Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН АДМИНИСТРАЦИЯСЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 19-декабры № 225
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 7-майындагы № 134 «Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндө» Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндө жобонун 27-пунктуна ылайык:
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2023-жылдын 31-мартындагы № 116 тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 15-пунктча менен толукталсын:
«15) Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын протокол кызматы жөнүндө жобо 15-тиркемеге ылайык.»;
- жогоруда аталган тескеменин 4, 5, 7-тиркемелери ушул тескеменин 1, 2, 3-тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын;
- ушул тескеменин 4-тиркемесине ылайык редакциядагы 15-тиркеме менен толукталсын.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси |
А.А. Касымалиев |
| 1-тиркеме |
| «4-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Президентинин
Администрациясынын Президенттин жана Министрлер
Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо
башкармалыгы жөнүндө
жобо
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгы (мындан ары - башкармалык) Кыргыз Республикасынын Президентинин (мындан ары - Президент), Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (мындан ары - Министрлер Кабинети), Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин (мындан ары - Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси), Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын (мындан ары - Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарлары) башкармалыктын милдеттерине жана функцияларына кирген маселелер боюнча ишин камсыз кылуучу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын (мындан ары - Президенттин Администрациясы) түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.
2. Башкармалык өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Президенттин актыларын, Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемелерин (Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тескемелерин), Президенттин Администрациясы жөнүндө жобону, Министрлер Кабинетинин регламентин, Президенттин Администрациясынын регламентин, Президенттин Администрациясында документтер менен иштөөнүн регламентин, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Башкармалыктын курамына төмөнкүлөр кирет:
1) контролдоо бөлүмү;
2) курамында санариптик өнүктүрүү боюнча бөлүм жана мониторинг жүргүзүү, талдоо жана коопсуздук бөлүмү бар кырдаалдык борбор;
3) жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча сектор.
Жогоруда аталган бөлүмдөр, борбор жана сектор башкармалыктын (башкармалыктын борборунун) курамындагы түзүмдүк бөлүмдөр болуп саналат.
4. Башкармалыктын кызматкерлери:
- мамлекеттик кызматчылар болуп саналат;
- чечимдерди кабыл алууда Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алууга, мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка сырды сактоого милдеттүү;
- Президенттин Администрациясы жөнүндө жободо жана ушул Жободо аныкталган компетенциянын чегинде мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын кызмат адамдары, юридикалык жактар жана жарандар менен болгон мамилелерде Президенттин Администрациясынын өкүлдөрү болуп саналат.
5. Башкармалыктын кызматкерлерин кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу Президенттин Администрациясы жөнүндө жободо белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
6. Башкармалыкты башкармалыктын курамына кирген бөлүмдөрдү жалпы жетектеген башкармалыктын начальниги башкарат.
Башкармалыктын начальнигинин контролдоо бөлүмүнүн башчысынын кызмат ордун айкалыштырган орун басары болот.
Башкармалыктын начальнигинин орун басары - контролдоо бөлүмүнүн башчысы башкармалыктын начальниги жок болгон мезгилде кызматтык документтерге кол коюу укугу менен анын милдетин аткарат.
Башкармалыктын начальнигинин орун басары - контролдоо бөлүмүнүн башчысынын орун басары болот, ал контролдоо бөлүмүнүн башчысы жок болгон мезгилде анын милдетин аткарат.
Кырдаалдык борбордун директорунун санариптик өнүктүрүү боюнча бөлүмдүн башчысынын кызмат ордун айкалыштырган орун басары болот.
Кырдаалдык борбордун директорунун орун басары - санариптик өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы кырдаалдык борбордун директору жок болгон мезгилде кызматтык документтерге кол коюу укугу менен анын милдетин аткарат.
Кырдаалдык борбордун директорунун орун басары - санариптик өнүктүрүү боюнча бөлүмдүн башчысынын орун басары болот, ал бөлүмдүн башчысы жок болгон мезгилде анын милдетин аткарат.
Мониторинг жүргүзүү, талдоо жана коопсуздук бөлүмүн бөлүмдүн башчысы башкарат. Бөлүмдүн башчысы жок болгон мезгилде анын милдетин башкармалыктын начальниги менен макулдашуу боюнча бөлүмдүн башчысы тарабынан аныкталган бөлүмдүн инспекторлорунун бири аткарат.
Жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча секторду сектор башчысы башкарат. Сектор башчысы жок болгон мезгилде анын милдетин башкармалыктын начальниги менен макулдашуу боюнча сектор башчысы аныктаган сектордун инспекторлорунун бири аткарат.
7. Башкармалыктын актыларды, тапшырмаларды, жарандардын жана юридикалык жактардын каттарын жана кайрылууларын контролго коюу жана контролдон алуу үчүн пайдаланылуучу мөөрлөрү бар.
2. Башкармалыктын милдеттери
8. Башкармалык белгиленген компетенциянын чегинде Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан бекитилген Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жалпы милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары жөнүндө жободо каралган жалпы милдеттерди, ошондой эле анын курамына кирген бөлүмдөргө, борборго жана секторго жүктөлгөн негизги милдеттерден түзүлгөн өзгөчө милдеттерди ишке ашырат.
2.1. Контролдоо бөлүмүнүн негизги милдеттери
9. Контролдоо бөлүмүнүн негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун, Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, мамлекеттик бийликтин башка органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын аткаруу тартибин сактоо деңгээлин контролдоо жана баалоо маселелери боюнча Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын ишин камсыз кылуу;
2) мыйзамдарды, Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин актыларын жана тапшырмаларын, Министрлер Кабинетинин чечимдерин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин (мындан ары - Жогорку Кеңеш) токтомдорун, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын жана Президенттин Администрациясынын башкармалыктарынын начальниктеринин тапшырмаларын өз убагында жана толук аткарууну камсыз кылуу, ошондой эле контролго алынган башка документтерди талаптагыдай кароону камсыз кылуу.
2.2. Кырдаалдык борбордун негизги милдеттери
10. Мониторинг жүргүзүү, талдоо жана коопсуздук бөлүмүнүн негизги милдеттери:
1) иштин ар кандай чөйрөсүндөгү учурдагы абалды терең талдоонун негизинде башкаруу боюнча стратегиялык чечимдерди кабыл алуу процессинде Президентти жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларын комплекстүү маалыматтык-аналитикалык жана эксперттик колдоону камсыз кылуу;
2) Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын жана атайын кызматтарынын ишин координациялоо боюнча Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын ишин камсыз кылуу;
3) Президентке жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисине өлкөнүн коомдук-саясий абалынын өзгөрүшүнө, анын ичинде кризистик кырдаалдарда натыйжалуу чара көрүү боюнча сунуштарды даярдоо.
11. Санариптик өнүктүрүү боюнча бөлүмдүн негизги милдети болуп төмөнкү маселелер боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашырууну маалыматтык-аналитикалык, эксперттик жана уюштуруучулук жактан камсыз кылуу саналат:
1) мамлекеттик башкарууну санариптик өнүктүрүү, электрондук кол тамга, электрондук кызмат көрсөтүүлөр, электрондук башкаруу, жеке маалыматтарды коргоо, электр жана почта байланышы, санариптик көндүмдөрдү, интернетти жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын башка түрлөрүн өнүктүрүү, ошондой эле санариптик мамлекетти куруу чөйрөсүндө демилгелерди ишке ашыруу;
2) калкты, жарандык абалдын актыларын, кыймылдуу мүлккө укуктарды, автотранспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо инфраструктурасын, архив ишин өнүктүрүү.
2.3. Жарандардын кайрылуулары
менен иштөө боюнча сектордун негизги милдеттери
12. Жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча сектордун негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын атына, Президенттин Администрациясына келип түшкөн жарандардын кайрылууларын талаптагыдай кароону камсыз кылуу;
2) Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын жарандарды жеке кабыл алуусун уюштуруу;
3) Президенттин коомдук кабылдамасында (мындан ары - Коомдук кабылдама), зарыл болгон учурда Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин жана кызматкерлеринин, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин катышуусу менен жарандарды кабыл алууну уюштуруу.
3. Башкаруу функциялары
13. Башкармалык Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан бекитилген Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жалпы милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары жөнүндө жободо каралган жалпы функцияларды, ошондой эле анын курамына кирген бөлүмдөргө, борборго жана секторго жүктөлгөн функциялардан түзүлгөн өзгөчө функцияларды аткарат.
3.1. Контролдоо бөлүмүнүн өзгөчө функциялары
14. Контролдоо бөлүмү төмөнкүдөй өзгөчө функцияларды аткарат:
1) тиешелүү текшерүүлөрдү жүргүзүү менен төмөнкүлөрдү контролдоону жүзөгө ашырат:
- мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мыйзамдарды, Президенттин актыларын жана тапшырмаларын, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин чечимдерин жана тапшырмаларын, Министрлер Кабинетинин чечимдерин, Жогорку Кеңешинин токтомдорун, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын, Президенттин Администрациясынын башкармалыктарынын начальниктеринин тапшырмаларынын өз убагында жана толук аткарылышын, ошондой эле Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана фракцияларынын каттарынын жана кайрылууларынын каралышын, контролго алынган башка документтерди;
- жалпы улуттук долбоорлорду ишке ашырууну;
- Президенттин Кыргызстандын элине жыл сайын кайрылууларынан келип чыгуучу тапшырмаларды ишке ашырууну;
2) текшерүүлөрдүн жыйынтыктары жөнүндө Президентке жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисине маалымдайт жана алардын негизинде аткаруу тартибин бузууларды алдын алуу жана аныкталгандарын жоюу боюнча сунуштарды даярдайт;
3) мамлекеттик органдардагы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы аткаруу тартибинин жалпы абалы жөнүндө маалыматтык-аналитикалык материалдарды актыларды жана тапшырмаларды аткарууда мыйзамдардын талаптарын бузууга жол берген кызмат адамдарына карата, анын ичинде Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүндө тартиптик жоопкерчилик чараларын көрүү жөнүндө тыянактар жана сунуштары менен даярдайт жана Президентке жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисине киргизет;
4) аныкталган бузууларды, мыйзамдарды, Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тапшырмаларын, актыларын жана чечимдерин, Жогорку Кеңештин токтомдорун, Жогорку Кеңештин депутаттарынын жана фракцияларынын каттарын жана кайрылууларын кароону, контролго алынган башка документтерди талаптагыдай эмес аткаруу фактыларын жоюу боюнча чараларды көрөт;
5) мыйзамдарды, Президенттин жарлыктарын, тескемелерин жана башка чечимдерин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин чечимдерин жана тапшырмаларын, Жогорку Кеңештин токтомдорун, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын тапшырмаларын, башка контролдук документтерди талаптагыдай эмес аткарууга жол берген кызмат адамдарына карата тиешелүү органдардын жетекчилери тарабынан тартиптик жоопкерчилик чараларынын колдонулушун белгиленген тартипте контролдоону камсыз кылат;
6) Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери менен контролдук документтерди салыштырып текшерет, актылардын, тапшырмалардын аткарылышынын жүрүшүнө мониторинг жүргүзөт;
7) Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тапшырмасы боюнча Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишин (Президенттин Администрациясынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмүнө түздөн-түз берилген тапшырмалар бөлүгүндө) контролдойт жана тапшырмаларды аткарууну контролдон алуу же мөөнөтүн узартуу жөнүндө сунуштарды даярдайт;
8) жарым жылдыктын жана календардык жылдын жыйынтыгы боюнча актыларды жана тапшырмаларды аткарууну контролдоо бөлүгүндө документтердин жүгүртүлүшүнө талдоо жүргүзөт;
9) контролдо турган актылардын электрондук маалыматтар базасын жүргүзөт;
10) башкармалыктын карамагында болгон тиешелүү документтерди түзөт жана архивге берет.
3.2. Кырдаалдык борбордун өзгөчө функциялары
15. Мониторинг жүргүзүү, талдоо жана коопсуздук бөлүмү төмөнкүдөй өзгөчө функцияларды аткарат:
1) башкаруу милдеттерин аткаруу үчүн укук коргоо органдарынын, башка мамлекеттик органдардын, уюмдардын жана мекемелердин, ошондой эле жеке жана юридикалык жактардын маалыматтык жана башка маалымат базаларына кошулуу аркылуу маалыматтык-аналитикалык системаларды, программалык жана техникалык каражаттарды колдонуу менен маалыматтарды реалдуу убакыт режиминде чогултат жана иштеп чыгат;
2) мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан алынган маалыматтардын, ошондой эле ар кандай булактардан алынган башка маалыматтардын негизинде төмөнкү маселелерге тиешелүү маалыматтарга мониторинг жүргүзөт, жалпылайт жана талдайт:
- мамлекеттин эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн сактоо, конституциялык түзүлүштү коргоо жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоо;
- улуттук коопсуздукту, укук тартибин жана кылмыштуулукка каршы күрөшүүнү камсыз кылуу;
- жарандык коргонуу, өрт, химиялык жана радиациялык коопсуздук, анын ичинде кооптуу табигый, техногендик процесстерди жана кубулуштарды болжолдоо;
- кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү;
- жаза-аткаруу системасынын жана пробациянын иши, соттук-эксперттик иш;
- иштин башка чөйрөлөрү;
3) бөлүмгө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн тиешелүү текшерүүлөрдү жүргүзүү менен контролду жүзөгө ашырат;
4) улуттук коопсуздук кызыкчылыгында менчигинин түрүнө карабастан стратегиялык багыттагы объекттерди башкаруучу уюмдар менен алардын карамагында болгон маалыматтардын маалымат базасына кошулуу жана Президенттин Администрациясынын маалыматтар базасын түзүүгө маалымат алуу үчүн белгиленген тартипте өз ара аракеттенет;
5) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча, анын ичинде төмөнкү чөйрөлөрдө мамлекеттик органдардын ишин координациялайт:
- коомдук коопсуздукту, укук тартибин жана кылмыштуулукка каршы күрөшүүнү камсыз кылуу;
- улуттук коопсуздукту камсыз кылуу;
- коргоо, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кайтаруу жана коргоо;
- жарандык коргонуу, өрт, химиялык жана радиациялык коопсуздук, анын ичинде кооптуу табигый, техногендик процесстерди жана кубулуштарды болжолдоо;
- кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү;
- жаза-аткаруу системасынын жана пробациянын иши;
- соттук-эксперттик иш;
6) бөлүмгө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн маалыматтык системаларды, маалыматтар базасын, башка техникалык каражаттарды түзөт, пайдаланат жана өркүндөтөт;
7) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Президентке, Министрлер Кабинетине, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисине, Президенттин Администрациясына даректелген каттардын жана кайрылуулардын өз убагында жана толук аткарылышын контролдойт;
8) ченемдик укуктук актылардын жана башка документтердин долбоорлорун иштеп чыгат, бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын жана башка документтердин долбоорлоруна экспертиза жүргүзөт жана Президенттин Администрациясында жол-жоболук коштойт.
16. Санариптик өнүктүрүү боюнча бөлүм жүктөлгөн милдеттердин алкагында төмөнкүдөй өзгөчө функцияларды аткарат:
1) санариптик өнүктүрүү, электрондук кол тамга, электрондук кызмат көрсөтүүлөр, электрондук башкаруу, жеке маалыматтарды коргоо, электр жана почта байланышы, ошондой эле калкты, жарандык абалдын актыларын, кыймылдуу мүлккө укуктарды, автотранспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо инфраструктурасын, архив ишин өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ишти координациялайт, мониторинг жүргүзөт жана талдайт;
2) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Президенттин актыларынын, Министрлер Кабинетинин токтомдорунун жана тескемелеринин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемелеринин (Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тескемелеринин), башка документтердин долбоорлорун иштеп чыгат;
3) бөлүмдүн компетенциясына кирген ченемдик укуктук актылардын, башка документтердин долбоорлорун Президенттин Администрациясында жол-жоболук коштойт.
3.3. Жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча
сектордун өзгөчө функциялары
17. Жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча сектор төмөнкүдөй өзгөчө функцияларды аткарат:
1) Президентке, Министрлер Кабинетине, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисине, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысына, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларына жана Президенттин Администрациясына даректелген жарандардын кайрылууларын кароону жана эсепке алууну уюштурат;
2) чечүү алардын компетенциясына кирген жарандардын кайрылууларын таандыктыгы боюнча Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө, тиешелүү мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, башка мамлекеттик мекемелерге кароого жиберет, алардын талаптагыдай каралышын контролдойт, зарыл болгон учурда жарандардын кайрылууларын кароонун жакындап калган мөөнөттөрү жөнүндө эскертүүлөрдү жиберет;
3) Коомдук кабылдамада жарандарды кабыл алууну уюштурат, ошондой эле алардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын жүзөгө ашырууга көмөк көрсөтөт, түшүндүрмөлөрдү жана сунуштарды берет;
4) Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын атына, Президенттин Администрациясына келип түшкөн жарандардын кайрылууларын системалаштырат, талдайт;
5) мамлекеттик органдардагы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы аткаруу тартибинин жалпы абалы жөнүндө маалыматтык-аналитикалык материалдарды жарандардын кайрылууларын кароодо, анын ичинде Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүндө кароодо мыйзамдардын талаптарын бузууга жол берген кызмат адамдарына карата тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонуу жөнүндө тыянактар жана сунуштар менен даярдайт жана Президентке жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисине киргизет;
6) аныкталган бузууларды, жарандардын кайрылууларын талаптагыдай эмес кароо фактыларын жоюу боюнча чараларды көрөт;
7) секторго жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн тиешелүү текшерүүлөрдү жүргүзүү менен контролду жүзөгө ашырат;
8) жарандардын кайрылууларын Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери менен салыштырып текшерет, жарандардын кайрылууларын кароонун жүрүшүнө мониторинг жүргүзөт;
9) жарым жылдыктын жана календардык жылдын жыйынтыгы боюнча жарандардын кайрылууларын кароо бөлүгүндө документтердин жүгүртүлүшүнө талдоо жүргүзөт;
10) сектордун карамагында турган тиешелүү документтерди түзөт жана архивге өткөрүп берет.
4. Башкармалыктын ыйгарым укуктары
18. Башкармалык, анын курамына кирген бөлүмдөр, борбор жана сектор, башкармалыктын жетекчилери жана кызматкерлери Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси бекиткен Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жаппы милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары жөнүндө жободо каралган жалпы ыйгарым укуктарга, ошондой эле ага жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн зарыл болгон, башкармалыктын өзгөчөлүгүнө жараша башка ыйгарым укуктарга ээ болот.
19. Башкармалык жалпы ыйгарым укуктары менен катар эле төмөнкүдөй ыйгарым укуктарга ээ:
1) аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында текшерүүлөрдү, ошондой эле мыйзамдардын, Президенттин актыларынын жана тапшырмаларынын, Министрлер Кабинетинин чечимдеринин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин чечимдеринин жана тапшырмаларынын, Жогорку Кеңештин токтомдорунун, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын, Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин тапшырмаларынын, жарандардын кайрылууларынын жана башка контролдук документтердин аткарылышын контролдоо боюнча башка иш-чараларды уюштурууга жана жүргүзүүгө;
2) Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын тапшырмасы боюнча мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кызматтык териштирүүлөрдү жана инспекциялык текшерүүлөрдү жүргүзүүгө;
3) мыйзамдардын, Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин актыларынын, жарандардын кайрылууларынын жана башка контролдук документтердин аткарылышын контролдоо максатында Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, мамлекеттик органдардын жана уюмдардын жооптуу кызматкерлерин, ошондой эле эксперттик (жарандык) коомчулуктун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн тартуу менен атайын комиссияларды, жумушчу топторду түзүүнү демилгелөөгө;
4) зарыл болгон учурда мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тиешелүү кызмат адамдарынын түшүндүрмөлөрүн оозеки угууга жана жазуу жүзүндө талап кылууга;
5) суралган маалыматты өз учурунда бербегендиги, мыйзамдарды, Президенттин жарлыктарын, тескемелерин жана башка чечимдерин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тескемелерин жана башка чечимдерин аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы, жарандардын кайрылууларын жана башка контролдогу документтерди талаптагыдай каралбагандыгы үчүн аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерин, кызмат адамдарын тартиптик жоопкерчиликке тартуу жөнүндө жүйөлүү сунуштарды белгиленген тартипте Президентке жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисине киргизүүгө;
6) мыйзамдарды, Президенттин жарлыктарын, тескемелерин жана башка чечимдерин, Министрлер Кабинетинин, Жогорку Кеңештин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тескемелерин жана башка чечимдерин аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы, ошондой эле кызматтык жорук жасоого жол бергендиги үчүн аткаруу бийлигинин органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарын ээлеген кызмат ордунан убактылуу четтетүү, бошотуу жөнүндө жүйөлүү сунуштарды белгиленген тартипте Президентке жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисине киргизүүгө;
7) текшерүүлөрдүн натыйжасында аныкталган бузуулар жөнүндө материалдарды прокуратура органдарына, укук коргоо органдарына жана башка мамлекеттик органдарга жиберүүгө, ошондой эле алар боюнча көрүлгөн чаралардын жыйынтыгы тууралуу маалыматтарды талап кылууга;
8) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коллегияларынын жыйналыштарына катышууга;
9) мамлекеттик органдардын мамлекеттик, ошондой эле атайын байланыш жана коммуникация системаларын, маалыматтык маалымат базаларын белгиленген тартипте пайдаланууга;
10) белгиленген тартипте жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тиешелүү орун басарлары менен макулдашуу боюнча Президентке жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисине төмөнкүдөй сунуштарды киргизүүгө:
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерин сыйлоо жөнүндө;
- аскер кызматчыларына, укук коргоо органдарынын жана атайын кызматтардын кызматкерлерине жогорку аскердик жана атайын наамдарды ыйгаруу жөнүндө;
11) ченемдик укуктук актылардын жана башка документтердин долбоорлорун иштеп чыгууга, башкармалыктын компетенциясына кирген маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын жана башка документтердин долбоорлоруна экспертиза жүргүзүүгө жана Президенттин Администрациясында жол-жоболук коштоого;
12) Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тапшырмасы боюнча аңгемелешүү жүргүзүүгө жана тейлеген мамлекеттик органдардагы Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин номенклатурасына кирген жетектөөчү кызмат орундарына талапкерлерди киргизүүгө;
13) Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын тапшырмаларын ишке ашыруу, жарандардын кайрылууларын кароо жана кабыл алуу, башка контролдук документтерди кароо боюнча мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, алардын кызмат адамдарына тиешелүү тапшырмаларды берүүгө;
14) Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө, министрликтерге, мамлекеттик комитетке, административдик ведомстволорго, аткаруу бийлигинин башка органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жарандардын кайрылуулары боюнча колдонуудагы мыйзамдардын талаптарын бузуу менен аткарылган жоопторду жеткире иштеп чыгуу үчүн белгиленген тартипте кайтарууга;
15) кайрылууларда коюлган маселелерди контролдоо, чечүү максатында жерине баруу менен айрым арыздарга текшерүүлөрдү жүргүзүүгө;
16) жарандардан келип түшкөн кайрылууларды Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө, министрликтерге, мамлекеттик комитетке, административдик ведомстволорго, аткаруу бийлигинин башка органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине, прокуратура органдарына жана башка мамлекеттик органдарга, ишканаларга жана мекемелерге кароого жиберүүгө, аларды кароонун жүрүшүн жана аларга жооптордун жиберилишин көзөмөлдөөгө;
17) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен кеңешмелерди өткөрүүгө.
20. Башкармалыктын начальниги башка ыйгарым укуктары менен катар эле:
1) мыйзамдардын, Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Жогорку Кеңештин актыларынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин чечимдеринин, Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын тапшырмаларынын, жарандардын кайрылууларынын жана башка контролдук документтердин аткарылышын контролдоону уюштурат;
2) башкармалыкка келип түшкөн кайрылууларды карайт, алардын аткарылышын контролдойт, Президентте, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинде жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларында болгон оперативдүү кеңешмелерде каралган маселелер жөнүндө башкармалыктын кызматкерлерине маалымдайт;
3) Президент жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан дайындалуучу мамлекеттик органдардын жетекчилерине, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларына, ошондой эле мамлекеттик органдардын башка жетекчилерине карата тартиптик жаза чараларын колдонуу жөнүндө Президентке жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисине сунуштарды киргизет;
4) башкармалыктын компетенциясына кирген маселелер боюнча жумушчу комиссияларды жана топторду түзүүнү демилгелейт;
5) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коллегияларынын курамына мүчө болууга укуктуу;
6) зарыл болгон учурда башкармалык тейлеген мамлекеттик органдардагы жетекчи кызмат орундарына талапкерлер менен аңгемелешүү өткөрөт.
21. Бөлүм башчы - башкармалыктын начальнигинин орун басары башка ыйгарым укуктары менен катар эле:
1) башкармалыктын начальниги менен биргеликте башкармалыктын кызматкерлеринин ортосунда кызматтык милдеттерди жана аткарууга келип түшкөн документтерди бөлүштүрөт, алардын ишин талаптагыдай уюштурууну жана алардын кызматтык тартипти сактоолорун камсыз кылат;
2) Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Жогорку Кеңештин актыларын, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин чечимдерин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын тапшырмаларын аткарууну контролдоону уюштурат;
3) башкармалыкка келип түшкөн кайрылууларды карайт, алардын аткарылышын контролдойт, Президентте, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинде, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларында болгон оперативдүү кеңешмелерде каралган маселелер жөнүндө башкармалыктын кызматкерлерине маалымдайт;
4) Президент жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан дайындалуучу мамлекеттик органдардын жетекчилерине, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларына, ошондой эле мамлекеттик органдардын башка жетекчилерине карата тартиптик жаза чараларын көрүү жөнүндө Президентке жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисине сунуштарды киргизет;
5) башкармалыктын компетенциясына кирген маселелер боюнча жумушчу комиссияларды жана топторду түзүүнү демилгелөөгө укуктуу;
6) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коллегияларынын курамына мүчө болууга укуктуу.
22. Бөлүм башчысынын орун басары башка ыйгарым укуктары менен катар эле:
1) бөлүм башчысы менен биргеликте бөлүмдүн кызматкерлеринин ортосунда кызматтык милдеттерди жана аткарууга келип түшкөн документтерди бөлүштүрөт;
2) Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Жогорку Кеңештин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин актыларын жана тапшырмаларын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын тапшырмаларын аткарууну контролдоону уюштурат;
3) Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин чечимдеринин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын тапшырмаларынын, ошондой эле бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча башка контролдук документтердин Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрү, министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор жана башка мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан өз убагында аткарылышын контролдойт;
4) жума сайын жана квартал сайын контролдук документтерди аткаруунун абалы жөнүндө отчетторду белгиленген форма боюнча түзүүнү уюштурат, түзүмдүк бөлүмдөр, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары боюнча сандык жана сапаттык талдоо жүргүзөт;
5) аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жана Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүндө аткаруучулук тартиптин абалы жөнүндө маалыматтык-аналитикалык материалдарды даярдоону уюштурат;
6) бөлүм башчысы менен макулдашуу боюнча бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен кеңешмелерди өткөрөт;
7) бөлүм башчысынын тапшырмасы боюнча сунуштамаларды иштеп чыгат жана аналитикалык маалымкаттарды түзөт;
8) бөлүм башчысы тарабынан ага жүктөлгөн башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
23. Кырдаалдык борбордун директору башка ыйгарым укуктар менен катар эле:
1) башкармалыктын начальниги менен биргеликте кырдаалдык борбордун бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин ортосунда кызматтык милдеттерди жана аткарууга келип түшкөн документтерди бөлүштүрөт, алардын ишинин талаптагыдай уюштурулушун жана алардын кызматтык тартипти сактоосун камсыз кылат;
2) өзүнүн компетенциясынын чегинде кызматтык документтерге кол коёт;
3) жашыруундуулук режимин сактоону камсыз кылат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ачыкка чыгарылууга тийиш эмес маалыматтарды ачыкка чыгарууга жол бербөө боюнча чараларды көрөт;
4) зарыл болгон учурда белгиленген тартипте борборго жүктөлгөн милдеттерди аткаруу боюнча ишке катышуу үчүн министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын кызматкерлерин тартат;
5) башкармалыктын начальнигинин тапшырмасы боюнча сунуштамаларды иштеп чыгат жана аналитикалык маалымкаттарды түзөт;
6) борбордун компетенциясына кирген башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
24. Кырдаалдык борбордун директорунун орун басары -санариптик өнүктүрүү боюнча бөлүмдүн башчысы башка ыйгарым укуктары менен катар эле:
1) борбордун директору менен биргеликте борбордун кызматкерлеринин ортосунда аткарууга келип түшкөн документтерди бөлүштүрөт;
2) борбордо иш кагаздарынын талаптагыдай жүргүзүлүшүн камсыз кылат;
3) борбордун иш пландарынын долбоорлорун түзүүнү, алардын аткарылышын контролдоону жүзөгө ашырат;
4) башкармалыктын начальнигинин жана борбордун директорунун тапшырмасы боюнча сунуштамаларды иштеп чыгат жана аналитикалык маалымкаттарды түзөт;
5) башкармалыктын начальниги жана борбордун директору тарабынан ага жүктөлгөн башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
25. Мониторинг жүргүзүү, талдоо жана коопсуздук бөлүмүнүн башчысы башка ыйгарым укуктары менен катар эле:
1) борбордун директору менен биргеликте бөлүмдүн кызматкерлеринин ортосунда аткарууга келип түшкөн документтерди бөлүштүрөт;
2) бөлүмдө иш кагаздарынын талаптагыдай жүргүзүлүшүн камсыз кылат;
3) бөлүмдүн иш пландарынын долбоорлорун түзүүнү, алардын аткарылышын контролдоону жүзөгө ашырат;
4) башкармалыктын начальнигинин жана борбордун директорунун тапшырмасы боюнча сунуштамаларды иштеп чыгат жана аналитикалык маалымкаттарды түзөт;
5) борбордун директору тарабынан ага жүктөлгөн башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
26. Жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча сектордун башчысы башка ыйгарым укуктары менен катар эле тиешелүү министрликтерге, мамлекеттик комитетке, административдик ведомстволорго, аткаруу бийлигинин башка органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине, прокуратура органдарына жана компетенциясына жарандардын кайрылууларында коюлган маселелерди чечүү кирген башка мамлекеттик органдарга, ишканаларга жана мекемелерге жиберилген коштоочу каттарга кол коёт.
5. Кураторлук жана кызматтык өз ара аракеттенүү
27. Башкармалык, анын курамына кирген бөлүмдөр, борбор жана сектор ишин Президенттин Администрациясынын башка түзүмдүк бөлүмдөрү, Министрлер Кабинети, министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор, Жогорку Кеңештин Аппараты, башка мамлекеттик органдар жана мекемелер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук жана эл аралык уюмдар менен башкармалыктын компетенциясына кирген маселелер боюнча өз ара тыгыз аракеттенүүдө жүзөгө ашырат.
28. Кырдаалдык борбор (мониторинг жүргүзүү, талдоо жана коопсуздук бөлүмү) белгиленген компетенциянын чегинде төмөнкүлөрдүн ишин тейлейт:
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин;
- Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин;
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (мамлекеттик материалдык резерв, токой кызматынын маселелерин кошпогондо);
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин (кылмыш-жаза аткаруу системасы, соттук-эксперттик иш жана пробация бөлүгүндө);
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин (бажы чөйрөсүндөгү укук коргоо ишинин маселелери боюнча, ошондой эле кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү бөлүгүндө);
- Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин.
29. Кырдаалдык борбор (санариптик өнүктүрүү боюнча бөлүм) белгиленген компетенциянын чегинде төмөнкүлөрдүн ишин тейлейт:
- Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин (Кыргыз Республикасында санариптик телерадио берүү маселелерин кошпогондо);
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин;
- бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттик ишканалардын жана мекемелердин, акционердик коомдордун жана башка чарбалык субъекттердин;
- бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча башка мамлекеттик органдардын.».
| 2-тиркеме |
| «5-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Президентинин
Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр
башкармалыгы жөнүндө
жобо
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгы (мындан ары - башкармалык) Кыргыз Республикасынын Президентинин (мындан ары - Президент), Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (мындан ары - Министрлер Кабинети), Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин (мындан ары - Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси), Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысынын (мындан ары - Мамлекеттик катчы), Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын (мындан ары - Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарлары) башкармалыктын милдеттерине жана функцияларына кирген маселелер боюнча ишин камсыз кылуучу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын (мындан ары - Президенттин Администрациясы) түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.
2. Башкармалык өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Президенттин актыларын, Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемелерин (Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тескемелерин), Президенттин Администрациясы жөнүндө жобону, Министрлер Кабинетинин регламентин, Президенттин Администрациясынын регламентин, Президенттин Администрациясында документтер менен иштөөнүн регламентин, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Башкармалыктын курамына төмөнкүлөр кирет:
1) стратегиялык пландоо жана реформаларды талдоо бөлүмү;
2) ТӨМ жана тышкы жардамды координациялоо бөлүмү.
Жогоруда аталган бөлүмдөр башкармалыктын курамындагы түзүмдүк бөлүмдөр болуп саналат.
4. Башкармалыктын кызматкерлери:
- мамлекеттик кызматчылар болуп саналат;
- чечимдерди кабыл алууда Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алууга, мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка сырды сактоого милдеттүү;
- Президенттин Администрациясы жөнүндө жободо жана ушул Жободо аныкталган компетенциянын чегинде мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын кызмат адамдары, юридикалык жактар жана жарандар менен болгон мамилелерде Президенттин Администрациясынын өкүлдөрү болуп саналат.
5. Башкармалыктын кызматкерлерин кызматка дайындоо жана кызматтан бошотуу Президенттин Администрациясы жөнүндө жободо белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
6. Башкармалыкты башкармалыктын начальниги башкарат, ал башкармалыктын курамына кирген түзүмдүк бөлүмдөрдү жалпы жетектейт.
Башкармалыктын начальнигинин стратегиялык пландоо жана реформаларды талдоо бөлүмүнүн башчысынын кызмат ордун айкалыштырган орун басары болот.
Бөлүм башчы - башкармалыктын начальнигинин орун басары башкармалыктын начальниги жокто кызматтык документтерге кол коюу укугу менен аны алмаштырат.
Стратегиялык пландоо жана реформаларды талдоо бөлүмүнүн башчысы жок болгон мезгилде анын ордун бөлүм башчы аныктаган башкы эксперттердин бири алмаштырат.
ТӨМ жана тышкы жардамды координациялоо бөлүмүнүн башчысы жок болгон мезгилде аны бөлүм башчы аныктаган эксперттердин бири алмаштырат.
Бөлүм башчылары башкармалыктын начальнигинин жетекчилиги астында иштейт.
2. Башкармалыктын милдеттери
7. Башкармалык Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан бекитилген Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жалпы милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары жөнүндө жободо каралган жалпы милдеттерди, ошондой эле анын курамына кирген бөлүмдөргө жүктөлгөн негизги милдеттерден түзүлгөн өзгөчө милдеттерди ишке ашырат.
2.1. Стратегиялык пландоо жана реформаларды
талдоо бөлүмүнүн негизги милдеттери
8. Стратегиялык пландоо жана реформаларды талдоо бөлүмүнүн негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Мамлекеттик катчынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын төмөнкү маселелер боюнча ишин маалыматтык-аналитикалык, эксперттик жана башка жактан камсыз кылуу:
- Кыргыз Республикасынын стратегиялык пландоо, анын ичинде стратегиялык маанидеги долбоорлорду башкаруу;
- жашыл экономика;
- этностор аралык жана конфессиялар аралык ынтымак, коомду гуманитардык жана руханий жактан өнүктүрүү, мамлекеттик тилди жана тил саясатын, динди өнүктүрүү;
2) «Өкмөттүк акселераторлор» механизми аркылуу реформаны натыйжалуу жүргүзүү боюнча ишти уюштуруу жана координациялоо;
3) өлкөнү өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоо.
2.2. ТӨМ жана тышкы жардамды
координациялоо бөлүмүнүн негизги милдеттери
9. ТӨМ жана тышкы жардамды координациялоо бөлүмүнүн негизги милдети болуп Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын төмөнкү маселелер боюнча ишин камсыз кылуу саналат:
- Туруктуу өнүктүрүү максаттарын (мындан ары - ТӨМ) ишке ашыруу;
- климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо;
- өнүктүрүү, тышкы жардамды тартууну координациялоо боюнча эл аралык уюмдар жана енөктөштөр менен өз ара аракеттенүү (тармактык жөнгө салуу маселелерин кошпогондо).
3. Башкармалыктын функциялары
10. Башкармалык Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан бекитилген Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жалпы милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары жөнүндө жободо каралган жалпы функцияларды, ошондой эле анын курамына кирген бөлүмдөргө жүктөлгөн функциялардан түзүлгөн өзгөчө функцияларды аткарат.
3.1. Стратегиялык пландоо жана реформаларды
талдоо бөлүмүнүн өзгөчө функциялары
11. Стратегиялык пландоо жана реформаларды талдоо бөлүмү жүктөлгөн милдеттердин чегинде төмөнкүдөй өзгөчө функцияларды аткарат:
1) Өлкөнү өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү улуттук программасын, өлкөнү өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү стратегиясын жана аларды ишке ашыруу боюнча Министрлер Кабинетинин иш-чаралар пландарын иштеп чыгат;
2) Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасында жана өлкөнүн жетекчилиги тарабынан аныкталган стратегиялык маанидеги долбоорлорду башкарат;
3) тышкы жана ички факторлордун таасирин эске алуу менен Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын, өлкөнү өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү стратегиясын ишке ашыруу боюнча реформаларга комплекстүү мониторинг жана талдоо жүргүзөт, тиешелүү сунуштарды жана сунуштамаларды, анын ичинде ички саясаттын негизги багыттарын аныктоочу документтерди, анын ичинде аларды ишке ашыруу боюнча документтерди оңдоо боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
4) Өлкөнү өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча тиешелүү жылга Министрлер Кабинетинин иш-аракеттер планын ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдардын, Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугуна баалоо жүргүзөт;
5) дүйнөдөгү жана региондогу экономикалык кырдаалды талдайт, потенциалдуу тобокелдиктерди жана коркунучтарды минималдаштыруу боюнча сунуштарды баалайт жана иштеп чыгат;
6) Өнөктөш өлкөлөр менен тышкы экономикалык кызматташтыктын алкагында реформаларды даярдоо боюнча комитеттин катчылыгынын функцияларын ишке ашырат;
7) өлкөдөгү иштердин абалы жана Кыргыз Республикасынын ички жана тышкы саясатынын негизги багыттары, гуманитардык жана руханий өнүктүрүүнүн негизги багыттары жөнүндө Президенттин Кыргызстан элине ар жылдык кайрылуусун даярдоону камсыз кылат;
8) орто мөөнөттүү стратегияларды жана өнүктүрүү саясатын түзүү, мамлекеттик стратегиялык пландоонун методологиясын жана укуктук негиздерин өркүндөтүү боюнча сунуштарды жана сунуштамаларды киргизет;
9) «жашыл» экономиканы өнүктүрүү боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун жана демилгелерди иштеп чыгат жана илгерилетет, Кыргыз Республикасында жашыл экономиканы өнүктүрүү боюнча координациялык комитеттин катчылыгынын функцияларын ишке ашырат;
10) жарандык өнүктүрүү, диний жана этностор аралык саясат, мамлекеттик тилди жана тил саясатын өнүктүрүү, «Манас» эпосу жана тарых илими маселелерин координациялайт;
11) Кыргыз Республикасынын элинин биримдигин чыңдоо чөйрөсүндөгү, мамлекеттик-улуттук курулушту өнүктүрүү, социалдык-экономикалык өнүктүрүү, этностор аралык мамилелер, дин, мамлекеттик тил, «Манас» эпосу жана тарых илими жаатындагы мамлекеттик саясатты аныктоо жана жөнгө салуу чөйрөсүндөгү сунуштарды жана сунуштамаларды иштеп чыгат;
12) Президентке караштуу Тарых илимин өнүктүрүү боюнча комиссиянын ишин уюштуруучулук-техникалык жактан камсыз кылат;
13) Президентке караштуу Улуттук биримдикти чыңдоо жана дин саясаты боюнча эксперттик кеңештин ишин уюштуруучулук-методикалык жактан камсыз кылат;
14) ченемдик укуктук актылардын жана башка документтердин долбоорлорун иштеп чыгат, тейлеген багыттары боюнча, анын ичинде этностор аралык жана конфессиялар аралык ынтымак, коомду гуманитардык жана руханий жактан өнүктүрүү, дин, мамлекеттик тил жана тил саясаты, «Манас» эпосу жана тарых илими маселелери боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна экспертиза жүргүзөт жана жол-жоболук коштойт.
3.2. ТӨМ жана тышкы жардамды координациялоо
бөлүмүнүн өзгөчө функциялары
12. ТӨМ жана тышкы жардамды координациялоо бөлүмү жүктөлгөн милдеттердин алкагында төмөнкүдөй өзгөчө функцияларды аткарат:
1) улуттук өнөктөштөр - министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары, Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ТӨМдү адаптациялоо, ишке ашыруу жана жетишкендиктерине мониторинг жүргүзүү процессине тартылган башка уюмдар жана адамдар тарабынан ТӨМдү ишке ашырууга жана жетишкендиктерине мониторинг жүргүзүүгө, анын ичинде климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин жумшартууга жана адаптациялоого багытталган чаралардын ишке ашырылышын координациялайт жана көмөк көрсөтөт;
2) Министрлер Кабинетине караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңеште орто мөөнөттүү мезгилге Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн негизги багыттарын жактыруу боюнча иштерди жүргүзөт;
3) Министрлер Кабинетинин Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңешинде орто мөөнөттүү мезгилге Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын негизги багыттарын жактыруу боюнча иш жүргүзөт;
4) тиешелүү жылга экономикалык саясаттын негизги багыттары жөнүндө Министрлер Кабинети менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын биргелешкен билдирүүсүн жактыруу боюнча иш жүргүзөт;
5) саясатты аныктоо боюнча сунуштарды иштеп чыгат жана мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын эл аралык финансы институттары, эл аралык уюмдар жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү маселелерин координациялайт;
6) тышкы жардамды тартуу процессин координациялоо бөлүгүндө өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен өз ара аракеттенет (тармактык жөнгө салуу маселелерин кошпогондо);
7) эл аралык уюмдар жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр тарабынан көрсөтүлүүчү тышкы жардамдарга мониторинг жүргүзүүнү координациялайт;
8) Министрлер Кабинетине караштуу Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү боюнча координациялык кенештин аянтчасында өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен диалогду уюштурууну зарыл болгон учурда жүзөгө ашырат, Координациялык кеңештин катчылыгынын функцияларын ишке ашырат;
9) гранттык жана донордук жардамды тартуу боюнча орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ишти координациялайт;
10) тейлеген багыттары боюнча ченемдик укуктук актылардын жана башка документтердин долбоорлорун иштеп чыгат, аларга экспертиза жүргүзөт жана Президенттин Администрациясында жол-жоболук коштойт.
4. Башкармалыктын ыйгарым укуктары
13. Башкармалык, анын курамына кирген бөлүмдөр, башкармалыктын жетекчилери жана кызматкерлери:
1) Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан бекитилген Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жалпы милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары жөнүндө жободо каралган жалпы ыйгарым укуктарга ээ;
2) Президентке, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисине, Мамлекеттик катчыга аналитикалык жана маалымдама материалдарды, өлкөнү өнүктүрүүнүн ар түрдүү багыттары боюнча жүргүзүлүп жаткан мониторингдин жана талдоонун негизинде сунуштарды киргизүүгө укуктуу;
3) тейлеген мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын жетекчилерин кызмат ордуна дайындоо, ошондой эле аларды ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө сунуштарды жетекчиликтин кароосуна киргизүүгө укуктуу;
4) Министрлер Кабинетинин регламентине, Президенттин Администрациясынын регламентине жана Президенттин Администрациясында документтер менен иштөөнүн регламентине ылайык башкармалыктын компетенциясына кирген маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын жана башка документтердин долбоорлорун белгиленген тартипте кайтарып берүүгө укуктуу;
5) башкармалыкка жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн зарыл болгон башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
5. Кураторлук жана кызматтык өз ара аракеттенүү
14. Башкармалык, анын курамына кирген бөлүмдөр өз ишин компетенциясына кирген маселелер боюнча Президенттин Администрациясынын башка түзүмдүк бөлүмдөрү, Министрлер Кабинети, министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор, башка мамлекеттик органдар жана мекемелер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, акционердик корпорациялар жана коомдор, коомдук жана эл аралык уюмдар менен тыгыз оз ара аракеттенүүдө жүргүзөт.
15. Стратегиялык пландоо жана реформаларды талдоо бөлүмү:
1) тейлеген багыттары боюнча «Кыргызстан элинин ассамблеясы» коомдук бирикмеси, «Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү фонду» коомдук фонду менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат;
2) төмөнкүлөрдүн ишин тейлейт:
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин (стратегиялык өнүктүрүү, жашыл экономиканы өнүктүрүү программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу маселелери бөлүгүндө);
- Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин (этностор аралык мамилелер бөлүгүндө);
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын;
- Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын;
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун;
- «Манас» улуттук академиясы» мамлекеттик мекемесинин;
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Тарых илимин өнүктүрүү боюнча комиссиянын (комиссиянын ишин уюштуруу-техникалык камсыз кылуу);
- Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын «Мурас» фондунун (улуттук-мамлекеттик курулуш бөлүгүндө);
- «Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү фонду» коомдук фондунун;
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук биримдикти чындоо жана дин саясаты боюнча эксперттик кеңештин (эксперттик кеңештин ишин уюштуруу-методологиялык камсыздоо);
- башкармалыктын компетенциясына кирген маселелер боюнча башка мамлекеттик органдардын.
16. ТӨМ жана тышкы жардамды координациялоо бөлүмү төмөнкүлөрдүн ишин тейлейт:
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин (ТӨМ маселелерин координациялоо, климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин жумшартуу жана адаптациялоо, эл аралык уюмдар жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү саясатын иштеп чыгуу жана координациялоо, өнүктүрүү боюнча эки тараптуу жана көп тараптуу өнөктөштөр тарабынан көрсөтүлүүчү тышкы жардамга мониторинг жүргүзүү бөлүгүндө);
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин (мамлекеттик инвестициялар жана эл аралык уюмдар жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү маселелерин координациялоо маселелери бөлүгүндө);
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Климаттык каржылоо борборунун;
- Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин;
- башкармалыктын компетенциясына кирген маселелер боюнча башка мамлекеттик органдардын.».
| 3-тиркеме |
| «7-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Президентинин
Администрациясынын тышкы саясат бөлүмү жөнүндө
жобо
1. Жалпы жоболор
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмү (мындан ары - бөлүм) Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын (мындан ары - Президенттин Администрациясы) түзүмдүк бөлүмү болуп саналат, бөлүмдүн милдеттерине жана функцияларына кирген эл аралык кызматташтык маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин (мындан ары - Президент), Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (мындан ары - Министрлер Кабинети), Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин (мындан ары - Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси), Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын (мындан ары - Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарлары) ишин камсыз кылат.
2. Бөлүм өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Президенттин актыларын, Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемелерин (Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тескемелерин), Президенттин Администрациясы жөнүндө жобону, Министрлер Кабинетинин регламентин, Президенттин Администрациясынын регламентин, Президенттин Администрациясында документтер менен иштөөнүн регламентин, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Бөлүмдүн курамына Евразия экономикалык бирлигинин иштери боюнча сектор кирет (мындан ары - ЕАЭБ иштери боюнча сектор).
Сектор бөлүмдүн курамындагы түзүмдүк бөлүм болуп саналат.
4. Бөлүмдүн кызматкерлери:
- мамлекеттик кызматчылар болуп саналат;
- чечимдерди кабыл алууда Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алууга, мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка сырды сактоого милдеттүү;
- Президенттин Администрациясы жөнүндө жободо жана ушул Жободо аныкталган компетенциянын чегинде мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын кызмат адамдары, юридикалык жактар жана жарандар менен болгон мамилелерде Президенттин Администрациясынын өкүлдөрү болуп саналат.
5. Бөлүмдүн кызматкерлерин кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу Президенттин Администрациясы жөнүндө жободо белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
6. Бөлүмдү бөлүмдүн башчысы жетектейт, ал бөлүмдүн ишине жалпы жетекчилик кылат.
Бөлүмдүн башчысынын орун басары болот, ал бөлүмдүн башчысы жок мезгилде жана анын тапшырмасы боюнча кызматтык документтерге кол коюу укугу менен аны алмаштырат.
Бөлүм башчы жана бөлүм башчынын орун басары жок болгон мезгилде бөлүмдү жетектөө кызматтык документтерге кол коюу укугу менен ЕАЭБ иштери боюнча сектор башчысы тарабынан ишке ашырылат.
ЕАЭБ иштери боюнча сектор башчысы жок болгон мезгилде секторду жетектөө жана сектордун маселелери боюнча тиешелүү документтерге кол коюу бөлүм башчы же бөлүм башчынын орун басары тарабынан ишке ашырылат.
7. Бөлүмдүн кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте дипломатиялык рангдар ыйгарылышы мүмкүн.
2. Бөлүмдүн милдеттери
8. Бөлүм Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси бекиткен Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жалпы милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары жөнүндө жободо каралган жалпы милдеттерди, ошондой эле төмөнкүдөй өзгөчө милдеттерди ишке ашырат:
1) Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын Кыргыз Республикасынын тышкы саясаты, эл аралык мамилелер жана эл аралык кызматташтык маселелери боюнча ишин камсыз кылуу;
2) Президенттин мамлекеттин тышкы саясатын жетектөө боюнча ыйгарым укуктарды ишке ашыруусун маалыматтык, аналитикалык, эксперттик камсыздоо;
3) тышкы саясаттын бирдиктүү принцибин сактоо жана Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин ак ниеттүү аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, кызмат адамдарынын бөлүмдүн компетенциясына кирген эл аралык кызматташтык маселелери боюнча ишин координациялоо.
9. ЕАЭБ иштери боюнча сектордун негизги милдети Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары - ЕАЭБ) органдарында жана Дүйнөлүк соода уюмунун (мындан ары - ДСУ) маселелери боюнча ыйгарым укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу болуп саналат.
3. Бөлүмдүн функциялары
10. Бөлүм Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси бекиткен Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жалпы милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары жөнүндө жободо каралган жалпы функцияларды, ошондой эле төмөнкүдөй өзгөчө функцияларды аткарат:
1) төмөнкүлөр боюнча сунуштарды даярдайт:
- Кыргыз Республикасынын тышкы саясий багытын калыптандыруу;
- Кыргыз Республикасынын эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн, ошондой эле эл аралык аренада улуттук кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу;
2) Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын катышуусундагы тышкы саясий иш-чараларды пландайт жана Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын дипломатиялык кат алышуусун жүргүзөт;
3) Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын чет мамлекеттердин кызмат адамдары жана мамлекеттик органдары, эл аралык жана чет өлкөлүк уюмдар менен өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат;
4) Президентке, Министрлер Кабинетинин Төрагасы Президенттин Администрациясынын Жетекчисине кыйла актуалдуу эл аралык жана эки тараптуу маселелер боюнча сунуштарды жана рекомендацияларды даярдайт;
5) мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык деңгээлде өтүүчү иш-чараларда Президент, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарлары үчүн материалдарды даярдоону камсыз кылат;
6) эл аралык укуктук актылардын долбоорлорун жана Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин түзүү жана токтотуу маселелери боюнча чечимдерди даярдоого катышат;
7) дүйнөдөгү саясий кырдаал, Кыргыз Республикасынын тышкы саясатын ишке ашыруу системасынын иштөөсү жөнүндө маалыматтарды чогултат, талдайт жана иштеп чыгат, аны өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
8) тышкы саясий чөйрөдөгү мамилелерди жөнгө салуучу укуктук ченемдердин натыйжалуулугун талдайт;
9) тышкы саясаттын базалык маселелери жана багыттары боюнча изилдөөлөрдү жүргүзөт;
10) Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин (мындан ары - ТИМ) ишин координациялайт, ТИМдин коллегиясынын ишине катышат;
11) Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен тең укуктуу мамилелерин ар тараптуу өнүктүрүү багытында тышкы саясатын жүргүзүүнү камсыз кылууну жана эл аралык укуктун жалпы таанылган ченемдерине ылайык эл аралык уюмдар менен натыйжалуу кызматташууну, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен дипломатиялык жана консулдук мамилелерин, ошондой эле эл аралык уюмдар менен кызматташуусун камсыз кылууну координациялайт;
12) Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдардын ишине, эл аралык конференциялардын, форумдардын ишине катышуусун камсыз кылууну; глобалдык жана региондук эл аралык көйгөйлөрдү чечүүдө дүйнөлүк коомчулуктун мүчөсү катары Кыргыз Республикасынын ролун жогорулатууну координациялайт;
13) Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын чет өлкөлөргө иш сапарларынын программаларын макулдашат, бул программаларды аткаруу боюнча иштерди координациялайт;
14) Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын катышуусу менен иш-чаралар пландалып жаткан чет мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн иш сапарларын уюштуруучу жана камсыз кылуучу даярдоо жана алдынкы топторду кабыл алууга катышат;
15) чет өлкөлөргө иш сапарларды уюштуруучу жана камсыз кылуучу, мындай топторду жетектөөчү даярдоо жана алдынкы топторду түзүү жана багыттоо боюнча ишти координациялайт;
16) республикалык тышкы саясий органдарда жана алардын чет өлкөдөгү бөлүмдөрүндө мамлекеттик кадр саясатын камсыз кылууга катышат;
17) эл аралык түзүмдөрдөгү квоталык кызмат орундарына Кыргыз Республикасынын өкүлдөрүн дайындоо маселелерин белгиленген тартипте координациялайт жана илгерилетет;
18) Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин жетекчилерин дайындоо, ошондой эле жогорку дипломатиялык рангдарды ыйгаруу үчүн Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин сунуштамасына корутундуларды даярдайт;
19) тышкы саясий жана тышкы экономикалык иштин милдеттерин ишке ашырууну, анын ичинде чет мамлекеттер жана эл аралык экономикалык уюмдар менен экономикалык кызматташтыкты түзүүнү жана өнүктүрүүнү координациялайт жана ТИМге көмөк көрсөтөт;
20) Кыргыз Республикасынын мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык комиссияларынын жана кеңештеринин чет мамлекеттер менен ишин координациялайт;
21) кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууга шарт түзүүчү окутуу семинарларын жана тренингдерди даярдоого жана өткөрүүгө катышат.
11. ЕАЭБ иштери боюнча сектор өзүнө жүктөлгөн милдеттердин алкагында төмөнкүдөй өзгөчө функцияларды жүзөгө ашырат:
- ЕАЭБ жана ДСУнун алкагында актылардын долбоорлорун жана сүйлөшүү процессин жол-жоболук коштоону камсыз кылат;
- ЕАЭБ жана ДСУ органдары менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат;
- Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана административдик ведомстволорунун ЕАЭБ жана ДСУ маселелери боюнча ишин координациялайт;
- ЕАЭБ жана ДСУ органдарынын эл аралык келишимдеринин жана чечимдеринин аткарылышына мониторинг жүргүзөт;
- сектордун компетенциясына кирген маселелер боюнча аналитикалык жана маалыматтык материалдарды даярдайт.
4. Бөлүмдүн ыйгарым укуктары
12. Бөлүм, бөлүмдүн, сектордун жетекчилери жана кызматкерлери:
1) Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси бекиткен Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жалпы милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары жөнүндө жободо каралган жалпы ыйгарым укуктарга ээ;
2) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Министрлер Кабинетинин регламентине, Президенттин Администрациясынын регламентине жана Президенттин Администрациясында документтер менен иштөөнүн регламентине ылайык ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун жана башка документтерди белгиленген тартипте кайтарууга укуктуу;
3) чет мамлекеттердин өкүлдөрү, бул мамлекеттердин мамлекеттик органдары, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, анын ичинде Кыргыз Республикасындагы чет мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрү менен өз ара аракеттенүүгө укуктуу;
4) Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын катышуусундагы тышкы саясий иш-чараларга, анын ичинде Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин, Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин, Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын, Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (мындан ары - КМШ) Экономикалык кеңешинин жана ЕАЭБ, КМШ, ДСУ жана башка эл аралык уюмдардын жана интеграциялык бирикмелердин алкагында өткөрүлүүчү башка иш-чараларга катышууга укуктуу;
5) жооптуу кызматкерлерди тартиптик жоопкерчиликке тартуу үчүн тапшырмалардын өз убагында же толук эмес аткарылгандыгы жөнүндө Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисине баяндоого укуктуу;
6) бөлүмгө жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн зарыл болгон башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
13. Бөлүм башчы башка ыйгарым укуктар менен катар:
1) Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин катышуусундагы иш-чаралардын планына киргизүү үчүн тышкы саясат маселелери боюнча сунуштарды пландайт жана киргизет;
2) Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын чет өлкөлөргө барууларын жана иш сапарларын белгиленген тартипте уюштурууну камсыз кылат;
3) өзүнүн компетенциясынын чегинде чет мамлекеттердин башчыларынын жана чет мамлекеттердин өкмөт башчыларынын Кыргыз Республикасына иш сапарларын жана жолугушууларын уюштуруу маселелери боюнча мамлекеттик органдардын ишин координациялайт;
4) Президент жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан дайындалуучу, бөлүм тейлеген кызмат адамдарын дайындоого сунуштарды карайт, сунушталган талапкерлер менен аңгемелешүүнү өткөрөт жана аталган маселелер боюнча өзүнүн корутундуларын Президентке жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисине киргизет;
5) Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын негизги иш-чараларынын планы боюнча сунуштарды даярдайт;
6) бөлүмдүн компетенциясына тиешелүү бөлүгүндө мамлекеттер аралык комитеттердин, эл аралык уюмдардын жана алардын жер-жерлердеги жумушчу органдарынын ишине катышат.
14. Бөлүм башчынын орун басары башка ыйгарым укуктар менен катар:
1) Президенттин жарлыктарынын жана тескемелеринин, Министрлер Кабинетинин токтомдорунун жана тескемелеринин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемелеринин (Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тескемелеринин) жана эл аралык кызматташтык маселелери боюнча башка документтердин долбоорлорун даярдоо боюнча ишти координациялайт;
2) эл аралык кызматташтык маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин долбоорлоруна экспертиза жүргүзүү боюнча ишти координациялайт;
3) эл аралык кызматташтыктын көйгөйлүү маселелери боюнча сунуштарды жалпылайт;
4) Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын негизги иш-чараларынын планы боюнча сунуштарды даярдайт;
5) бөлүмдүн компетенциясына тиешелүү бөлүгүндө мамлекеттер аралык комитеттердин, эл аралык уюмдардын жана алардын жер-жерлердеги жумушчу органдарынын ишине катышат;
6) өзүнүн компетенциясынын чегинде чет мамлекеттердин башчыларынын жана чет мамлекеттердин өкмөт башчыларынын Кыргыз Республикасына иш сапарларын жана жолугушууларын уюштуруу маселелери боюнча мамлекеттик органдардын ишин координациялайт.
15. ЕАЭБ иштери боюнча сектордун башчысы башка ыйгарым укуктар менен катар:
1) ЕАЭБ жана ДСУ маселелери боюнча мамлекеттик органдардын ишин координациялайт;
2) Кыргыз Республикасынын макулдашылган позицияларын иштеп чыгуу үчүн ЕАЭБ органдарынын жыйындарынын күн тартибинин маселелери боюнча кеңешмелерди өткөрөт;
3) ЕАЭБдин жана ДСУнун алкагындагы Кыргыз Республикасы үчүн маанилүү маселелер боюнча сунуштарды киргизет;
4) бөлүм башчынын жана бөлүм башчынын орун басарынын тапшырмаларына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
16. Бөлүмдүн эксперттери башка ыйгарым укуктар менен катар бөлүм башчы бекиткен милдеттерди бөлүштүрүүнүн алкагында:
1) бөлүмдөгү ички бөлүштүрүүгө ылайык эл аралык кызматташуу маселелерин тейлейт;
2) тейлеген багытына ылайык тышкы саясат маселелери боюнча ТИМ жана башка мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенет;
3) Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын атынан куттуктоолорду, кайрылууларды даярдоону камсыз кылат;
4) Президенттин, Президенттин жубайынын жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын атынан чет мамлекеттердин кызмат адамдарынын жана эл аралык уюмдардын дарегине жиберүү үчүн Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан даярдалган каттардын, кайрылуулардын долбоорлоруна экспертиза жүргүзөт;
5) эл аралык келишимдердин долбоорлоруна белгиленген тартипте экспертиза жүргүзөт;
6) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча чет мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушууларга зарыл болгон материалдарды белгиленген тартипте даярдайт;
7) эл аралык кызматташтыктын тейлеген багыттары боюнча маалыматтык-аналитикалык материалдарды белгиленген тартипте даярдайт;
8) жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган материалдарды изилдейт жана бөлүм башчыга оперативдүү маалымдайт;
9) бөлүм башчынын тапшырмасы боюнча материалдарды даярдайт, өкмөттөр аралык, эки тараптуу жана көп тараптуу комиссиялардын эксперттик жана башка кеңешмелерине, жыйындарына катышат;
10) бөлүм башчынын тапшырмасы боюнча эл аралык кызматташтык маселелери боюнча сүйлөшүүлөргө, жолугушууларга, эл аралык уюмдардын эксперттик кеңешмелерине катышат;
11) Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин катышуусундагы ички мамлекеттик жана эл аралык иш-чараларды өткөрүүнүн жыйынтыгы боюнча маалыматтык материалдарга жана документтерге талдоо жүргүзөт;
12) бөлүм башчынын, бөлүм башчынын орун басарынын жана ЕАЭБ иштери боюнча сектордун башчысынын айрым тапшырмалары боюнча башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
5. Кураторлук жана кызматтык өз ара аракеттенүү
17. Бөлүм өзүнүн ишин Президенттин Администрациясынын башка түзүмдүк бөлүмдөрү, Министрлер Кабинети, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппараты, министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор жана башка органдар, ошондой эле эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдар менен бөлүмдүн милдеттерине жана компетенциясына кирген маселелер боюнча тыгыз өз ара аракеттенүү менен жүргүзөт.
18. Бөлүм төмөнкүлөрдүн ишин тейлейт:
- ТИМдин;
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин (Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен кызматташуусу боюнча өкмөттөр аралык комиссиялардын иши, ЕАЭБ, КМШнын экономикалык кеңешинин жана ДСУнун маселелери бөлүгүндө);
- бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча башка мамлекеттик органдардын.».
| 4-тиркеме |
|
Кыргыз Республикасынын Президентинин
Администрациясынын протокол кызматы жөнүндө
жобо
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын протокол кызматы (мындан ары - кызмат) Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын (мындан ары - Президенттин Администрациясы) Кыргыз Республикасынын Президентин (мындан ары - Президент), Президенттин жубайын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисин (мындан ары - Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси) протоколдук коштоону камсыз кылуучу, кызматтын милдеттерине жана функцияларына кирген эл аралык кызматташтык маселелерин тескөөчү түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.
2. Кызмат өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Президенттин жарлыктарын жана тескемелерин, Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемелерин (Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тескемелерин), Президенттин Администрациясы жөнүндө жобону, Президенттин Администрациясынын регламентин, Президенттин Администрациясында документтер менен иштөөнүн регламентин, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Кызматтын кызматкерлери:
- мамлекеттик кызматчылар болуп саналат;
- чечимдерди кабыл алууда Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алууга, мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка сырды сактоого милдеттүү;
- Президенттин Администрациясы жөнүндө жободо жана ушул Жободо аныкталган компетенциянын чегинде мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын кызмат адамдары, юридикалык жактар жана жарандар менен болгон мамилелерде Президенттин Администрациясынын өкүлдөрү болуп саналат.
4. Кызматтын кызматкерлерин кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу Президенттин Администрациясы жөнүндө жободо белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
5. Кызматты кызматтын жетекчиси жетектейт, ал кызматтын ишине жалпы жетекчилик кылат.
Кызматтын жетекчисинин орун басары болот, ал кызматтын жетекчиси жок болгон мезгилде жана анын тапшырмасы боюнча кызматтык документтерге кол коюу укугу менен кызмат ордун ээлейт.
6. Кызматтын кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте дипломатиялык рангдар ыйгарылышы мүмкүн.
7. Кызмат Президентке жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисине отчет берет.
2. Кызматтын милдети
8. Кызматтын негизги милдети Президенттин, Президенттин жубайынын жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин ишин протоколдук камсыздоо болуп саналат.
3. Кызматтын функциялары
9. Кызмат төмөнкү функцияларды аткарат:
1) төмөнкүлөрдү протоколдук-уюштуруучулук камсыздоо боюнча ишти координациялайт:
- Кыргыз Республикасына жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги жумушчу сапарларды жана Президенттин, Президенттин жубайынын жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин чет өлкөлөргө жумушчу сапарларын;
- Президенттин, Президенттин жубайынын жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин Кыргыз Республикасынын региондорундагы кеңешмелерин, жыйналыштарын жана жумушчу сапарларын;
2) Президентке, Президенттин жубайына жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисине протоколдук маселелер боюнча консультация берет;
3) кызматтын компетенциясынын чегинде Президенттин, Президенттин жубайынын жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин чет өлкөлөргө жумушчу сапарларынын программаларын макулдашат, бул программаларды аткаруу боюнча ишти координациялайт;
4) чет өлкөлөргө жумушчу сапарларды уюштуруучу жана камсыз кылуучу даярдоо жана алдынкы топторду түзүү жана багыттоо боюнча ишти координациялайт, мындай топторду башкарат;
5) Президенттин, Президенттин жубайынын жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин катышуусундагы мамлекеттик ички жана эл аралык иш-чараларды протоколдук-уюштуруучулук даярдоо жана өткөрүү маселелери боюнча Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын ишин координациялайт;
6) Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тапшырмасы боюнча Кыргыз Республикасынын дипломатиялык жана кызматтык паспортторун тариздөө бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ишин координациялайт;
7) Кыргыз Республикасынын протоколдук аземин өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат жана киргизет (Кыргыз Республикасына жумушчу сапарлардын алкагында чет мамлекеттердин башчыларынын жолугушуулары жана жөнөтүүлөр, Президенттин, Президенттин жубайынын жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин чет өлкөлөргө жумушчу сапарлары, Кыргыз Республикасында аккредиттелген чет мамлекеттердин Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчилеринин Президентке ишеним грамоталарын тапшыруусу);
8) белгиленген компетенциянын чегинде республикалык тышкы саясий органдарда жана алардын чет өлкөлүк бөлүмдөрүндө мамлекеттик кадр саясатын камсыз кылууга катышат.
4. Кызматтын жана анын кызматкерлеринин
ыйгарым укуктары
10. Кызмат, кызматтын жетекчилери жана кызматкерлери Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси бекиткен Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жалпы милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары жөнүндө жободо каралган ыйгарым укуктарга, ошондой эле кызматтын ишинин өзгөчөлүктөрүнө жараша башка ыйгарым укуктарга ээ.
Анын ичинде кызмат төмөнкүдөй ыйгарым укуктарга ээ:
1) Президенттин, Президенттин жубайынын жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин катышуусундагы ар кандай протоколдук иш-чараларды өткөрүү боюнча сунуштарды Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин кароосуна киргизүүгө;
2) жооптуу кызматкерлерди тартиптик жоопкерчиликке тартуу үчүн тапшырмаларды өз убагында же толук аткарбагандыгы жөнүндө Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисине баяндоого;
3) Президенттин, Президенттин жубайынын жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин катышуусундагы протоколдук иш-чараларды аткарууга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерин тартууга;
4) мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан зарыл маалыматтарды суроого жана алууга, аларга кызматтын компетенциясына кирген маселелер боюнча аткарууга милдеттүү болгон тапшырмаларды берүүгө;
5) протоколдук-уюштуруу маселелери бөлүгүндө чет мамлекеттердин өкүлдөрү, ошол мамлекеттердин мамлекеттик органдары, чет мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүктөрү менен өз ара аракеттенүүгө;
6) кызматка жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн зарыл болгон башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга.
11. Протокол кызматынын жетекчиси жалпы ыйгарым укуктарды толуктоо иретинде:
1) даярдоо жана алдыңкы топторду түзүү жана чет өлкөлөргө жиберүү боюнча иштерди жүргүзөт, алардын ишин координациялайт;
2) чет өлкөлөрдө жана Кыргыз Республикасында Президенттин, Президенттин жубайынын жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин катышуусундагы тышкы саясий иш-чаралардын уюштуруу-протоколдук бөлүгүн координациялайт;
3) Президенттин эл аралык байланыштарын протоколдук-уюштуруучулук жактан камсыз кылат;
4) кызматтын кызматкерлерин сыйлоого, класстык чендерди жана дипломатиялык рангдарды ыйгарууга белгиленген тартипте сунуштайт.
12. Башка ыйгарым укуктар менен бирге кызматтын жетекчисинин орун басары:
1) Кыргыз Республикасында жана чет өлкөлөрдө Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин катышуусундагы тышкы саясий иш-чаралардын уюштуруу-протоколдук бөлүгүн координациялайт;
2) даярдоо жана алдыңкы топторду түзүү жана чет өлкөлөргө жиберүү боюнча иштерди жүргүзөт, алардын ишин координациялайт;
3) Министрлер Кабинетинин Төрагасынын эл аралык байланыштарын протоколдук-уюштуруучулук жактан камсыз кылат;
4) Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жана кызматтын жетекчисинин айрым тапшырмалары боюнча башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
13. Кызматтын эксперттери башка ыйгарым укуктар менен катар:
1) Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана чет өлкөлүк өнөктөштөр менен биргеликте иш сапарлардын программаларынын схемаларын, ошондой эле иш сапарлардын кеңири программаларын, тиешелүү иш-чаралардын тизмелерин иштеп чыгууга катышат;
2) кызматтын компетенциясынын чегинде Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин катышуусу менен мамлекеттик ички жана эл аралык иш-чараларды өткөрүүнүн жыйынтыгы боюнча маалыматтык материалдарды жана документтерди талдайт;
3) Кыргыз Республикасынын протоколдук аземин өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
4) аткарылган иштер жөнүндө кварталдык пландарды жана отчетторду берет;
5) документтердин сакталышын жана өз убагында архивге чыгарылышын камсыз кылат;
6) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары тарабынан тиешелүү маалыматтардын өз убагында берилишин контролдойт;
7) кызматтын жетекчисинин жана анын орун басарынын тапшырмасы боюнча тейлеген мамлекеттик органдар өткөрүүчү жыйналыштарга жана кеңешмелерге катышат;
8) кызматтын жетекчисинин жана анын орун басарынын тапшырмасы боюнча башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
5. Кураторлук
14. Кызмат өзүнүн ишин Президенттин Администрациясынын башка түзүмдүк бөлүмдөрү, Министрлер Кабинети, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппараты, Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитети, административдик ведомстволору жана башка органдары, ошондой эле эл аралык уюмдар менен бөлүмдүн милдеттерине жана функцияларына кирген маселелер боюнча тыгыз өз ара аракеттенүү менен жүргүзөт.
15. Кызмат төмөнкүлөрдү тейлейт:
1) Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигин (Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тапшырмасы боюнча мамлекеттик протокол жана дипломатиялык жана кызматтык паспортторду тариздөө маселелери боюнча);
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасын (Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин катышуусундагы протоколдук иш-чараларды уюштуруу маселелери боюнча).».