Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Кенеш айылдык аймактык кеңешинин кезексиз алтынчы жыйналышынын (5-шайланган) отурумунун
2023-жылдын 24-октябры № 6/4
Кара-Кулжа районунун Кеңеш айылдык аймагындагы “Аткелтир” участкасындагы эгин талаасына “Тар” дарыясынан жер астынан сордуруучу 2 даана суу насосун (скважина) калыбына келтирүү үчүн жергиликтүү бюджеттен акча бөлүп берүү жөнүндө
Кара-Кулжа районун Кенеш айылдык аймагындагы “Аткелтир” участкасындагы эгин талаасына “Тар” дарыясынан жер астынан сордуруучу 2 даана суу насосун (скважина ) калыбына келтирүү үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлдүрүү боюнча Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурдиндин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кеңеш айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ;
1. Кара-Кулжа районунун Кеңеш айылдык аймагындагы “Аткелтир” участкасындагы эгин талаасына “Тар” дарыясынан жер астынан сордуруучу 2 даана суу насосун (скважина) калыбына келтирүүүчүн өздүк салым катары айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы жергиликтүү бюджетинен 660 219 (алты жүз алтымыш миң эки жүз он тогуз) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Кара-Кулжа районунун Кеңеш айылдык аймагынын “Аткелтир” участкасындагы эгин талаасына “Тар” дарыясынан жер астынан соордуруучу 2 дааннасуу насосун (скважина) калыбына келтир учун өздук салым катары айыл аймагындагы тургундары тарабынан 200 000 ( эки жүз) миң сом акча каражаты чогултулуп берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурдинге милдеттендирилсин.
Төрага | Д. Токторов |