ТҮГӨЛ-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН
ТОКТОМУ
Түгөл-Сай айыл аймагынын айылдык Кенешинин (VIII-чакырылышынын) кезектүү 21-сессиясы
2023-жылдын 20-февралындагы № 38
Түгөл-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын жергиликтүү бюджетинин кирешенин чыгашадан ашкан бөлүгүнон үнөмдөлгөн 606039 сом 01 тыйын жана атайын каражаттан ашкан 196398 сом (балдар бакчасынын атайын каражатынан 25389 сом, аппараттан 171000 сом) акча каражатын сметага бөлүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Бюджеттик укуктун негиздери принциптери жөнүндө» Мыйзамынын негизинде Түгөл-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси Бусурманов Нурланбектин билдирүүсүн Түгөл-Сай айылдык Кенеши депутаттары кезектеги сессияда угуп жана талкуулап, токтом кылат:
1. Түгөл-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын жергиликтуу бюджетинин кирешенин чыгашадан ашкан бөлүгүнөн үнөмдөлгөн 606039 сом 01 тыйын акча каражаты сметага төмөнкүдөй бөлүнсүн:
№ | Аталышы | Сумма (сом) |
1 | Малдарды дарылоо үчүн раскол салууга | 200000 |
2 | АУПка компьютер алууга | 110000 |
3 | Коомдук тартипти көзөмөлдөөгө (РИИБге) | 5000 |
4 | Бала бакчаларга видио козомол орнотуу учун | 80000 |
5 | Кургак учук менен ооругандардын жол киреси | 4000 |
6 | Маданият үйүнө музыкалык аппарат (музыкальный центр) | 100000 |
7 | Бала бакчаларды камсыздандырууга | 10000 |
8 | Мектептерди камсыздандырууга | 10000 |
9 | Административдик имаратты, клубду камсыздандырууга | 10000 |
10 | Айыл аймактык ден-соолук комитетине | 12000 |
11 | Мектептердин утурумдук ощдоосуна | 10000 |
12 | Эпкин ФАПына компьютер алууга | 40000 |
13 | Жолбун ит, мышыктарды атууга | 150389,01 |
| Жалпы | 606039,01 |
2. Атайын каражаттан үнөмдөлгөн 196389 сом акча каражаты сметага төмөнкүдөй бөлүнсүн:
№ | Аталышы | Сумма (сом) |
1 | Бала бакчанын тамак-ашы үчүн | 25389 |
2 | АУПтун ар кандай чыгымдарына | 131000 |
3 | +згөчө кырдалдарга (МЧС) | 40000 |
| Жалпы | 196389 |
3. Токтомдо көрсөтүлгөндөй сметага ылайык өз багыты менен чыгымдоо айыл өкмөтүнүн башкы эсепчисине тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Түгөл-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы Сабырбек уулу Калысбекке жүктөлсүн.
Түгөл-Сай айылдык кенешинин төрагасы |
| Ишенбек уулу Жолдошбек |