Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Кенеш айылдык аймактык Кенешинин кезексиз алтынчы сессиясынын (5-шайланган) жыйналышынын
2023-жылдын 24-октябры № 6/2
Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2023-жылга карата кабыл алынган бюджетинин айыл өкмөтүнүн бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү максатында Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Кеңеш айылдык аймагындагы Турак жай жана комуналдык чарбасына каралган 3111 статьясынан 349937 сом акча каражаты , 2023-жылы түшкөн салыктын түрлөрүнүн ашыкча түшүүлөрүнөн 300000 сом, Кеңеш айыл өкмөтүнүн жоопту катчысы жана эконмист-статистинин эмгек акысын, 2023-жылдын бюджетинин 2111 статьясына 626500 сом жана Соц.фонд 2121 статьясына 108071 сом акча каражатын кошумча смета киргизүү үчүн. Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы бюджетине жалпысынан 1384508 сом акча каражатына төмөндөгүдөй өзгөртүү, толуктоолор киргизилсин.
- 701 Аппарат 2215 түрдүү чыгым жана проектилерди колдоо үчүн 110000 сом
- 701 Аппарат 2215 статьясына КР президентинин жарлыгына ылайык көрнөк, жарнактарды илүү боюнча, Кенеш айыл аймагындагы борбордук көчөсундө жайгашкан жарыктандыруунун столбаларына көрнөктөрдү жасатып илдирүү үчүн 110000 сом
- 701 Аппарат 2111 эмгек акысына 626500 сом
- 701 Аппарат 2121 Соц.фонд 108071 сом
- 706 Турак жай жана комуналдык чарбасына 2221 статьтясына Кенеш, Пор айылдарындагы ички жолдорго шагыл төгүү үчүн 149937 сом
- 709 Бала бакчасына интернет байланышын киргизүү үчүн 30000
- 709 Билим берүү тармагынын 2215 статьясына, Ж.Акматалиев мектебинин тышкы спорттук аянтчасын иретке келтирүү үчүн 50000 сом
- 709 Билим берүү тармагынын 2222 статьясына, Ж.Акматалиев,Т.Сыдыков мектептерине спорттук шаймандарын жана баратасына материал сатып берүү үчүн 200000 сом
Жалпы: 1384 508 ( Бир миллион үч жүз сексен торт мин беш жүз сегиз )сом
2. Кеңеш айыл өкмөтүнүн бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизип берүү жагы райондук финансы бөлүмүнөн суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурдинге жана депутаттардын Кеңеш айылдык аймактык Кеңешинин социалдык маданий, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштар иштери жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Д. Токторов |