Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин X чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз IV сессиясы
2025-жылынын 24-январы №10
«Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчигиндеги мүлктөрдү өткөрүп берүү жөнүндө»
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 22.01.2025-жылдагы чыг.№01-18/312 сандуу каты жана ага тиркелген иш-кагаздары, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын 24.01.2025-жылдагы комиссиясында каралып, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезексиз IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жалал-Абад шаарынын аймагындагы ички чарбалык суу каналдарын жана ирригация суу системаларын Сузак райондук суу чарба башкармалыгынын балансына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2.Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчигиндеги мүлктөрдү Сузак райондук суу чарба башкармалыгынын балансына өткөрүп берүү №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3.Жалал-Абад шаарынын мэрине (Э.Ормоков), Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгына (Ж.Бөрүкулов) мүлктөрдү өткөрүп берүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо менен иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
4.Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысы (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.
5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
6.Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага О.Т.Турдубеков