КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Кенеш айылдык аймактык кеңешинин кезексиз алтынчы жыйналышынын (5-шайланган) отурумунун
2023-жылдын 24-октябры № 6/6
Кеңеш айылдык аймагында ачылган “Кеңештаза суу жана тазалык” ишканасына таштанды ташуучу техника алуу үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Кара-Кулжа райондук өнүктүрүү фондусунун колдоосу менен Кеңеш айылдык аймагында ачылган “Кеңеш таза суу жана тазалык” ишканасына таштанды ташуучу техника алуу үчүн Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурдиндин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кеңеш айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ;
1. Кеңеш айылдык аймагында ачылган “Кеңеш таза суу жана тазалык” ишканасына таштанды ташуучу техника алуу үчүн өздүк салым катары айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы жергиликтүү бюджетинен 250 000 (эки жүз элүү миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Таштанды ташуучу техника алуу үчүн “Кеңеш таза суу жана тазалык” ишканасына өздүк салым катары муниципалдык ишкананын бюджетинен 125 000 (бир жүз жыйырма беш миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурдинге милдеттендирилсин.
Төрага | Д. Токторов |