ЖарлыкКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 13-мартынын ПЖ № 71 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясын кызмат ордунан убактылуу четтетүү жөнүндө» Жарлыгы

Редакция13.03.2024 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

 

2024-жылдын 13-марты ПЖ № 71

 

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясын кызмат ордунан убактылуу четтетүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 96-беренесинин 4-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө ылайык жана Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши Кыргыз Республикасынын Башкы прокуроруна кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук бергендигине байланыштуу Чүй облусунун Москва райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Бакалбаев Тилек Калмаматович Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызмат ордунан убактылуу четтетилсин.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Жапаров