Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин X чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз IV сессиясы
2025-жылынын 24-январы №8
«Жалал-Абад шаарындагы жеке менчик жер тилкесин муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө»
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 23.01.2025-жылдагы чыг.№01-18/360 сандуу каты жана ага тиркелген иш-кагаздары, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын 24.01.2025-жылдагы отурумунда каралып, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезексиз IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жалал-Абад шаарынын Курманбек көчөсүндө жайгашкан ”Уста” жабык акционердик коомуна таандык 4050 чарчы метрди түзгөн жеке менчик жер тилкесин жана жер тилкеде жайгашкан турак жай эмес жалпы аянты 806,78 чарчы метр имаратты Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин.
2.Жалал-Абад шаарынын мэрине (Э.Ормоков), Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгына (Ж.Бөрүкулов) мүлктөрдү өткөрүп алууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо менен иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3.Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысы (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5.Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага О.Т.Турдубеков