Редакцияот 05.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТҮГӨЛ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН

ТОКТОМУ

ТҮГӨЛ-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ТҮГӨЛ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН VIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ 26-CЕССИЯСЫ

 

2023-жылдын 05-октябрындагы № 51

 

Түгөл-Сай айыл аймагы боюнча биринчи Элдик Курултайга айыл аймагынан делегаттарды шайлоону уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы №284 «Элдик курултайды чакыруу жөнүндө» Жарлыгы менен аныкталган 2023жылдын 15-декабрында өтүүчү экинчи Элдик Курултайга айыл аймагынан делегаттарды шайлоону уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө маселени карап, айылдык Кеӊештин депутаттарынын билдирүүлѳрүн угуп жана талкуулап, Түгөл-Сай айылдык Кенешинин 26-кезексиз сессиясы, токтом кылат:

 

1. Түгөл-Сай айыл аймагы боюнча жергиликтүү курултайдын делегаттарынын жалпы саны 40 адамдан түзүлсүн;

 

2. Жергиликтүү курултайга делегаттарды шайлоо боюнча Түгөл-Сай айыл аймагы 1-тиркемеге ылайык тиешелүү аймактарга бөлүнсүн;

 

3. Элдик курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин Календардык планында аныкталган мөөнөткө ылайык жарандардын жыйындарын жана чогулуштарын өткөрүүнүн графиги жана алардан шайлануучу делегаттардын өкүлчүлүктүү ченемдери 2-тиркемеге ылайык бекитилсин;

 

4. Жергиликтүү курултайлардын делегаттарын шайлоо боюнча ар бир жыйындарды жана чогулуштарды өткөрүүгө жооптуу жергиликтүү Кеӊештин депуттаттарынын тизмеси 3-тиркемеге ылайык бекитилсин;

 

5. Жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча 11 адамдан турган жумушчу тобунун курамы 4-тиркемеге ылайык бекитилсин;

 

6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

 

 

Тѳрага:

Ишенбек уулу Жолдошбек

 

 

 

Түгөл-Сай айыл аймагынын

айылдык Кеӊешинин 05.10.2023-жылдагы №51 токтомуна №1 тиркеме

 

Түгөл-Сай айыл аймагынын калктуу конуштарын бөлүктөргө бөлүү ченемдери

 

1. Эпкин участкасы (Осмонкожо,Шакир,Боргемик,Карагул көчөлөрү кирет);

 

2. Ой участогу(Эпкин) (Ой,КөлбайУзун-Булак участкалары кирет);

 

3. Түгөл-Сай участкасы (Ө.Балкыяев,А.Кадырова,Манас,Н.Сапаралиев көчөлөрү кирет);

 

4. Түгөл-Сай Ак-Кыштак участкасы (Т.Бакиров,Т.Бараков,Э.ажыкеев,З.термечиков көчөлөрү кирет);

 

5. Мектеп участкасы (А.Садырбаев,Желе добо участкасы К.Абакирова,Т.Жээналиев көчөлөрү кирет);

 

6. Кара-Там участкасы (Г.Дөөлөталиева,С.Көкбалаев,Ж.Жаңыбаев,Э.Абдраимова көчөсүнүн жогорку бөлүгү жана Р.Солтонбеков көчөсүнүн жогорку бөлүгү кирет);

 

7. Таш-Дөбө айылынын Алкым участкасы (Жумакулов, Молдобеков ,Бийсеев Акмат Бөрүбаев көчөлөрү кирет).,

 

8. Куу секи участкасы(Таш-Дөбө- А.Тезекбаев,К.Бекмуратов,А.Сулайманов,Ж.Түксариев,Шамбеталы көчөлөрү кирет)

 

 

Жооптуу катчы:

Абыласан кызы Айзат

 

 

 

Түгөл-Сай айыл аймагынын

айылдык Кеӊешинин 05.10.2023-жылдагы №51 токтомуна №2 тиркеме

 

Жарандардын жыйындарын жана чогулуштарын өткөрүүнүн графиги жана алардан шайлануучу делегаттардын өкүлчүлүктүү ченемдери

 

№

Жыйындарды өткөрүү орду жана датасы

Ѳткөрүү

убактысы

Делегаттардын өкүлчүлүктүү ченемдери

жооптуулар

1

Н.Сапаралиев көчөсүндөгү Өмүргазы Балкыяевдин үйүнүн жанындагы аянтта Т.Бараков ,Т.Бакиров көчөсү М.Бараковдун үйүнүн жанындагы аянтта

16.10.2023-ж

Саат 10-00 дө

6 делегат

4 эркек

2 аял

Жергиликтүү кеӊештин депутаттары, жумушту топ

2

А.Садырбаев көчөсү Алиев Батыркулдун үйүнүн жанындагы аянтта

17.10.2023-ж

Саат 15-00 дө

6 делегат

4 эркек

2 аял

Жергиликтүү кеӊештин депутаттары, жумушту топ

3

Кара Там участкасы Ж.Жаныбаев көчөсү С.Танашовдун үйүнүн жанындагы аянтта

18.10.2023-ж

Саат 10-00 дө

Саат 15-00 дө

6 делегат

4 эркек

2 аял

Жергиликтүү кеӊештин депутаттары, жумушту топ

4

Таш-Дөбө айылы Таш-Дөбө орто мектебинин жанындагы аянтта

18.10.2023-ж

Саат 10-00дө

6 делегат

4 эркек

2 аял

Жергиликтүү кеӊештин депутаттары, жумушту топ

5

Таш-Дөбө айылында Качкынов Батталдын үйүнүн жанында

18.10.2023-ж

Саат 10-00дө

6 делегат

4 эркек

3 аял

Жергиликтүү кеӊештин депутаттары, жумушту топ

6

Дуулатов Баатыр көчөсү Курманов Рысбектин үйүнүн жанындагы аянтта

18.1.2023-ж

Саат 10-00дө

6 делегат

4 эркек

2 аял

Жергиликтүү кеӊештин депутаттары, жумушту топ

7

Эпкин айылы А.Сатыбалдиевдин

үйүнүн жанындагы аянтта

19.10.2023-ж

Саат 10-00дө

6 делегат

4 эркек

2 аял

Жергиликтүү кеӊештин депутаттары, жумушту топ

 

 

Жооптуу катчы:

Абыласан кызы Айзат

 

 

 

Түгөл-Сай айыл аймагынын

айылдык Кеӊешинин 05.10.2023-жылдагы №51 токтомуна №3 тиркеме

 

Жергиликтүү курултайлардын делегаттарын шайлоо боюнча ар бир жыйындарды жана чогулуштарды өткөрүүгө жооптуу жергиликтүү Кеӊештин депуттаттарынын тизмеси:

 

1.Э.Курманалиева-Эпкин участкасы боюнча жооптуу;

2.М.Батыркул уулу-А.Садырбаев участкасына жооптуу

3.К.Асанбеков-Ортонку айылга жооптуу

4.Бейшен уулу бектен-Ортонку айылга жооптуу

5.А.Абдрашитова- Куу секи участкасына

6.Таалайбек уулу Турсунбек-Куу Секи участкасына жооптуу

7.Г.Мойнокова-Алкым участогуна жооптуу

 

 

Жооптуу катчы:

Абыласан кызы Айзат

 

 

 

Түгөл-Сай айыл аймагынын

айылдык Кеӊешинин 05.10.2023-жылдагы №51 токтомуна №4 тиркеме

 

Жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобунун курамы:

 

1. Ишенбек уулу Жолдошбек – Түгөл-Сай айылдык кенешинин төрагасы, жумушчу топтун төрагасы;

 

2. Абыласан кызы Айзат – Түгөл-Сай айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы жумушчу топтун катчысы;

 

3. С.Тойгонбаева-социалдык кызматкер,аялдар кеңешинин төрайымы;

4. Жумгалбек уулу-Таш-Дөбө айылынын айыл башчысы;

5. Т.Жумабек уулу-Жаштар комитетинин мүчөсү;

6. К.Байбосунов-маданият үйүнүн башчысы;

7. Г.Көчкөнбаева-көркөм жетекчи;

 

 

Жооптуу катчы:

Абыласан кызы Айзат