Редакцияот 24.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Депутаттардын Кенеш айылдык аймактык кеңешинин кезексиз алтынчы жыйналышынын (5-шайланган) отурумунун

 

2023-жылдын 24-октябры № 6/7

 

Кеңеш айылдык аймагында 2022-2026-жылдар аралыгында социалдык-экономикалык өнүгүү планынын (СЭОП) ишке ашыруу жөнүндө

 

АРИСтин “САSA-1000 коомчулуктарды колдоо долбооруна кошумча каржылоо” долбоорунун алкагында ишке ашып жаткан төмөндөгү долбоор Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2022-2026-жылдар аралыгында социалдык-экономикалык плапнын киргизүүнү колго алуу жөнүндөгү Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурдиндин билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып Кеңеш айылдык кеңеши

Т О К Т О М  К Ы Л А Т ;

1. АРИСтин “САSA-1000 коомчулуктарды колдоо долбооруна кошумча каржылоо” долбоорунун алкагында ишке ашып жаткан Пор айылынын Т.Сыдыков атындагы орто мектебинин жанына кошумча имарат ( актовый зал) салуу колго алынсын жана Кеңеш айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнугүү планына киргизилсин.

2. Кошумча имаратка ( актовый зал) тиешелүү документтерин даярдоо жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн жер адиси Турдуев Маратбек Турдуевичке тапшырылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин “Мыйзамдуулук, укук тартиби, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын , саясий партиялардын жана дин иштери боюнча” туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

 

    Төрага

Д. Токторов