Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 17-августундагы № 7/3
Жайыт маселелери жана айдап себүүнүн баасын бекитүү жөнүндө
ХI чакырылыштагы Ак-Моюн айылдык кеңешинин сессиясы жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап токтом кылат:
1. Айдап, себүүдө комбайындын баасын 1 га жерге 1800 сом, 25 литр май болуп бекитилсин.
2. Ак-Моюн жайыт комитетинин бюджетинен 3000 (үч миң) сом Босого жайлоосуна малга тосмо уюштурууга каралып берилсин.
3. Бул токтомду аткаруу жана аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы Г.Көбөновага жана Ак-Моюн жайыт комитетинин төрагасы У.Ыбышовго тапшырылсын.
Төрага |
| Ж.Алыбаев |