Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2024-жылдын 30-апрели ПЖ № 111
Кыргыз Республикасынын Президентинин 1995-жылдын 16-февралындагы № 37 "Социалдык инфраструктура объекттерин мындан ары пайдалануунун шарттарын камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу
Авариялык жана бузулууга тийиш деп белгиленген тартипте таанылган социалдык инфраструктура объекттерин андан ары колдонуу менен байланышкан маселелерди жөнгө салуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 1995-жылдын 16-февралындагы № 37 "Социалдык инфраструктура объекттерин мындан ары пайдалануунун шарттарын камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пункт "үлүштөрүнүн өлчөмдөрүнө карабастан," деген сөздөрдөн кийин "мамлекеттик, муниципалдык менчикте турган жана авариялык жана бузулууга тийиш деп белгиленген тартипте таанылган объекттерди кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын.
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |