Редакцияот 20.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТҮГӨЛ-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН

ТОКТОМУ

Түгөл-Сай айыл аймагынын айылдык Кенешинин (VIII-чакырылышынын) кезектүү 21-сессиясы

 

2023-жылдын 20-февралындагы № 40

 

Айыл аймакта инвестициялык климатты жакшыртууда; балык чарбасын жана ишкердикти ачып өнүктүрүүдө инвесторлорго жер маселесин карап берүү жөнүндө

 

Түгөл-Сай айыл аймагында инвестициялык климатты жакшыртуу, инвесторлорго жагымдуу шарттарды түзүүдө; балык чарбасын жана ишкердикти ачып өнүктүрүүдө инвесторлорго жер маселесин карап берүү жөнүндө Түгөл-Сай айылдык Кенешинин депутаттарынын кезектеги сессиясы талкуулап токтом кылат:

 

1. Түгөл-Сай айыл аймагында иинвестициялык климатты жакшыртууда; балык чарбасын жана ишкердикти ачып өнүктүрүүдө инвесторлорго жер маселесин карап, чечип берүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Иманалиевге жүктөлсүн.

2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Түгөл-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы Сабырбек уулу Калысбекке жүктөлсүн.

3. Токтомдун аткарылышына көмөмөлдүк кылууну өзүмө калтырамын.

 

 

Түгөл-Сай айылдык

кенешинин төрагасы

 

Ишенбек уулу Жолдошбек