КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАРАТЫЛЫШ РЕСУРСТАРЫ, ЭКОЛОГИЯ ЖАНА ТЕХНИКАЛЫК КӨЗӨМӨЛ МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2025-жылдын 24–январы № 01-01/20
Көтөрүүчү курулмалар колдонулган кооптуу өндүрүштүк
объекттердин коопсуздук эрежелерин бекитүү тууралуу
Көтөрүүчү курулмаларды эксплуатациялоо чөйрөсүндө адамдардын өмүрүн жана ден соолугун, жеке жана юридикалык жактардын мүлкүн, мамлекеттик же муниципалдык мүлктү коргоо боюнча коопсуздукту камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна ылайык, буйрук кылам:
1. Көтөрүүчү курулмалар колдонулган кооптуу өндүрүштүк объекттердин коопсуздук эрежелери ушул буйрукка карата тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Өнөр жай коопсуздугун жөнгө салуу башкармалыгы:
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 токтомуна ылайык ушул буйрукту расмий жарыялоо боюнча чараларды көрсүн;
– буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн, эки нускада, мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук түрдө, Кыргыз Республикасынын Нормативдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
– буйрук күчүнө киргенден кийин үч жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жөнөтсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басарына – Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Кыргыз геология кызматынын директоруна жүктөлсүн.
4. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күндөн кийин күчүнө кирет.
2025-жылдын 24-январында https://mnr.gov.kg/ru/npas расмий сайтында жарыяланды
Министр | М.А. Машиев |