КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Кенеш айылдык аймактык кеңешинин кезексиз алтынчы жыйналышынын (5-шайланган) отурумунун
2023-жылдын 24-октябры № 6/8
Кеңеш айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгуу жыйымы жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 404-беренесинин талаптарын ишке ашыруу жөнүндө, кирешелерин көбөйтүү жана салыктык эмес керишелерин жөнгө салуу максатында, кирешелер боюнча башкы адис Адан уулу Бектин маалыматын угуп жана талкуулуап Кеңеш айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин 24-главасынын 74-беренесин жетекчиликке алып Кеңеш айыл өкмөтүнүн аймагында калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгуу жыйымы боюнча кабыл алынган токтомдору 2024-жылдын 1-январынан күчүн жоготсун.
2. Токтом 2024-жылдын 1-январынан күчүнө кирсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кеңеш айылдык кеңешинин финансы тармагын жөнгө салуучу туруктуу комиссиясынын жана Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | Д. Токторов |