Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 27-июнундагы № 6/2
Жайыт жерлерин ижарага берүү тартиптерин бекитүү жөнүндө
ХI чакырылыштагы Ак-Моюн айылдык кеңешинин сессиясы жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап токтом кылат:
1. Ак-Моюн айыл аймагында боз үй тигип, турист тосуп ишкердик кылып жаткан ишкерлер жайыт акы үчүн ар бир бозүйгө 3000 сомдон, чатыр тиккендерге ар бир чатырга 2000 сомдон, чайкана, гостиница кургандарга 10 000 сомдон жана вагонго 4000 сомдон болуп бекитилсин.
2. Жайыт акы үчүн төгүлүүчү акча каражаттар айыл өкмөтү аркылуу жайыт комитетине төгүлсүн.
3. Бул токтомду аткаруу жана аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы Г.Көбөновага тапшырылсын.
Төрага |
| Ж.Алыбаев |