Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин X чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз IV сессиясы
2025-жылынын 24-январы №7
«Жалал-Абад шаарындагы “Жеңиш” эс алуу багына бокс академиясын курууга макулдук берүү жөнүндө»
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 20.01.2025-жылдагы чыг.№01-18/285 сандуу катты жана ага тиркелген иш-кагаздарын Жалал-Абад шаардык кеӊешинин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын 22.01.2025-жылдагы жыйынында каралып, жер пайдалануу эрежелеринин негизинде, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезексиз IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жалал-Абад шаарынын “Жеңиш” эс алуу багынын жер аянтынан 9 801,0 чарчы метр жер тилкеси ажыратылып, белгиленген жер тилкеге бокс академиясын курууга макулдук берилсин.
2.Жалал-Абад шаарынын “Жеңиш” эс алуу багындагы 9 801,0 чарчы метр жер тилкесин «Р-1» укуктук зоналык категориясынан «С-1» укуктук зоналык категориясына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
3.Жалал-Абад шаарынын мэриясына, Жалал-Абад шаардык архитектура жана шаар куруу башкармалыгына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Жалал-Абад филиалына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде 2006-жылы кабыл алынган “Жалал-Абад шаарында курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежелерине” өзгөртүү киргизип, мыйзам чегинде иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
4.Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.
5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба, байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
6.Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага О.Т.Турдубеков