Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 23-декабрындагы № 11/4
Айыл аймагындагы мекемелердин өнүгүү стратегиялык пландарын бекиттирүү жөнүндө
ХI чакырылыштагы Ак-Моюн айылдык кеңешинин сессиясы жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап токтом кылат:
1. Айыл аймагындагы мекемелердин 2023-2026-жылдарга өнүгүү стратегиялык планы бекитилсин жана аткарылган иштер боюнча маалымат квартал сайын айыл өкмөтүнүн экономист-статистика боюнча жетектөөчү адисине берилип турсун.
2. “Тамчы-Булак” балдар бакчасына мурдагы сессияда берилген тапшырмалар боюнча өздүк салымга канча акчасы бар, эски материалдар эмне болгону, жер иштеткени жана бала бакчанын жылуулугу боюнча толук маалымат кагаз жүзүндө 1 айдын ичинде айылдык кенешке берүү тапшырылсын.
3. 2023-жылдын 1-кварталына бүтпөй калган көчө чырактарды толук бүткөрүү боюнча айыл башчы Ө.Асановго тапшырма берилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага |
| Ж.Алыбаев |