Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭНЕРГЕТИКА МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2025-жылдын 22-январы № 13-7
“Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен иштелип чыгуучу электр энергиясына тарифтерди белгилөөнүн методикасын бекитүү жөнүндө”
“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине, “Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуучу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомун жетекчиликке алуу менен, буйрук кылам:
1. Тиркемеге ылайык энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен иштелип чыгуучу электр энергиясына тарифтерди белгилөө методикасы бекитилсин.
2. Энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү бөлүмү:
- бул буйрук катталган күндөн тартып үч күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна ылайык аны расмий жарыялоо боюнча чараларды көрсүн;
- расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде ченемдик укуктук актынын көчүрмөлөрүн мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада, кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө жарыялоо булактары жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
- күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жиберсин.
3. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин 2023-жылдын 17-ноябрындагы № 01-13/235 “Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен иштелип чыгуучу электр энергиясына тарифтерди белгилөөнүн методикасын бекитүү жөнүндө” буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча департаменти Методиканын ченемдеринин сакталышына ай сайын көзөмөл жана мониторинг жүргүзсүн
5. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 24-январындыгы № 5 (3661) саны менен жарыяланды
Министр |
| Т.О. Ибраев |