Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин X чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз IV сессиясы
2025-жылынын 24-январы №6
«Жалал-Абад шаардык жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн машыктыруучуларын жана спортсмендерди жергиликтүү бюджеттен сыйлоо” Жобосуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндо” мыйзамынын 27-беренесин негиз кылып, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 11.01.2025-жылдагы чыг.№01-18/144 сандуу каты, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин 17.01.2025-жылдагы кеӊейтилген отурумунда каралып, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезексиз IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин 06.03.2023-жылдагы кезектеги XXVI сессиясынын №9 токтомунун №1-тиркемеси менен бекитилген Жалал-Абад шаардык жаштар иштери, денетарбия жана спорт бөлүмүнүн машыктыруучуларын жана спортсмендерди жергиликтүү бюджеттен сыйлоо” Жобосунун 34-пунктуна төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин.
•Спортчулар жана алардын машыктыруучулары жыл жыйынтыгы менен сыйланат (Эскертүү: Олимпиада (жаштар олимпиадасы), Азия оюндары (имарат ичинде), дүйнөлүк, Азия чемпионаты, Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, спорттук олимпиядалык эмес жана улуттук мелдештеринде бир канча байгелүү орунга ээ болгон спортчулардын ар бир жеӊиши боюнча каралат)”
2.Жалал-Абад шаарынын соцалдык маселелер боюнча орун басары (Г.Таштанбекова) жана “Жалал-Абад шаардык жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысына (Т.Нуралиев) өз ишмердүүлүгүндө ушул Жобонун ченемдеринин негизинде иш жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.
3.Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин социалдык-укуктук маселелер, мыйзамдуулук, депутаттык этика, ишмердүүлүк, партиялар, коомдук уюмдар жана жаштар иштери, туризм, спорт боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5.Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага О.Т.Турдубеков