Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 23-сентябрындагы № 10/2
2022-жылдын 9 айдын жыйынтыгы менен бюджетте каралган, бирок пайдаланыла элек акча каражаттарын мукаждыка байланыштуу пайдалануу багытын өзгөртүп, кайра бөлүү жөнүндө
ХI чакырылыштагы Ак-Моюн айылдык кеңешинин сессиясы жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап токтом кылат:
1. 2022-жылдын 9 айдын жыйынтыгы менен бюджетте каралган, бирок пайдаланыла элек 1110 400 (Бир миллион бир жүз он миң төрт жүз) сом акча каражаттарын төмөндөгүдөй багыттарда пайдаланууга бөлүштүрүлсүн.
1) “Тамчы-Булак” балдар бакчасына тамак-аш үчүн - 110 000 сом.
2) “Бирлик-Таазими” балдар бакчасына тамак-аш үчүн - 125 000.
3) Айыл өкмөтүнө башка чыгымдарга - 25 000 сом.
4) Интернет байланыш үчүн - 59 000 сом.
5) Айыл өкмөт кызматкерлеринен эки кызматкерди мамлекеттик сатып алуулардан окутууга - 11 000 сом
6) Айыл өкмөтүнө, үч социалдык объектиге смета чийдирүүгө - 100 000 сом.
7) А.Койчуманов орто мектебине генератор алууга кошумча – 30 000 сом.
8) Айыл чарба маселесине чарбалык жумуштарга ГСМ алууга - 10 400 сом.
9) Концелярдык товар алууга – 40 000 сом.
10) Айыл аймагын жакшыртууга өздүк салым үчүн – 600 000 сом.
Баары: 1 110 400 (Бир миллион бир жүз он миң төрт жүз) сом.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Г.Акматбековага тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жумалиевге тапшырылсын.
Төрага |
| Ж.Алыбаев |