Редакцияот 20.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-МОЮН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык кеңешинин 1-сессиясынын 1-кезектүү сессиясы

 

2022-жылдын 20-январындагы № 1/1

 

2022-жылга аткарылган иштердин жыйынтыгын угуу менен, тийиштүү мекемелерге сунуштарды берүү жөнүндө

 

ХI чакырылыштагы Ак-Моюн айылдык кеңешинин сессиясы жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап токтом кылат:

 

1. Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жумалиевдин иши алымча-кошумчасы менен канааттандыраарлык деп баалансын.

 

2. Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Г.Акматбекованын иши канааттандыраарлык эмес деп табылсын жана чара көрүү жага айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жумалиевге тапшырылсын.

 

3. Бирлик айылдык клубунун башчысы Э.Жанаков, сессияга чакырылгандыгына карабастан эч себепсиз сессияга келбегендиги үчүн тартиптик чарасын көрүү боюнча айыл өкмөт башчысы А.Жумалиевге сунуш берилсин.

 

4. Ак-Моюн айылдык клубунун башчысы Ж.Сыдыкова менен көркөм жетекчиси Б.Кубанычбек уулуна иши канааттандыраарлык эмес деп баалансын жана тартиптик чара көрүү боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жумалиевге тапшырылсын.

 

5. “Шекер-Мүрөгү” ИСКАКБсынын эски трассасынын чугун темирлерин сатуу боюнча комиссия курамы түзүлсүн жана бааланып сатылсын.

 

6. Ак-Муз айылы менен чектешкен чегара жерлерди тактоо жана кыштоолорго аныктама бердирүү боюнча Кыргызгипроземге кат жолдонсун.

 

7. Бирлик айылындагы купканы май менен иштетүү боюнча көзөмөлгө алуу Бирлик айылынын айыл башчысы Ө.Асановго тапшырылсын

 

8. Айыл аймагындагы билим берүү мекемелеринин от жагуучу жана көмүр сакталуучу жерлерине видеокөзөмөлдөрдү 10 күндүн ичинде орнотуу мектеп директорлоруна жана бала бакча башчыларына тапшырылсын.

 

3. Бул токтомду аткаруу жана аткарылышын көзөмөлдөө жагын, Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жумалиевге тапшырылсын.

 

 

Төрага

 

Ж.Алыбаев