Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 28-январы № 41-т
1. Кыргыз Республикасы менен Кипр Республикасынын ортосундагы Киреше салыктарына карата кош салык салууну четтетүү жана салыктарды төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрине жогоруда аталган Макулдашуунун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
|
| Долбоор |
Кыргыз Республикасы менен Кипр Республикасынын ортосундагы Киреше салыктарына карата кош салык салууну четтетүү жана салыктарды төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашуу
Кыргыз Республикасы жана Кипр Республикасы (мындан ары - Макулдашуучу Мамлекеттер),
экономикалык мамилелерди андан ары өнүктүрүүнү жана салык маселелеринде кызматташтыкты кеңейтүүнү каалап,
салык төлөөдөн качуу аркылуу салык салуудан бошотуу же салык салууну азайтуу үчүн мүмкүндүк түзбөстөн (анын ичинде үчүнчү мамлекеттердин резиденттеринин кыйыр пайдасы үчүн Макулдашууда каралган жеңилдиктерди алууга багытталган келишимдерди түзүү жолу менен), Киреше салыктарына карата кош салык салууну четтетүү жана салыктарды төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууну (мындан ары - Макулдашуу) түзүүнү ниет кылып,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене. Макулдашуу колдонула турган жактар
Макулдашуу Макулдашуучу Мамлекеттердин биринин же экөөнүн тең резиденти болуп саналган жактарга карата колдонулат.
2-берене. Макулдашуу жайылтылган салыктар
1. Макулдашуу Макулдашуучу Мамлекеттин же анын саясий бөлүмдөрүнүн же жергиликтүү бийлик органдарынын атынан, аларды алуу ыкмасына карабастан, алынуучу киреше салыктарына карата колдонулат.
2. Киреше салыгы жалпы кирешеден же анын элементтеринен алынуучу бардык салыктар, анын ичинде кыймылдуу же кыймылсыз мүлктү ажыратуудан алынган пайдага салыктар, ишканалар төлөгөн эмгек акынын жалпы суммасына салыктар, ошондой эле капиталдын өсүшүнө карата салыктар болуп саналат.
3. Макулдашуу жайылтыла турган колдонуудагы салыктар болуп төмөнкүлөр саналат, атап айтканда:
(а) Кыргыз Республикасында:
(i) юридикалык жактардын пайдага салыгы; жана
(ii) жеке жактардан киреше салыгы;
(мындан ары - Кыргыз Республикасынын салыктары);
(b) Кипр Республикасында:
(i) киреше салыгы;
(ii) корпорациялардын пайдага салыгы;
(iii) республиканы коргоого атайын салым; жана
(iv) капиталдын өсүшүнө салык.
(мындан ары - Кипр салыктары).
4. Макулдашуу ошондой колдонуудагы салыктарга кошумча катары же алардын ордуна Макулдашууга кол коюлган күндөн кийин алынуучу окшош же маңызы боюнча ушул сыяктуу салыктарга карата колдонулат. Макулдашуучу мамлекеттердин компетенттүү органдары салык мыйзамдарына киргизилген ар кандай олуттуу өзгөртүүлөр жөнүндө бири-бирине кабарлайт.
3-берене. Жалпы аныктамалар
1. Ушул Макулдашуунун максаттары үчүн, эгерде контекстте башкасы келип чыкпаса:
a) "Кыргызстан" термини Кыргыз Республикасын билдирет. "Кыргызстан" термини географиялык мааниде колдонулганда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана эл аралык укукка ылайык Кыргыз Республикасы өзүнүн эгемендүү укуктарын жана юрисдикциясын жүзөгө ашырып жаткан аймакты билдирет;
b) "Кипр" термини Кипр Республикасын билдирет жана географиялык мааниде колдонулганда Кипрдин мыйзамдарына жана эл аралык укуктарына ылайык Кипр эгемендүү укуктарын же юрисдикциясын жүзөгө ашыра ала турган аймак катары белгиленген улуттук аймакты, анын аймактык сууларын, аймактык суулардан тышкары бардык аймактарды, анын ичинде чектеш зонаны, өзгөчө экономикалык зонаны жана континенталдык шельфти камтыйт;
c) "Макулдашуучу Мамлекет" жана "экинчи Макулдашуучу Мамлекет" терминдери контекстке жараша Кыргыз Республикасын же Кипрди билдирет;
d) "жак" термини жеке жакты, компанияны жана башка жактардын тобун камтыйт;
e) "компания" термини ар кандай юридикалык жакты же салык салуу максаттары үчүн юридикалык жак катары каралуучу ар кандай жакты билдирет;
f) "ишкана" термини бизнестин ар кандай түрүнө колдонулат;
g) "бир Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасы" жана "экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасы" терминдери тиешелүүлүгүнө жараша бир Макулдашуучу Мамлекеттин резидентинин ишканасын жана экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин резидентинин ишканасын билдирет;
h) "эл аралык ташуу" термини деңиз, аба, автомобилдик же темир жол транспорт каражаты экинчи Макулдашуучу Мамлекеттеги жерлердин ортосунда гана пайдаланылган учурлардан тышкары, башкаруу органы Макулдашуучу Мамлекетте жайгашкан башкаруучу ишкана тарабынан жүзөгө ашырылуучу деңиз, аба, автомобилдик же темир жол транспорт каражаты менен ар кандай ташууну билдирет;
i) "компетенттүү орган" термини төмөнкүлөрдү билдирет:
(i) Кыргыз Республикасында - Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигин, салык салуу чөйрөсүндөгү компетенттүү органды;
(ii) Кипр Республикасында - Кипр Республикасынын финансы министрин же Министрдин ыйгарым укуктуу өкүлүн;
j) "жаран" термини Макулдашуучу Мамлекетке карата төмөнкүлөрдү билдирет:
(i) ушул Макулдашуучу Мамлекеттин жарандыгы же букаралыгы бар болгон ар кандай жеке жакты; жана
(ii) статусу ушул Макулдашуучу Мамлекетте колдонулган мыйзамдар менен аныкталган ар кандай юридикалык жакты, өнөктөштүктү же ассоциацияны;
k) "бизнес" термини кесипкөй кызмат көрсөтүүнү жана көз карандысыз мүнөздөгү башка ишти камтыйт.
2. Макулдашуучу Мамлекет тарабынан каалаган убакта Макулдашууну колдонууда, анда аныкталбаган кандай болбосун термин өзү ээ болгон мааниге ээ болот, эгерде контекст башканы талап кылбаса же компетенттүү органдар Макулдашуунун 24-берененин жоболоруна ылайык Макулдашуу колдонулган салык салуу максаттарында ушул мамлекеттин мыйзамдарына ылайык башка мааниге макул болушпаса, ушул мамлекеттин колдонуудагы салыктык мыйзамдарына ылайык ар кандай маани ушул мамлекеттин башка мыйзамдарына ылайык ушул терминге берилген мааниден артыкчылыктуу күчкө ээ болот.
4-берене. Резидент
1. Ушул Макулдашуунун максаты үчүн "Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти" деген термин ушул мамлекеттин мыйзамдарына ылайык туруктуу жашаган жери, башкаруу органдарынын жайгашкан жери же ушундай мүнөздөгү ар кандай башка критерийлер боюнча ушул мамлекеттин мыйзамдарына ылайык салык салынууга тийиш болгон каалагандай жакты, ошондой эле ушул мамлекетти жана анын каалагандай саясий же административдик бөлүмүн же жергиликтүү бийлик органын камтыйт. Бирок, бул термин ушул Мамлекетте жайгашкан булактардан алынган кирешеге карата гана ушул мамлекетте салык салынууга тийиш болгон ар кандай жакты камтыбайт.
2. Эгерде 1-пункттун жоболоруна ылайык жеке жак Макулдашуучу Мамлекеттердин экөөнүн тең резиденти болуп саналса, анын статусу төмөнкүчө аныкталат:
a) аймагында туруктуу турак жайы жеткиликтүү болгон мамлекеттин гана резиденти болуп эсептелет; эгерде ал эки мамлекетте тең ага жеткиликтүү болгон туруктуу турак жайга ээ болсо, анда ал жеке жана экономикалык мамилелери кыйла жакын (жашоо кызыкчылыктарынын борбору) болгон мамлекеттин гана резиденти болуп эсептелет;
b) эгерде анын жашоо кызыкчылыктарынын борбору болгон мамлекетти аныктоо мүмкүн болбосо же ал мамлекеттердин биринде да ага жеткиликтүү туруктуу турак жайы болбосо, анда ал демейде жашаган мамлекеттин гана резиденти болуп эсептелет;
c) эгерде анын эки мамлекетте тең кадимки жашаган жери болсо же алардын биринде жашабаса, анда ал жараны болуп саналган мамлекеттин гана резиденти болуп эсептелет;
d) эгерде ал эки Мамлекеттин тең жараны болсо же алардын биринин дагы жараны болбосо, Макулдашуучу Мамлекеттердин компетенттүү органдары бул маселени өз ара макулдашуу боюнча чечет.
3. Эгерде 1-пункттун жоболоруна ылайык жеке жак болуп саналбаган жак Макулдашуучу Мамлекеттердин экөөнүн тең резиденти болуп саналса, анын иш жүзүндө башкаруу жери жайгашкан Мамлекеттин гана резиденти болуп эсептелет.
5-берене. Туруктуу өкүлчүлүк
1. Ушул Макулдашуунун максаттары үчүн "туруктуу өкүлчүлүк" термини иштин туруктуу ордун түшүндүрөт, ал аркылуу ишкананын иши толук же жарым-жартылай ишке ашырылат.
2. "Туруктуу өкүлчүлүк" термини төмөнкүлөрдү камтыйт, атап айтканда:
a) башкаруу органдарынын жайгашкан жери;
b) филиал;
c) кеңсе;
d) завод;
e) устакана/цех, жана
f) шахта, мунай же газ скважинасы, карьер же жаратылыш ресурстары казылуучу каалагандай башка жер;
3. "Туруктуу өкүлчүлүк" термини ошондой эле өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
a) курулуш аянтын, куруу, куроо же монтаждоо долбоорун же алар менен байланышкан көзөмөлдөө ишин, бирок эгер мындай курулуш, долбоор же иш он эки айдан ашык мезгилге уланса;
b) Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасы же ишканада ушундай максатта жалданган башка кызматчылар же персонал аркылуу кызматтарды, анын ичинде консультациялык кызматтарды көрсөтүүнү, бирок эгерде мындай түрдөгү иш (ошол эле же байланышкан долбоор үчүн) экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин аймагында каалагандай он эки айлык мезгилдин ичинде жалпысынан алты айдан ашкан мезгилге же мезгилдерге уланган учурда гана.
4. Ушул берененин мурдагы жоболоруна карабастан, "туруктуу өкүлчүлүк" термини төмөнкүлөрдү камтыбайт деп саналат:
a) ишканага таандык болгон товарларды жана буюмдарды сактоо, көрсөтүү же жеткирүү максаттарында гана объекттерди колдонууну;
b) сактоо, көрсөтүү же жеткирүү максатында гана ишканага таандык болгон товарлардын запасын кармоону;
c) бөлөк ишкана тарабынан кайра иштетүү максатында гана ишканага таандык болгон товарлардын запасын кармоону;
d) ишкана үчүн товарларды сатып алуу же маалыматтарды топтоо максатында гана ишти жүзөгө ашыруунун туруктуу ордун кармоону;
e) ишкана үчүн даярдоочу же көмөкчү мүнөздөгү ар кандай башка ишти жүзөгө ашыруу максатында гана иштерди жүзөгө ашыруунун туруктуу ордун кармоону;
f) иштерди жүзөгө ашыруунун туруктуу ордун "а", "е" пунктчаларында көрсөтүлгөн иш түрлөрүнүн ар кандай айкалыштары үчүн гана кармоону, мында ушундай бириктирүүнүн натыйжасында пайда болгон иштерди жүзөгө ашыруунун туруктуу ордундагы жалпы иштер даярдоочу же көмөкчү мүнөздө болгон шартта гана.
5. 1 жана 2-пункттардын жоболоруна карабастан, 6-пункт колдонулган көз карандысыз статусу бар агенттен тышкары жак ишкананын атынан иштесе жана Макулдашуучу Мамлекетте ишкананын атынан контракттарды түзүү боюнча ыйгарым укуктарга ээ болсо жана адатта аларды ишке ашырса, анда бул жак ишкана үчүн жүзөгө ашырган каалагандай ишке карата ушул мамлекетте туруктуу өкүлчүлүгү бар ишкана болуп эсептелет, эгер мындай жактын иши 4-пунктта көрсөтүлгөн иштер менен чектелбесе, ал иштин туруктуу орду аркылуу жүзөгө ашырылып, ушул пункттун жоболоруна ылайык ошол иштин туруктуу жерин туруктуу өкүлчүлүккө айландырбайт.
6. Ишкана Макулдашуучу Мамлекетте ишин брокер, ишенимдүү жак же көзкарандысыз статусу бар каалагандай башка агент аркылуу жүргүзсө эле, эгер мындай жактар иш жүргүзүүнүн кадимки тартибинде иш алып барган шартта, ошол мамлекетте туруктуу өкүлчүлүгү бар деп эсептелбейт.
7. Бир Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп саналган компания экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп саналган же ушул экинчи мамлекетте ишкердик ишти жүзөгө ашырган компанияны контролдошу же контролдонушу (ал туруктуу өкүлчүлүк аркылуу болобу же башка жол менен болобу) өзүнөн өзү башка компаниянын туруктуу өкүлчүлүгү деп эсептелбейт.
6-берене. Кыймылсыз мүлктөн киреше
1. Бир Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти экинчи Макулдашуучу Мамлекетте жайгашкан кыймылсыз мүлктөн (айыл чарбадан, малчылыктан (мал менен байланыштуу) же токой чарбасынан кирешелерди кошкондо) алган кирешеге ошол экинчи мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
2. "Кыймылсыз мүлк" термини тиешелүү мүлк жайгашкан Макулдашуучу Мамлекеттин мыйзамдары боюнча ээ болгон маанини билдирет. Бул термин каалагандай учурда кыймылсыз мүлккө карата көмөкчү мүлктү, мал чарбасын жана айыл жана токой чарбасында пайдаланылуучу үй жаныбарларын жана жабдууларды камтыйт, жер менчигине, кыймылсыз мүлктүн узуфруктуна жана пайдалуу кендерди, булактарды жана башка жаратылыш ресурстарын, кемелерди, кайыктарды (яхталарды), учактарды же автотранспорт каражаттарын иштетүү укугу же иштетүү үчүн ордун толтуруу катары өзгөрүлмө же туруктуу төлөмдөргө карата жалпы мыйзамдын жоболору колдонулуучу укуктар кыймылсыз мүлк катары каралбашы керек.
3. 1-пункттун жоболору кыймылсыз мүлктү түз пайдалануудан, ижарага берүүдөн же аны каалагандай башка түрдө пайдалануудан түшкөн кирешелерге карата колдонулат.
4. 1 жана 3-пункттун жоболору ошондой эле ишкананын кыймылсыз мүлкүнөн түшкөн кирешелерге да колдонулат.
7-берене. Ишкердик иштен түшкөн пайда
1. Бир Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасынын пайдасына ошол мамлекетте гана салык салынууга тийиш, буга ишкана экинчи Макулдашуучу Мамлекетте ишкердик ишти ал жерде жайгашкан туруктуу өкүлчүлүк аркылуу жүзөгө ашырган учурлар кирбейт. Эгерде ишкана ишин жогоруда көрсөтүлгөндөй жүргүзсө, ишкананын пайдасына экинчи мамлекетте салык салынышы мүмкүн, бирок мындай туруктуу өкүлчүлүккө таандык болгон бөлүгүндө гана салык салынат.
2. 3-пункттун жоболорун эске алуу менен, эгерде бир Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасы экинчи Макулдашуучу Мамлекетте жайгашкан туруктуу өкүлчүлүк аркылуу ишкердик ишин жүзөгө ашырса, ар бир Макулдашуучу Мамлекетте бул туруктуу өкүлчүлүккө ал ушундай же ушуга окшогон шарттарда ушундай же ушуга окшогон ишти жүргүзгөн жана ал туруктуу мекемеси болуп эсептелген ишканадан толук көз карандысыз аракеттенген өзүнчө ишкана болгондо алынышы күтүлгөн пайда эсептелет.
3. Туруктуу өкүлчүлүктүн пайдасын аныктоодо башкаруу жана жалпы администрациялык чыгымдарды кошкондо, туруктуу өкүлчүлүктүн максаттары үчүн келтирилген чыгымдарды, бул чыгымдар туруктуу өкүлчүлүк жайгашкан мамлекетте же башка жерде жасалганына карабастан, эсептен чыгарууга уруксат берилет.
4. Макулдашуучу Мамлекетте туруктуу өкүлчүлүккө тиешелүү пайда ишкананын жалпы пайдасын анын ар кайсы бөлүктөрүнүн ортосунда бөлүштүрүүнүн негизинде аныкталгандыктан, 2-пунктта ушул Макулдашуучу Мамлекетке жалпы кабыл алынышы мүмкүн болгон бөлүштүрүүдө салык салынууга тийиш болгон пайданы аныктоого эч нерсе тоскоолдук кылбайт, бирок кабыл алынган бөлүштүрүү методу натыйжа ушул беренеде камтылган принциптерге ылайык келгидей болушу керек.
5. Ушул туруктуу өкүлчүлүк тарабынан ишкана үчүн товарларды сатып алуунун себеби боюнча гана туруктуу өкүлчүлүккө эч кандай пайда тийиштүү болбойт.
6. Буга чейинки параграфтардын максаттары үчүн туруктуу өкүлчүлүккө тийиштүү болгон пайда, пайданы аныктоонун башка ыкмасын пайдалануу үчүн жүйөлүү жана жетиштүү себеп болбосо, жылдан жылга ошол эле ыкма менен аныкталат.
7. Эгерде пайда ушул Макулдашуунун башка беренелеринде өзүнчө каралган кирешенин беренелерин камтыса, анда ал беренелердин жоболоруна ушул берененин жоболору таасирин тийгизбейт.
8-берене. Эл аралык деңиз, аба, автомобилдик жана темир жол ташуулары
1. Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасынын эл аралык ташууларда деңиз, аба, автомобилдик же темир жол транспорт каражаттарын пайдалануудан түшкөн пайдасына ошол мамлекетте гана салык салынат.
2. Ушул берененин максаттары үчүн эл аралык ташууларда деңиз кемелерин пайдалануудан түшкөн пайда деңиз кемелерин экипажы менен (убакыт боюнча же рейс үчүн) же экипажы жок ижарага алуудан алынган кирешени камтыйт.
3. Ушул берененин максаттары үчүн эл аралык каттамда деңиз кемелерин пайдалануу менен түздөн-түз байланышкан каражаттарга пайыздар мындай деңиз кемелерин пайдалануудан түшкөн пайда катары каралат жана 11-берененин жоболору мындай пайыздарга карата колдонулбайт.
4. 1-пункттун жоболору пулга, биргелешкен бизнеске же эл аралык операциялык агенттикке катышуудан түшкөн пайдага да колдонулат.
9-берене. Ассоциацияланган ишканалар
1. Мында:
a) бир Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасы экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасын башкарууга, контролдоого же капиталына түз же кыйыр катышса; же
b) бир эле жактар бир Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасын жана экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасын башкарууга, контролдоого же капиталына түз же кыйыр катышса жана ар бир учурда эки ишкананын ортосунда алардын коммерциялык же финансылык мамилелеринде көз карандысыз ишканалардын ортосунда түзүлө турган шарттардан айырмаланган шарттар түзүлсө же киргизилсе, ушул шарттар болбогондо, ишканалардын бирине чегериле турган, бирок ушул шарттардан улам чегерилбей калган кандай гана болбосун пайда ушул ишкананын пайдасына киргизилиши жана тиешелүү салык салынышы мүмкүн.
2. Эгерде Макулдашуучу Мамлекет бул мамлекеттин ишканасынын пайдасына башка мамлекетте салык салууга дуушар болгон экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасынын пайдасын киргизген жана тийиштүү түрдө салык салган учурда, ушул мүнөздө киргизилген пайда биринчи эскертилген мамлекеттин ишканасына чегериле турган пайда деп саналат, эгерде эки ишкананын ортосунда түзүлгөн шарттар көз карандысыз ишканалардын ортосунда түзүлгөн шарттардай болсо, анда бул экинчи мамлекет бул пайдадан алынуучу салыктын суммасына карата тийиштүү түзөтүүлөрдү жүргүзүшү мүмкүн. Мындай түзөтүүлөрдү аныктаганда Макулдашуунун башка жоболоруна талаптагыдай көңүл бурулууга тийиш, ал эми Макулдашуучу Мамлекеттердин компетенттүү органдары зарыл болгон учурда бири-бири менен консультацияларды өткөрүшөт.
10-берене. Дивиденддер
1. Бир Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп эсептелген компания тарабынан экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин резидентине төлөнүүчү дивиденддерге ошол башка мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
2. Бирок мындай дивиденддерге дивиденддерди төлөп жаткан компания резиденти болуп эсептелген Макулдашуучу Мамлекетте ушул мамлекеттин мыйзамдарына ылайык салык салынышы мүмкүн, бирок дивиденддердин иш жүзүндөгү ээси экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп эсептелсе, анда ушундай жол менен алынган салыктын суммасы:
a) эгерде бенефициардык ээси дивиденддерди төлөгөн компаниянын капиталынын кеминде 25 пайызына түздөн-түз ээлик кылган компания (өнөктөштүктөн тышкары) болсо, дивиденддердин жалпы суммасынын 7 пайызынан;
b) калган бардык учурларда дивиденддердин жалпы суммасынын 10 пайызынан ашпайт. Бул пункт компаниянын дивиденддер төлөнө турган пайдага салык салынышына тиешелүү болбойт.
3. Ушул беренеде колдонууда "дивиденддер" термини акциялардан, дивиденд алууга укугу бар акциялардан, дивиденд алууга укуктардан, кен казып алуу өнөр жайынын акцияларынан, уюштуруучулардын үлүштөрүнөн же пайдага катышуучу, карыздык талаптар болуп эсептелбеген башка укуктардан алынуучу кирешени, ошондой эле бөлүштүрүүнү жүзөгө ашырган компания резиденти болуп эсептелген мамлекеттин мыйзамдары боюнча акциялардан алынуучу киреше сыяктуу эле салык режимине тийиштүү болгон башка корпоративдик укуктардан түшкөн кирешени билдирет.
4. Эгерде дивиденддердин иш жүзүндөгү ээси бир Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп туруп, дивиденддерди төлөгөн компания резиденти болуп эсептелген экинчи Макулдашуучу Мамлекетте ишкердик ишти анда жайгашкан туруктуу өкүлчүлүк аркылуу жүргүзсө жана ушул дивиденддер төлөнгөн холдинг иш жүзүндө ушундай туруктуу өкүлчүлүк менен байланышса, 1 жана 2-пункттардын жоболору колдонулбайт. Мындай учурда 7 же 14-берененин жоболору колдонулат.
5. Эгерде бир Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп эсептелген компания экинчи Макулдашуучу Мамлекеттен пайда же киреше алса, бул экинчи мамлекет ушул экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин резидентине же бул экинчи мамлекетте жайгашкан туруктуу өкүлчүлүк менен иш жүзүндө байланыштагы холдингге дивиденддер төлөнүп жатканына жараша мындай дивиденддер төлөнгөн учурларды кошпогондо, компания тарабынан төлөнүүчү дивиденддерге салык сала албайт, компаниянын бөлүштүрүлбөгөн пайдасына, ал тургай эгерде төлөнгөн дивиденддер же бөлүштүрүлбөгөн пайда ушундай экинчи мамлекетте келип чыгуучу толук же жарым-жартылай пайдадан же кирешеден турса да салык салынбайт.
11-берене. Пайыздар
1. Бир Макулдашуучу Мамлекетте келип чыгуучу жана экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин резидентине төлөнүүчү пайыздарга ошол экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
2. Бирок, мындай пайыздарга алар келип чыккан Макулдашуучу Мамлекетте да ошол мамлекеттин мыйзамдарына ылайык салык салынышы мүмкүн, бирок эгерде экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп эсептелген, пайыздардын иш жүзүндөгү ээси тарабынан пайыздардын дүң суммасынын 8 пайызынан ашпаган салык алынат.
3. Ушул берененин 2-пунктунун жоболоруна карабастан, эгерде пайыздар экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин өкмөтүнө же улуттук банкына төлөнүп берилсе, пайыздар алар келип чыккан Макулдашуучу Мамлекетте салыктан бошотулат.
4. Ушул беренеде колдонулуучу "пайыздар" термини күрөө менен камсыз кылынганына же камсыз кылынбаганына жана карызкордун пайдасына катышууга укук бергендигине, атап айтканда мамлекеттик баалуу кагаздардан түшкөн кирешелерди жана мындай баалуу кагаздар, облигациялар же карыздык милдеттенмелер менен байланышкан сыйакыларды кошо алганда облигациялардан же карыздык милдеттенмелерден түшкөн кирешелерге карабастан, карыздык талаптардан түшкөн кирешенин каалагандай түрүн билдирет. Төлөмдүн мөөнөтү өтүп кеткендиги үчүн туумдар ушул берененин максаттары үчүн пайыз катары каралбайт.
5. Эгерде пайыздардын иш жүзүндөгү ээси бир Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп туруп, пайыздар пайда болгон экинчи Макулдашуучу Мамлекетте ишкердик ишти анда жайгашкан туруктуу өкүлчүлүк аркылуу жүргүзсө жана пайыздар төлөнгөн карыздык талап иш жүзүндө ушундай туруктуу өкүлчүлүк менен байланышта болсо, 1 жана 2-пункттардын жоболору колдонулбайт. Мындай учурларда 7-берененин жоболору колдонулат.
6. Эгерде төлөөчү ошол мамлекеттин өзү, саясий же административдик бөлүм, жергиликтүү бийлик органы же ошол мамлекеттин резиденти болсо, пайыздар Макулдашуучу Мамлекетте келип чыгат деп саналат. Бирок, эгерде Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти же резиденти эмес болуп санала тургандыгына карабастан, пайыздарды төлөөчү жактын Макулдашуучу Мамлекетте туруктуу өкүлчүлүгү бар болсо, буга байланыштуу карыздар келип чыкканда, алар боюнча пайыздар төлөнсө жана бул пайыздар ушундай туруктуу өкүлчүлүк тарабынан төлөнсө, анда мындай пайыздар туруктуу өкүлчүлүк жайгашкан мамлекетте келип чыгат деп эсептелет.
7. Эгерде төлөөчү менен иш жүзүндөгү ээсинин ортосундагы же ал экөөнүн жана кандайдыр бир башка жактын ортосундагы өзгөчө мамилелерге байланыштуу, төлөнүп жаткан карыздык талапты эске алганда пайыздын суммасы мындай мамилелер жок болгондо, төлөөчү менен бенефициар ээсинин ортосундагы макулдашыла турган суммадан ашса, ушул берененин жоболору акыркы көрсөтүлгөн суммага карата гана колдонулат. Мындай учурда ушул Макулдашуунун башка жоболорун тиешелүү түрдө эске алуу менен ар бир Макулдашуучу Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык төлөмдүн ашып кеткен бөлүгүнө салык салынууга тийиш.
12-берене. Роялти
1. Бир Макулдашуучу Мамлекетте келип чыккан жана экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин резидентине төлөнүүчү роялтиге ошол экинчи мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
2. Бирок мындай роялтиге алар келип чыккан Макулдашуучу Мамлекетте жана ошол мамлекеттин мыйзамдарына ылайык да салык салынышы мүмкүн, бирок, эгерде роялтинин иш жүзүндөгү ээси экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп эсептелсе, анда ушундай жол менен алынуучу салык роялтинин дүң суммасынын 8 пайызынан ашпоого тийиш.
3. Бул беренеде колдонууда "роялти" термини адабий, көркөм же илимий чыгармага, анын ичинде программалык камсыздоого, кинематографиялык фильмдерге, ар кандай патентке, соода маркасына, дизайнга же моделге, планга, жашыруун формулага же процесске, же өнөр жайлык, коммерциялык же илимий жабдууларды пайдалануу же пайдалануу укугун, же өнөр жайлык, коммерциялык же илимий тажрыйбага байланыштуу маалымат үчүн кандай болбосун автордук укукту пайдаланууга же пайдалануу укугу үчүн алынган ар кандай төлөмдөрдү билдирет.
4. Эгерде роялтинин иш жүзүндөгү ээси бир Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп туруп, экинчи Макулдашуучу Мамлекетте ошол жерде жайгашкан туруктуу өкүлчүлүк аркылуу роялти пайда болгон ишкердик ишти жүзөгө ашырса жана роялти төлөнүп берилип жаткан укук же мүлк ушундай туруктуу өкүлчүлүк менен иш жүзүндө байланышкан болсо, 1 жана 2-пункттардын жоболору колдонулбайт. Мындай учурда 7-берененин жоболору колдонулат.
5. Эгерде төлөөчү ушул мамлекеттин өзү, саясий же административдик бөлүм, жергиликтүү бийлик органы же ушул Мамлекеттин резиденти болсо, роялти Макулдашуучу Мамлекетте келип чыккан деп эсептелет. Бирок, эгерде Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти же резиденти эмес болуп эсептеле тургандыгына карабастан, роялти төлөөчү жактын Макулдашуучу Мамлекетте туруктуу өкүлчүлүгү бар болсо, буга байланыштуу роялти төлөө боюнча милдеттенме пайда болгондо жана мындай роялти ушундай туруктуу өкүлчүлүк тарабынан төлөнсө, анда мындай роялти туруктуу өкүлчүлүк жайгашкан мамлекетте пайда болот деп эсептелет.
6. Эгерде төлөөчү менен бенефициар ээсинин ортосундагы же алардын экөө менен кайсы-бир башка жактын ортосундагы өзгөчө мамилелерге байланыштуу колдонууну, укукту же маалыматты эске алуу менен төлөнүп жаткан роялтинин суммасы мындай мамилелер жок учурда төлөөчү менен бенефициар ээсинин ортосунда макулдашылган суммадан ашса, бул берененин жоболору акыркы көрсөтүлгөн суммага гана колдонулат. Мындай учурда ушул Макулдашуунун башка жоболорун тиешелүү түрдө эске алуу менен ар бир Макулдашуучу Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык төлөмдүн ашып кеткен бөлүгүнө салык салынууга тийиш.
13-берене. Капиталдын өсүшү
1. 6-беренеде көрсөтүлгөн жана экинчи Макулдашуучу Мамлекетте жайгашкан кыймылсыз мүлккө ээликтен ажыратуудан бир Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти тарабынан алынуучу кирешелерге бул экинчи мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
2. Бир Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасы экинчи Макулдашуучу Мамлекетте ээ болгон туруктуу өкүлчүлүктүн коммерциялык менчигинин бөлүгүн түзгөн кыймылдуу мүлккө ээликтен ажыратуудан алынган кирешелерге, анын ичинде мындай туруктуу өкүлчүлүктү (өзүнчө же бүтүндөй ишкана менен бирге) ээликтен ажыратуудан алынган мындай кирешелерге бул экинчи мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
3. Эл аралык ташууларда пайдаланылган деңиз же аба кемелерин же мындай деңиз же аба кемелерин пайдаланууга байланышкан кыймылдуу мүлккө ээликтен ажыратуудан алынган кирешелерге ишкананын Макулдашуучу Мамлекетинде гана салык салынууга тийиш.
4. Бир Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти тарабынан экинчи Макулдашуучу Мамлекетте жайгашкан кыймылсыз мүлктөн тике же кыйыр түрдө алынган алардын наркынын 50 пайызынан ашкан акцияларга ээликтен ажыратуудан алынган пайдасы бул экинчи мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
5. (а) 4-пункт кыймылсыз мүлккө тиешелүү кирешелерге гана колдонулат;
(b) 4-пункт бекитилген фонддук биржада листингге ээ болгон акцияларга ээликтен ажыратуудан алынган кирешелерге колдонулбайт.
6. 1, 2, 3, 4 жана 5-пункттарда көрсөтүлгөндөрдөн тышкары каалаган мүлккө ээликтен ажыратуудан алынган кирешелерге ээликтен ажыратуучу жак резиденти болуп саналган Макулдашуучу Мамлекетте гана салык салынууга тийиш.
14-берене. Ишке орноштуруудан түшкөн киреше
1. Эгерде жалданып иштөө экинчи Макулдашуучу Мамлекетте жүзөгө ашырылбаса гана 15, 17 жана 18-беренелердин жоболорун эске алуу менен Макулдашуучу Мамлекеттин резидентинин жалданып иштөө боюнча алган эмгек акысына жана башка ушул сыяктуу сый акыларына бул мамлекетте гана салык салынууга тийиш. Эгерде жалданып иштөө ушундай жол менен жүзөгө ашырылса, анда андан алынган сый акыга бул экинчи мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
2. 1-пункттун жоболоруна карабастан бир Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти тарабынан экинчи Макулдашуучу Мамлекетте жүзөгө ашырылган жалданып иштөөгө байланыштуу алынган сый акыга биринчи көрсөтүлгөн мамлекетте гана салык салынууга тийиш, эгерде:
a) алуучу башка мамлекетте тиешелүү финансылык жылдан башталган же аяктаган каалаган он эки айлык мезгилдин ичинде жалпысынан 183 күндөн ашпаган мезгилдин же мезгилдердин ичинде болсо; жана
b) сый акы башка мамлекеттин резиденти болбогон иш берүүчү тарабынан же анын атынан төлөнсө; жана
c) сый акы иш берүүчүнүн башка мамлекетте ээ болгон туруктуу өкүлчүлүгү тарабынан төлөнбөсө.
2. Ушул берененин буга чейинки жоболоруна карабастан Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасы тарабынан эл аралык ташууларда пайдаланылуучу деңиз, аба бортунда, автомобиль же темир жол транспортунда жалданып иштөөгө байланыштуу алынган сый акыга бул мамлекетте гана салык салынууга тийиш.
15-берене. Директорлордун гонорарлары
Директорлордун гонорарларына жана экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп саналган компаниянын директорлор кеңешинин мүчөсү катары бир Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти тарабынан алынуучу башка ушул сыяктуу төлөмдөргө бул экинчи мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
16-берене. Артисттер жана спортчулар
1. 14-берененин жоболоруна карабастан Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти тарабынан искусство кызматкери катары, мисалы театрдын, кинонун, радионун же телекөрсөтүүнүн артисти, же музыкант, же спортчу катары бул резиденттин экинчи Макулдашуучу Мамлекетте ушундай жүзөгө ашырылуучу жеке ишинен алынган кирешесине бул экинчи мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
2. Эгерде искусство кызматкери же спортчу жүзөгө ашырган жеке ишинен түшкөн киреше искусство кызматкеринин же спортчунун өзүнө эмес, башка адамга эсептелсе, бул кирешеге 14-берененин жоболоруна карабастан артисттин же спортчунун иши жүзөгө ашырылган Макулдашуучу Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
3. 1 жана 2-пункттардын жоболоруна карабастан ушул беренеде көрсөтүлгөн кирешелер искусство кызматкеринин же спортчунун иши жүзөгө ашырылган Макулдашуучу Мамлекетте салыктан бошотулат, эгерде мындай иш бул мамлекетте маданий иштин же Макулдашуучу Мамлекеттер жактырган спорттук алмашуу программасынын алкагында жүзөгө ашырылса.
17-берене. Пенсиялар
18-берененин 2-пунктунун жоболорун эске алуу менен Макулдашуучу Мамлекеттин резидентине мурда жумушка орношкондугуна байланыштуу төлөнүүчү пенсияларга жана башка ушул сыяктуу сый акыларга бул мамлекетте гана салык салынууга тийиш.
18-берене. Мамлекеттик кызмат
1. а) Макулдашуучу Мамлекет же анын саясий же административдик бөлүмү, же жергиликтүү бийлик органы тарабынан бул мамлекетке, бөлүмгө же бийлик органына көрсөтүлгөн кызматтары үчүн жеке жакка төлөнүүчү пенсияны кошпогондо, эмгек акыга жана башка ушул сыяктуу сый акыларга бул мамлекетте гана салык салынууга тийиш;
b) бирок мындай эмгек акыга жана башка ушул сыяктуу сый акыларга, эгерде кызматтар бул мамлекетте көрсөтүлсө жана жеке жак бул мамлекеттин резиденти болуп саналса жана:
(i) бул мамлекеттин жараны болуп саналса; же
(ii) кызматтарды көрсөтүү максатында гана бул мамлекеттин резиденти болуп калбаса, экинчи Макулдашуучу Мамлекетте гана салык салынууга тийиш.
2. а) 1-пункттун жоболоруна карабастан Макулдашуучу Мамлекет же анын саясий же административдик бөлүмү, же жергиликтүү бийлик органы тарабынан, же алар түзгөн фонддордон жеке жакка бул мамлекетке же бөлүмгө, же бийлик органына көрсөткөн кызматтарына карата төлөнүүчү пенсияларга жана башка ушул сыяктуу сый акыларга бул мамлекетте гана салык салынат;
b) бирок мындай пенсияларга жана башка ушул сыяктуу сый акыларга, эгерде жеке жак бул мамлекеттин резиденти жана жараны болуп саналса, экинчи Макулдашуучу Мамлекетте гана салык салынууга тийиш.
3. 14, 15, 16 жана 17-беренелердин жоболору Макулдашуучу Мамлекет, саясий же административдик бөлүм же жергиликтүү бийлик органы тарабынан жүзөгө ашырылуучу ишкердик ишке байланыштуу көрсөтүлүүчү кызматтарга карата эмгек акыга, пенсияларга жана башка ушул сыяктуу сый акыларга колдонулат.
19-берене. Студенттер
Бир Макулдашуучу Мамлекетке келгенге чейин түздөн-түз экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп саналган же мурда болгон жана биринчи көрсөтүлгөн мамлекетте өзү билим алуу же кесиптик даярдоо максатында гана жүргөн студент же стажер өзүнүн жашоо, билим алуу же кесиптик даярдоо максаттарында алган төлөмдөргө, мындай төлөмдөр бул мамлекеттин чегинен тышкаркы булактардан келип чыккан шартта, аларга бул мамлекетте салык салынбайт.
20-берене. Оффшордук иш
1. Ушул берененин жоболору ушул Макулдашуунун 5, 7, 8, 9, 13 жана 14-беренелеринин жоболоруна карабастан колдонулат.
2. Экинчи Макулдашуучу Мамлекетте оффшордук иш жүргүзгөн Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасы 4 жана 5-пункттарды эске алуу менен бул экинчи мамлекетте ошол жерде жайгашкан туруктуу өкүлчүлүк аркылуу ишкердик ишти жүзөгө ашырган деп эсептелет.
3. Ушул беренеде колдонууда "оффшордук иш" термини бул мамлекетте жайгашкан деңиз түбүн жана жер казынасын, ошондой эле алардын жаратылыш ресурстарын чалгындоого же иштетүүгө байланыштуу Макулдашуучу Мамлекетте деңизде жүзөгө ашырылуучу ишти билдирет жана бул мамлекетте деңиз бетинин үстүнө же алдына түтүк өткөргүчтөрдү жана башка курулмаларды орнотууну жана пайдаланууну камтыйт.
4. 2-пункттун жоболору, эгерде оффшордук иш экинчи Макулдашуучу Мамлекетте тиешелүү финансылык жылдан башталган же аяктаган каалаган он эки айлык мезгилде жалпысынан 30 күндөн ашпаган мезгилдин же мезгилдердин ичинде жүзөгө ашырылса, колдонулбайт. Ушул пункттун максаттары үчүн:
(a) эгерде бир Макулдашуучу Мамлекеттин экинчи Макулдашуучу Мамлекетте оффшордук ишти жүзөгө ашырган ишканасы ал жерде маңызы боюнча ушул сыяктуу оффшордук ишти жүзөгө ашырган башка ишкана менен байланышта болсо, биринчи ишкана өзүнүн жеке иши менен бир мезгилде жүзөгө ашырылып жаткан ишти кошпогондо, акыркы ишкананын бардык ушундай ишин жүргүзгөн болуп эсептелет;
(b) эгерде алардын бири тике же кыйыр түрдө башкарууга, башка ишкананын капиталынын 25%ынан кем эмесин контролдоого катышса же бир эле ошол адам же адамдар тике же кыйыр түрдө башкарууга, эки ишкананын тең капиталынын 25%ынан кем эмесин контролдоого катышса, ишкана башка ишкана менен ассоциацияланган деп эсептелет.
5. 2-пункттун жоболору жүктөрдү же персоналды деңиз же аба транспорту менен оффшордук иш жүргүзүлүп жаткан жерге ташууга же мындай ишке байланыштуу якорлорду иштетүү үчүн сүйрөткүчтөрдү же кемелерди пайдаланууга колдонулбайт.
6. а) ушул пункттун "b" жана "с" пунктчаларын эске алуу менен бир Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти экинчи Макулдашуучу Мамлекеттеги оффшордук иш менен байланышкан жалданып иштөөгө байланыштуу алган эмгек акыга жана ушул сыяктуу сый акыларга бул экинчи мамлекетте милдеттери оффшордук түрдө жүзөгө ашырылган даражада бул экинчи мамлекетте салык салынышы мүмкүн;
b) бирок мындай сый акыга биринчи көрсөтүлгөн мамлекетте гана салык салынууга тийиш, эгерде:
(i) алуучу экинчи мамлекетте мындай ишке байланыштуу тиешелүү финансылык жылда башталган же аяктаган каалаган он эки айлык мезгилде жалпысынан 30 күндөн ашпаган мезгилдин же мезгилдердин ичинде катышса; жана
(ii) сый акы экинчи мамлекеттин резиденти болуп саналбаган иш берүүчү тарабынан же анын атынан төлөнсө; жана
(iii) сый акы иш берүүчүнүн экинчи мамлекетте ээ болгон туруктуу өкүлчүлүгү тарабынан төлөнбөсө;
с) Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасы пайдаланган, оффшордук иш жүзөгө ашырылуучу жерге жүктөрдү же персоналды ташуу менен алектенген деңиз же аба кемесинин бортунда жүзөгө ашырылуучу ишке карата же мындай ишке байланыштуу Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасы пайдаланган якорлорду иштетүү үчүн сүйрөткүчтүн же кеменин бортунда жүзөгө ашырылуучу каалаган жалданып иштөөгө карата эмгек акыга жана ушул сыяктуу сый акыларга бул мамлекетте гана салык салынууга тийиш.
7. Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасы тарабынан төмөнкүлөргө ээликтен ажыратуудан алынган кирешелерге:
a) чалгындоого же иштетүүгө укукка;
b) экинчи Макулдашуучу Мамлекетте жайгашкан жана 2-пункттун жоболору жайылтылган, бул экинчи мамлекетте жүзөгө ашырылуучу 3-пунктта аныкталгандай оффшордук ишке байланыштуу пайдаланылуучу кыймылдуу мүлккө; же
c) алардын наркы же наркынын көпчүлүк бөлүгү тике же кыйыр түрдө мындай укуктар же мындай мүлк же бирге алынган мындай укуктар жана мындай мүлк менен шартталган акцияларга же салыштырма үлүштөргө;
бул экинчи мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
Ушул пунктта чалгындоого же иштетүүгө укуктар экинчи Макулдашуучу Мамлекеттеги деңиз түбүн жана жер казынасын, ошондой эле алардын жаратылыш ресурстарын чалгындоонун же иштетүүнүн натыйжасында алынган активдерге укуктарды, анын ичинде мындай активдердеги пайыздарга укуктарды билдирет.
21-берене. Башка кирешелер
1. Макулдашуучу Мамлекеттин резидентинин ушул Макулдашуунун мурдагы беренелеринде каралбаган кирешелеринин түрлөрүнө, алар кайсы жерде гана пайда болбосун бул мамлекетте гана салык салынууга тийиш.
2. 1-пункттун жоболору, эгерде мындай кирешени алуучу бир Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуу менен экинчи Макулдашуучу Мамлекетте ошол жерде жайгашкан туруктуу өкүлчүлүк аркылуу ишкердик ишин жүргүзсө жана ага карата киреше төлөнүп жаткан укук же мүлк иш жүзүндө мындай туруктуу өкүлчүлүк менен байланышкан болсо, 6-берененин 2-пунктунда аныкталган кыймылсыз мүлктөн алынган кирешелерден тышкары, кирешелерге карата колдонулбайт. Мындай учурда 7-берененин жоболору колдонулат.
22-берене. Кош салык салууну четтетүү методдору
1. Кыргызстанда кош салык салуудан төмөнкүдөй качууга болот:
эгерде Кыргызстандын резиденти ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык Кипрде салык салынышы мүмкүн болгон кирешени алса, Кыргызстан:
i) бул резиденттин кирешесине салыктан чегерүү катары Кипрде төлөнгөн киреше салыгына барабар сумманы;
ii) ошол резиденттин киреше салыгынан чегерүү катары Кипрде төлөнгөн салыкка барабар сумманы эсептен чыгарууга уруксат берет.
Жогоруда көрсөтүлгөн жоболорго ылайык кармалган салыктын суммасы Кыргызстанда колдонулган ставкалар боюнча бул кирешеге эсептеле турган салыктын суммасынан ашпоого тийиш.
2. Кипрде кош салык салуудан төмөнкүдөй качууга болот:
Кипрдин салык мыйзамдарынын жоболоруна ылайык чет өлкөлүк салыктарды эсепке алууга карата Кыргызстандан алынган кирешенин ар кандай беренесине карата төлөнүүгө тийиш болгон кипр салыгын Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык жана ушул Макулдашууга ылайык төлөнгөн салыкты эсепке алууга жол берилет. Бирок ал кипр салыгынын кредит берилгенге чейин эсептелген бөлүгүнөн ашпашы керек, ал кирешенин же пайданын мындай беренелерине туура келет.
23-берене. Басмырлоого жол бербөө
1. Макулдашуучу Мамлекеттин жарандары экинчи Макулдашуучу Мамлекетте ушул экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин жарандары ошол эле жагдайларда, атап айтканда жашаган жерине карата тийиштүү болгон салык салуудан жана аны менен байланышкан талаптардан башка же андан да оор болуп саналган ар кандай салык салууга же аны менен байланышкан ар кандай талаптарга дуушар болбойт. Бул жобо, 1-берененин жоболоруна карабастан, Макулдашуучу Мамлекеттердин биринин же экөөнүн тең резиденттери болуп саналбаган жактарга да колдонулат.
2. Макулдашуучу Мамлекеттин резиденттери болуп саналган жарандыгы жок жактар Макулдашуучу Мамлекеттердин эч биринде бирдей эле жагдайларда, атап айтканда жашаган жерине карата ошол башка Макулдашуучу Мамлекеттин жарандары дуушар болуучу салык салууга жана ага байланыштуу талаптарга караганда башка же бир кыйла оор болгон кандайдыр бир салык салууга же алар менен байланышкан талаптарга дуушар болбойт.
3. Бир Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасы экинчи Макулдашуучу Мамлекетте бар болгон туруктуу өкүлчүлүккө салык салуу, ушул башка Мамлекетте ошол эле ишти жүзөгө ашырган ошол башка Мамлекеттин ишканаларына салынуучу салыктан алда канча жагымсыз болбоого тийиш. Ушул жобо бир Макулдашуучу Мамлекетти экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин резиденттерине ал өзүнүн резиденттерине жарандык абалына же үй-бүлөлүк милдеттерине байланыштуу берген салык салуу максаттары үчүн кандайдыр бир жеке жеңилдиктерди же арзандатууларды берүүгө милдеттендирүүчү жобо катары чечмеленбөөгө тийиш.
4. 9-берененин 1-пунктунун, 11-берененин 4-пунктунун же 12-берененин 4-пунктунун жоболору колдонулган учурлардан тышкары, бир Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасы тарабынан экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин резидентине төлөнүүчү пайыздар, роялти жана башка төлөмдөр мындай ишкананын салык салынуучу пайдасын аныктоо максатында алар биринчи эскертилген мамлекеттин резидентине төлөнгөндөй эле шарттарда эсептен чыгарылууга тийиш.
5. Капиталы толугу менен же жарым-жартылай менчигинде болгон же түздөн-түз же кыйыр түрдө экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин бир же бир нече резиденттери тарабынан контролдонгон Макулдашуучу Мамлекеттин ишканалары, биринчи эскертилген мамлекетте салык салууга же ар кандай талаптарга караганда башка же бир кыйла оор болгон же биринчи эскертилген мамлекетте башка ушундай ишканалар дуушар болгон же дуушар болушу мүмкүн болгон, ага байланышкан кандайдыр бир салык салууга же алар менен байланышкан талаптарга дуушар болбойт.
6. Ушул берененин жоболору 2-берененин жоболоруна карабастан, ар кандай түрдөгү жана сыпаттамадагы салыктарга карата колдонулат.
24-берене. Өз ара макулдашуу жол-жобосу
1. Эгерде жак Макулдашуучу Мамлекеттердин биринин же экөөнүн тең аракеттери ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык келбеген салык салууга алып келди же алып келет деп эсептесе, ал ушул мамлекеттердин ички мыйзамдарында каралган укук коргоо каражаттарына карабастан, өзүнүн ишин Макулдашуучу Мамлекеттин кайсы биринин компетенттүү органына кароого бере алат. Иш ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык келбеген салык салууга алып келген аракеттер жөнүндө биринчи кабарлоо берилген учурдан тартып үч жылдын ичинде берилүүгө тийиш.
2. Эгерде компетенттүү орган каршы пикирди негиздүү деп эсептесе жана ал өзү канааттандырарлык чечимге келе албаса, Макулдашууга ылайык келбеген салык салууну четтетүү максатында ишти экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин компетенттүү органы менен өз ара макулдашуу боюнча чечүүгө умтулат. Ар кандай жетишилген макулдашуу Макулдашуучу Мамлекеттердин ички мыйзамдарында каралган кандайдыр бир убактылуу чектөөлөргө карабастан жүзөгө ашырылат.
3. Макулдашуучу Мамлекеттердин компетенттүү органдары Макулдашууну чечмелөөгө же колдонууга карата келип чыккан ар кандай кыйынчылыктарды же күмөн саноолорду өз ара макулдашуу боюнча чечүүгө умтулушат. Алар ошондой эле Макулдашууда каралбаган учурларда кош салык салууну четтетүү маселелери боюнча консультацияларды жүргүзө алышат.
4. Макулдашуучу Мамлекеттердин компетенттүү органдары бири-бири менен түздөн-түз, анын ичинде мурдагы пункттар боюнча макулдашууга жетишүү максатында өздөрүнөн же алардын өкүлдөрүнөн турган биргелешкен комиссия аркылуу байланыша алышат.
25-берене. Маалымат алмашуу
1. Макулдашуучу Мамлекеттердин компетенттүү органдары, эгерде алар боюнча салык салуу Макулдашууга карама-каршы келбесе, ушул Макулдашуунун жоболорун аткаруу үчүн же Макулдашуучу Мамлекеттердин же алардын саясий бөлүмдөрүнүн же жергиликтүү бийлик органдарынын атынан алынуучу кандай болбосун түрдөгү жана сыпаттамадагы салыктарга тиешелүү ички мыйзамдарды колдонуу же аткарууну камсыз кылуу үчүн мааниге ээ болгон маалыматтарды алмашышат. Маалымат алмашуу 1 жана 2-беренелер менен чектелбейт.
2. 1-пунктка ылайык Макулдашуучу Мамлекет тарабынан алынган кандай гана болбосун маалымат ошол мамлекеттин ички мыйзамдарына ылайык алынган маалымат сыяктуу эле жашыруун катары каралат жана баалоо же чогултуу, мажбурлап аткартуу же соттук куугунтуктоо, 1-пунктта көрсөтүлгөн салыктар боюнча апелляциялар боюнча чечимдер же жогоруда баяндалгандарды көзөмөлдөө менен алектенген жактарга же органдарга (анын ичинде сотторго жана административдик органдарга) гана ачыкталат. Мындай жактар же органдар маалыматты ушундай максаттарда гана колдонушу керек. Алар маалыматты коомдук соттук териштирүүлөрдө же соттук чечимдерде ачып бере алышат.
3. Кандай гана учур болбосун 1 жана 2-пункттун жоболору Макулдашуучу Мамлекетти төмөнкүлөргө милдеттендирүү катары чечмеленбеши керек:
a) бул же тигил Макулдашуучу Мамлекеттин мыйзамдарына жана административдик практикасына каршы келген административдик чараларды көрүүгө;
b) тигил же бул Макулдашуучу Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык же кадимки башкаруусунун жүрүшүндө алынбай турган маалыматтарды берүүгө;
c) кандайдыр бир коммерциялык, өндүрүштүк же кесиптик сырды же соода процессин ача турган маалыматты же ачыкка чыгарылышы мамлекеттик саясатка каршы келген маалыматты берүүгө.
4. Эгерде маалымат Макулдашуучу Мамлекет тарабынан ушул беренеге ылайык суралса, экинчи Макулдашуучу Мамлекет, эгерде бул башка Мамлекет өзүнүн салыктык максаттары үчүн мындай маалыматка муктаж болбосо да, суралган маалыматты алуу үчүн маалыматтарды чогултуу боюнча өзүнүн чараларын пайдаланууга тийиш. Мурунку сүйлөмдө камтылган милдеттенме 3-пункттун чектөөлөрүнө кирет, бирок мындай чектөөлөр эч качан Макулдашуучу Мамлекетке мындай маалыматка ички кызыкчылыгы жок болгондуктан гана маалымат берүүдөн баш тартууга мүмкүндүк берет деп чечмеленбеши керек.
5. 3-пункттун жоболору эч убакта Макулдашуучу Мамлекетке маалымат банкта, башка финансылык мекемеде, номиналдык кармоочуда же агенттик катары же фидуциар катары аракеттенген жакта сакталгандыктан же болбосо менчик үлүшүнө тиешелүү болгондуктан гана маалымат берүүдөн баш тартууга уруксат берүү катары чечмеленбеши керек.
26-берене. Дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин кызматкерлери
Ушул Макулдашууда эч нерсе дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн же консулдук мекемелердин кызматкерлеринин каржылык артыкчылыктарына эл аралык укуктун жалпы ченемдерине же атайын макулдашуулардын жоболоруна ылайык таасирин тийгизбейт.
27-берене. Жеңилдиктерге укук
Ушул Макулдашуунун башка жоболоруна карабастан, эгерде бардык тиешелүү фактыларды жана жагдайларды эске алуу менен мындай жеңилдиктерди берүү мындай жеңилдиктерди алууга түздөн-түз же кыйыр алып келген кандай болбосун макулдашуунун же бүтүмдүн негизги максаттарынын бири болсо, эгерде мындай жеңилдиктерди берүү бул жагдайларда ушул Макулдашуунун тиешелүү жоболорунун объектине жана максаттарына ылайык келери белгиленбесе, ушул Макулдашуу боюнча жеңилдиктер кирешенин кандайдыр бир түрүнө карата берилбейт.
28-берене. Макулдашуунун күчүнө кириши
1. Макулдашуучу Мамлекеттердин ар бири ушул Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн анын мыйзамдары талап кылган жол-жоболордун аяктагандыгы жөнүндө экинчисине дипломатиялык каналдар боюнча жазуу жүзүндө кабарлашат.
2. Макулдашуу акыркы кабарлоо алынган күнү күчүнө кирет
жана:
(i) ушул Макулдашуу күчүнө кирген датадан кийинки биринчи январдан кийин төлөнгөн же чегерилген суммаларга карата булактан кармалуучу салыктарга карата; жана
(ii) башка салыктарга карага - Макулдашуу күчүнө кирген датадан кийинки январдын биринчи күнүнөн же андан кийин башталган салык жылдарына карата күчүнө кирет.
29-берене. Макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү
Макулдашуучу Мамлекеттер өз ара макулдашуу боюнча жоболору ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгүн түзгөн өзүнчө протокол менен Макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизе алышат.
30-берене. Макулдашуунун колдонулушун токтотуу
Ушул Макулдашуу кайсы болбосун Макулдашуучу Мамлекет тарабынан токтотулганга чейин күчүндө калат. Макулдашуучу Мамлекеттердин каалаганы ал күчүнө кирген датадан тартып беш жылдык мезгил өткөндөн кийин башталган кайсы болбосун календардык жылдын 30-июнунан кечиктирбестен бузуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү кабарлоо жөнөтүү менен Макулдашууну дипломатиялык каналдар боюнча буза алат. Мындай учурда Макулдашуу:
(i) мындай кабарлоо берилген календардык жыл аяктагандан кийин төлөнгөн же чегерилген суммаларга карата булактан кармалуучу салыктарга карата; жана
(ii) башка салыктарга карата - мындай кабарлоо берилген календардык жыл аяктагандан кийин башталган салык жылдарына карата күчүн жоготот.
Муну ырастоо үчүн Тараптардын ыйгарым укуктуу жактары бул Макулдашууга кол коюшту.
20___-жылдын ___-__________ _____________ шаарында эки нускада кыргыз, грек, орус жана англис тилдеринде кол коюлду, бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Кандайдыр бир пикир келишпестиктер келип чыккан учурда англис тилиндеги текстти жетекчиликке алуу керек.
Кыргыз Республикасынын атынан |
| Кипр Республикасынын атынан |
ПРОТОКОЛ
Кыргыз Республикасы менен Кипр Республикасынын ортосундагы Киреше салыктарына карата кош салык салууну четтетүү жана салыктарды төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууга кол коюуда эки Тарап тең ушул Протокол Макулдашуунун ажыратылгыс бөлүгү болуп саналат деп макулдашты:
1. "Маалымат алмашуу" 25-беренесине карата:
1.1. Суроо-талап жөнөтүүчү Макулдашуучу Мамлекет 25-беренеге ылайык маалыматты сураганда, төмөнкү суроо-талаптар үчүн маалыматтын болжолдуу маанисин көрсөтүү үчүн төмөнкү маалыматтарды берүүгө тийиш:
(a) тергөөгө тийиш болгон жактын инсандыгы;
(b) суроо-талап жөнөтүүчү Макулдашуучу Мамлекет экинчи Макулдашуучу Мамлекеттен алууну каалаган маалыматтын мүнөзүн жана формасын кошо алганда, суралуучу маалымат жөнүндө арыз;
(c) маалымат суралган салыктын максаты;
(d) суралган маалымат экинчи Макулдашуучу Мамлекетте сакталат же суралып жаткан Макулдашуучу Мамлекеттин юрисдикциясында турган жактын ээлигинде же контролунда болот деп болжолдоонун негиздери;
(e) суралган маалыматка ээ деп болжолдонгон каалагандай жактын аты-жөнү жана дареги;
(f) суроо-талап аны жөнөтүүчү Макулдашуучу Мамлекеттин мыйзамдарына жана административдик практикасына ылайык экендиги, эгерде суралган маалымат экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин юрисдикциясынын чегинде болсо, анда суроо-талап жөнөтүүчү Макулдашуучу Мамлекеттин компетенттүү органы маалыматты суроо-талап жөнөтүүчү Макулдашуучу Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык же адаттагы административдик практиканын жүрүшүндө алууга боло тургандыгы жана ал ушул Макулдашууга шайкештиги жөнүндө арыз;
(g) суроо-талап жөнөткөн Макулдашуучу Мамлекет ашыкча кыйынчылыктарды туудурушу мүмкүн болгондорду кошпогондо, маалымат алуу үчүн өз аймагында жеткиликтүү болгон бардык каражаттарды толук колдонгондугу жөнүндө арыз.
1.2. Эгерде суроо-талап жөнөткөн мамлекет суралган маалыматты берүү үчүн өз ара жоболорго ээ болбосо жана/же тиешелүү административдик практиканы колдонбосо, Макулдашуучу Мамлекет тарабынан суралган маалымат берилбейт.
Ушуну ырастоо үчүн Тараптардын ыйгарым укуктуу жактары ушул Протоколго кол койду.
20___-жылдын ___-__________ ________________ шаарында эки нускада кыргыз, грек, орус жана англис тилдеринде кол коюлду, бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Кандайдыр бир пикир келишпестиктер келип чыккан учурда англис тилиндеги текстти жетекчиликке алуу керек.
Кыргыз Республикасынын атынан |
| Кипр Республикасынын атынан |