Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин X чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз IV сессиясы
2025-жылынын 24-январы №9
«Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигиндеги эски имаратты бузууга макулдук берүү жөнүндө»
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 22.01.2025-жылдагы чыг.№01-18/340 сандуу катты Жалал-Абад шаардык кеӊешинин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясында карап чыгып, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезексиз IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин IX чакырылышынын 29.03.2024-жылдагы кезекcиз XXXIX сессиясынын №11 токтому жокко чыгарылсын.
2.Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин IX чакырылышынын 26.12.2023-жылдагы кезектеги XXXVI сессиясынын №5 токтому күчүндө калтырылсын.
3.Жалал-Абад шаарынын Т.Байзаков проспектиси №42 дарегинде жайгашкан 1680 чарчы метр жер аянтында жайгашкан эски абалдагы муниципалдык имаратты бузууга макулдук берилсин.
4.Жалал-Абад шаарынын мэрине (Э.Ормоков), Жалал-Абад шаарынын мэриясынын мүлк башкармалыгынын башчысына (С.Эргешов) имараттарды аукцион аркылуу сатуу жагы жүктөлсүн. Имараттарды бузууда коопсуздукту сактоо шарты менен иш жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.
5.Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.
6.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
7.Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага О.Т.Турдубеков