Редакцияот 13.09.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-МОЮН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык кеңешинин 9-сессиясынын 6-кезексиз сессиясы

 

2022-жылдын 13-сентябрындагы № 9/1

 

Курултай өткөрүү жөнүндө

ХI чакырылыштагы Ак-Моюн айылдык кеңешинин сессиясы жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап Элдик Курултай жөнүндө убактылуу жобого ылайык токтом кылат:

 

1. 2022-жылдын 5-ноябрында ишемби күнү Ак-Моюн айыл аймагынын жергиликтүү курултайы чакырылсын.

 

2. Ак-Моюн айыл аймагынын жергиликтүү курултайынын делегаттарынын саны 40 адам деп бекитилсин, анын ичинде

- Ак-Моюн айылы – 25

- Бирлик айылы – 15

3. Ак-Моюн айыл аймагынын жергиликтүү курултайынын делегаттарды шайлоо боюнча айыл тургундарынын чогулуштарын өткөрүү графиги жана чогулуштарды өткөрүүгө жооптуу айылдык кеңештердин депутаттары төмөндөгүдөй бекитилсин.

- Ак-Моюн айылы 19.10.2022-жыл саат 10:00, жооптуу Түмөнбаев Болот – депутат.

- Бирлик айылы 19.10.2022-жыл саат 14:00, жооптуу Ыбышов Улан– депутат.

4. Жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча төмөндөгүдөй курамда уюштуруу тобунун курамы бекитилсин.

 

1) Алыбаев Жылдызбек -Ак-Моюн айылдык кеңештин төрагасы, уюштуруу

тобунун төрагасы;

2) Аскербеков Нурсултан -Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы, уюштуруу тобунун катчысы;

3) Асанов Өмүралы -Бирлик айылынын айыл башчысы, уюштуруу тобунун мүчөсү;

4) Сагынбек уулу Улукбек -Айыл өкмөтүнүн социалдык маданий-өнүктүрүү адиси, уюштуруу тобунун мүчөсү;

5) Табылдиева Разия -Айылдык кенештин депутаты, уюштуруу тобунун

мүчөсү;

6) Абдыраимова Гүлшат -Айылдык кенештин депутаты, уюштуруу тобунун

мүчөсү;

7) Кулукеева Гүлкайыр -Айылдык кенештин депутаты, уюштуруу тобунун

мүчөсү;

8) Мокеш Арстанбек -Ак-Моюн жаштар уюмунун төрагасы, уюштуруу

тобунун мүчөсү;

9) Жолдошбеков Адилет -Бирлик жаштар уюмунун төрагасы, уюштуруу

тобунун мүчөсү;

 

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

 

 

Төрага

 

Ж.Алыбаев