Редакцияот 24.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Депутаттардын Кенеш айылдык аймактык кеңешинин кезексиз алтынчы жыйналышынын (5-шайланган) отурумунун

 

2023-жылдын 24-октябры № 6/5

 

Кеңеш айылдык аймагында ачылган «Кеңеш тазасуу жана тазалык» муниципалдык ишканасына эксковатор алуу үчүн «Кеңеш таза суу жана тазалык» муниципалдык ишканасынын бюджетинен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

 

Кара-Кулжа райондук өнүктүрүү фондусунун колдоосу менен Кеңеш айылдык аймагында ачылган “Кеңеш таза суу жана тазалык” муницпалдык ишканасына эксковатор алуу үчүн “Кеңеш таза суу жана тазалык” муницпалдык ишканасынын башчысы А.Маматкайымовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кеңеш айылдык кеңеши Т О К Т О М К Ы Л А Т ;

1. Кеңеш айылдык аймагында ачылган “Кеңеш таза суу жана тазалык” ишканасына эксковатор алууүчүн өздүк салым катары “Кеңеш таза суу жана тазалык” муницпалдык ишканасынын бюджетинен 200 000 ( эки жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы “Кеңеш таза суу жана тазалык” муницпалдык ишканасынын башчысы А.Маматкайымовго милдеттендирилсин.

 

 

   Төрага

Д. Токторов