ТҮГӨЛ-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН
ТОКТОМУ
Түгөл-Сай айыл аймагынын айылдык Кенешинин (VIII-чакырылышынын) кезектүү 21-сессиясы
2023-жылдын 20-февралындагы № 41
Түгөл-Сай, Эпкин айыл аймагынын жарандарына; турак үй куруу үчүн жер участогуна муктаж катары кезекте тургандарга жер участокторун берүүнүн аянтынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Түгөл-Сай, Эпкин айыл аймагынын жарандарына; турак үй куруу үчүн жер участогуна муктаж катары кезекте тургандарга жер участокторун берүүнүн аянтынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө Түгөл-Сай айылдык Кенешинин депутаттарынын кезектеги сессиясы талкуулап токтом кылат:
1. Түгөл-Сай, Эпкин айыл аймагынын жарандарына; турак үй куруу үчүн жер участогуна муктаж катары кезекте тургандарга жер участокторун берүүнүн аянтынын өлчөмү 700кв.м-1500кв.м чейин бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Түгөл-Сай айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Иманалиевге жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышына көмөмөлдүк кылууну өзүмө калтырамын.
Түгөл-Сай айылдык кенешинин төрагасы |
| Ишенбек уулу Жолдошбек |