Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 23-сентябрындагы № 10/3
Ак-Моюн жана Бирлик айылындагы бала бакчалардагы тамак-аш үчүн ата-энелерден алынуучу атайын каражатка кошумча план суроо жөнүндө
ХI чакырылыштагы Ак-Моюн айылдык кеңешинин сессиясы жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап токтом кылат:
1. Ак-Моюн айыл аймагындагы “Тамчы-Булак” жана “Бирлик-Таазими” балдар бакчаларындагы тамак-аш үчүн ата-энелерден алынуучу атайын каражатка план жетишсиз болгондуктан Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинен 400 000 (төрт жүз миң) сом кошумча план берүү жагы суралсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Г.Акматбековага тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Ак-Мо!ёюн айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жумалиевге тапшырылсын.
Төрага |
| Ж.Алыбаев |