Загрузка документа…
| 2-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-февралындагы № 58-т тескемеси менен бекитилди) |
"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин жаңы редакциядагы текстинин жана музыкасынын мыкты долбоорлорун тандоо боюнча республикалык сынак өткөрүү жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 12-июнундагы № 476-т тескемесинин редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин жаңы редакциядагы текстинин жана музыкасынын мыкты долбоорлорун тандоо боюнча республикалык сынак өткөрүү жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин жаңы редакциядагы текстинин жана музыкасынын мыкты долбоорлорун тандоо боюнча республикалык сынакты (мындан ары - Сынак) уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартибин жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин жаңы редакциядагы текстинин жана музыкасынын мыкты долбоорлорун тандоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын (мындан ары - ведомстволор аралык комиссия) ишин ишке ашырууну аныктайт.
2. Сынакты өткөрүү боюнча уюштуруучулук-техникалык иш-чараларды Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги (мындан ары - Маданият министрлиги) жүзөгө ашырат.
3. Сынакка сунушталган музыкалык чыгармаларды баалоо жана мыкты долбоорлорду аныктоо ведомстволор аралык комиссия тарабынан жүзөгө ашырылат.
4. Ведомстволор аралык комиссия өз ишинде ушул Жобону жетекчиликке алат.
2-глава. Сынакты өткөрүүнүн максаты жана милдеттери
5. Сынак Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүү максатында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин жаңы редакциядагы текстинин жана музыкасынын мыкты долбоорлорун аныктоо үчүн өткөрүлөт.
6. Сынактын милдети патриоттук сезимге жана Ата мекенди сүйүүгө тарбиялоо болуп саналат.
7. Сынак Кыргыз Республикасынын эркиндигин, адилеттүүлүгүн, элинин биримдигин даңазалаган жогорку көркөм музыкалык чыгарманы тандоого багытталган.
8. Сынак ачык түрдө 2 этапта өткөрүлөт:
1) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин жаңы редакциядагы текстинин долбоорун тандоо;
2) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин жаңы редакциядагы тандалып алынган тексттеринин негизинде музыкасынын долбоорун тандоо.
Эскертүү: Сынакка долбоорлорду кабыл алууда мурда катышкан жарандар жаңы эмгектери менен катыша алат.
3-глава. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин текстинин долбоорун тандоо боюнча Сынакка катышууга коюлган талаптар
9. Сынактын 1-этабында акындар, автордук жамааттар (музыкалык чыгармачыл жамааттар, ошондой эле башка уюмдар - 5 адамдан ашпаган) катыша алат.
10. Сынакка "Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык автордук укуктарды сактоо менен жаңы, ошондой эле мурда аткарылган жана жарыяланган чыгармалар сунушталышы мүмкүн. Сынактын ар бир катышуучусу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин жаңы редакциядагы текстинин долбоорунун (мындан ары - Гимндин долбоору) бир же бир нече вариантын сунуштай алат.
11. Сынакка катышуу үчүн өтүнмө (Жобонун 1-тиркемесине ылайык формада) берилет, анда төмөнкү маалыматтар камтылууга тийиш:
- фамилиясы, аты, атасынын аты (болсо);
- туулган күнү, айы, жылы;
- ким экендигин ырастоочу документтин түрү, сериясы, номери, берилген датасы, аны берген органдын аталышы;
- жашаган жери, катталган дареги;
- байланыш телефон номери же байланыштын башка ыкмалары жөнүндө маалыматтар.
12. Эгерде Сынакка автордук жамааттар катышса, анда Сынакка катышууга өтүнмөдө жамааттын аталышы, алардын автордук катышуусун тактоо менен бардык авторлор жөнүндө жогоруда көрсөтүлгөн маалыматтар көрсөтүлөт (Жобонун 2-тиркемесине ылайык формада).
13. Сынакка катышуу үчүн өтүнмөдө төмөнкү документтер тиркелет:
- Гимндин долбоорунун кагаз жүзүндөгү тексти;
- ар бир автордун жеке маалыматтарын иштеп чыгууга макулдугу (Жобонун 3-тиркемесине ылайык).
14. Сынактык долбоор 5тен кем эмес куплеттен түзүлүшү керек.
15. Сынактын 1-этабына катышуу үчүн өтүнмөнүн кагаз жүзүндө варианты тиркелген материалдар жана сынактык долбоорлор менен бирге 2025-жылдын 7-июлуна чейин төмөнкү дарекке жөнөтүлөт: 720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Пушкин көчөсү, 78.
16. Сынактын 1-этабына катышууга өтүнмөнүн электрондук (сканерден өткөрүлгөн) варианты тиркелген материалдар жана сынактык долбоорлор менен бирге 2025-жылдын 7-июлуна чейин gimn.2025@minculture.gov.kg электрондук дарегине жөнөтүлөт.
17. Сынакка катышууга өтүнмөлөр тиркелген материалдар жана сынактык долбоорлор менен бирге андан ары ведомстволор аралык комиссияга өткөрүп берүү үчүн Маданият министрлигинде катталат.
18. Ведомстволор аралык комиссия Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин жаңы редакциядагы текстинин келип түшкөн долбоорлорун 2025-жылдын 25-июлуна чейин карап чыгат жана 5 (беш) мыкты эмгекти тандап алат.
4-глава. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин музыкасынын долбоорун тандоо боюнча Сынакка катышууга коюлган талаптар
19. Ведомстволор аралык комиссия тарабынан Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин жаңы редакциядагы тандалып алынган текстинин долбоорлоруна музыкалык чыгарманы жаратуу боюнча кайрадан сынак жарыяланат (2-этап).
20. Сынактын 2-этабында композиторлорго, музыканттарга, ырчыларга, автордук жамааттарга (музыкалык чыгармачыл жамааттарга, студияларга, союздарга, ошондой эле башка уюмдарга -5 адамдан ашпаган курамда) Сынактын 1-этабында тандалып алынган тексттерге жазылган музыкалык чыгармалары менен жол берилет.
21. Сынакка "Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык автордук укуктарды сактоо менен жаңы, ошондой эле мурда аткарылган жана жарыяланган музыкалык чыгармалар сунушталышы мүмкүн. Сынактын 2-этабынын ар бир катышуучусу Сынакка Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин долбоорунун музыкасынын (мындан ары - Гимндин долбоору) бир же бир нече вариантын сунуштай алат.
22. Сынакка катышууга өтүнмө (Жобонун 4-тиркемесине ылайык) форма боюнча берилет, анда төмөнкү маалыматтар камтылууга тийиш:
- фамилиясы, аты, атасынын аты (болсо);
- туулган күнү, айы, жылы;
- ким экендигин ырастоочу документтин түрү, сериясы, номери, берилген датасы, аны берген органдын аталышы;
- жашаган жери, катталган дареги;
- байланыш телефон номери же байланыштын башка ыкмалары жөнүндө маалыматтар.
23. Эгерде Сынакка автордук жамааттар катышса, анда Сынакка катышууга өтүнмөдө жамааттын аталышы, алардын автордук катышуусун тактоо менен бардык авторлор жөнүндө жогоруда көрсөтүлгөн маалыматтар камтылат (Жобонун 5-тиркемесине ылайык).
24. Сынакка катышууга өтүнмөдө төмөнкү документтер тиркелет:
- чыгарманы музыкалык аспаптын коштоосунда үн/хор же оркестрдин коштоосунда үн/хор менен вокалдык жана аспаптык аткаруу USB-флеш-алып жүрүүчүдө видеожазуу же аудиожазуу түрүндө музыкасынын жазуусу;
- Гимндин долбоорунун кагаз жүзүндө музыкасынын ноталык жазуусу (партитурасы);
- Гимндин долбоорунун кагаз жүзүндөгү тексти;
- ар бир автордун жеке маалыматтарын иштеп чыгууга макулдугу (Жобонун 6-тиркемесине ылайык).
25. Сынакка жогорку көркөм деңгээлде аткарылган бүтүн музыкалык чыгармалар гана кабыл алынат.
26. Сынак үчүн Гимндин долбоору 3төн ашык эмес куплеттен жана 1 кайырмадан туруп, 4 мүнөттөн ашпаган узактыкта болууга тийиш. Гимндин долбоорунун кыска варианты аспаптык аткарууда 3 мүнөттөн ашпоого тийиш.
27. Сынактын 2-этабына катышуу үчүн өтүнмөнүн кагаз жүзүндө варианты тиркелген материалдар жана сынактык долбоорлор менен бирге 2025-жылдын 8-сентябрына чейин төмөнкү дарекке жөнөтүлөт: 720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Пушкин көчөсү, 78.
28. Сынактын 2-этабына катышууга өтүнмөнүн электрондук (сканерден өткөрүлгөн) варианты тиркелген материалдар жана сынактык долбоорлор менен бирге 2025-жылдын 8-сентябрына чейин gimn.2025@minculture.gov.kg электрондук дарегине жөнөтүлөт.
29. Сынакка катышууга өтүнмөлөр тиркелген материалдар жана сынактык долбоорлор менен бирге андан ары ведомстволор аралык комиссияга берүү үчүн Маданият министрлигинде катталат.
5-глава. Ведомстволор аралык комиссиянын иштөө тартиби
30. Ведомстволор аралык комиссия Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынан, министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрүнөн, жазуучулардан, композиторлордон, окумуштуулардан жана башка маданият ишмерлеринен жана чыгармачыл адамдардын курамынан түзүлөт.
31. Ведомстволор аралык комиссия өз ишин коомдук башталышта жүзөгө ашырат.
32. Ведомстволор аралык комиссиянын курамына төрага, катчы жана комиссиянын мүчөлөрү кирет. Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрүнүн саны адамдардын так санынан турат жана 47 адамдан ашпоого тийиш.
33. Ведомстволор аралык комиссиянын курамына кирген адамдар Сынактын катышуучусу боло алышпайт.
34. Ведомстволор аралык комиссияны төрага жетектейт, ал ведомстволор аралык комиссиянын ишине жалпы жетекчилик кылат жана анын жыйналыштарына төрагалык кылат.
35. Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы:
1) ведомстволор аралык комиссиянын жыйналышын өткөрүүнүн датасын, убактысын жана ордун дайындайт;
2) ведомстволор аралык комиссиянын жыйналышынын күн тартибинин долбоорун киргизет;
3) ведомстволор аралык комиссиянын жыйналышын алып барат;
4) ведомстволор аралык комиссиянын чечимдерине жана жыйналыштарынын протоколдоруна кол коёт;
5) ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрүнүн анын карамагына кирген маселелер боюнча ишин координациялайт;
6) ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрүнүн ичинен катчыны дайындайт;
7) ведомстволор аралык комиссиянын ишине байланышкан башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
36. Ведомстволор аралык комиссиянын катчысы:
1) ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрүнө ведомстволор аралык комиссиянын жыйналышын өткөрүү датасы, орду жана убактысы жөнүндө кабарлайт;
2) ведомстволор аралык комиссиянын жыйналышын даярдоону уюштурат;
3) материалдарды даярдайт, жыйналыштардын протоколдорун жүргүзөт, ведомстволор аралык комиссиянын чечимдерин тариздейт;
4) ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү койгон баалардын суммасын чыгарат, сынактык долбоорлордун рейтингин түзөт;
5) ведомстволор аралык комиссиянын жыйналыштарынын протоколдоруна, чечимдерине кол коёт;
6) Гимндин мыкты долбоорлорун аныктоодо добуш берет;
7) ведомстволор аралык комиссиянын ишине байланышкан материалдар жана документтер менен ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрүн өз убагында камсыз кылат.
37. Ведомстволор аралык комиссия төмөнкү ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат:
1) Сынакка катышууга өтүнмөлөрдү жана сынактык долбоорлорду кабыл алат;
2) сынактык долбоорлор боюнча жарандардан келип түшкөн сын-пикирлерди жана сунуштарды карайт;
3) сынактык долбоорлор тиркелген өтүнмөлөрдү карайт жана баалайт;
4) мыкты сынактык долбоорлорду тандайт;
5) Сынактын жеңүүчүсүн аныктайт;
6) Сынактын катышуучуларынын кайрылууларын жана даттанууларын карайт;
7) Сынакты өткөрүүгө байланышкан башка функцияларды жүзөгө ашырат.
38. Ведомстволор аралык комиссиянын жыйналыштарынын күн тартибинин долбоору жана өткөрүү тартиби төрага тарабынан жарыяланат жана талкуулоодон кийин бекитилет.
39. Ведомстволор аралык комиссиянын жыйналыштары күндүзгү формада өткөрүлөт, ал эми ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрүнүн жыйналыштарга катышуусу милдеттүү болуп саналат. Жыйналышка катышуу мүмкүн болбогон учурда ведомстволор аралык комиссиянын мүчөсү жыйналышка аралыктан (ВКБ режиминде) катышууга ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынан уруксат алууга милдеттүү. Бул жагдай ведомстволор аралык комиссиянын жыйналышынын протоколунда милдеттүү түрдө чагылдырылууга тийиш.
Бирок добуш берүүдө ведомстволор аралык комиссиянын жыйналышына мүчөлөрдүн катышпай калуусуна жол берилбейт. Добуш берүүдө мүчө/мүчөлөр жок болгон учурда добуш берүү жараксыз деп эсептелет.
40. Ведомстволор аралык комиссиянын жыйналышында кабыл алынган чечимдер протокол менен таризделет, ага ведомстволор аралык комиссиянын бардык мүчөлөрү кол коёт.
41. Маселени кароонун жүрүшүндө ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү алган маалыматтар ведомстволор аралык комиссия тиешелүү чечим кабыл алганга чейин ачыкка чыгарылбайт.
42. Ведомстволор аралык комиссиянын чечимдери ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен ачык добуш берүү аркылуу кабыл алынат. Ведомстволор аралык комиссиянын ар бир мүчөсү бир добушка ээ жана добуш берүү укугун башка адамдарга берүүгө укуксуз.
43. "Макул" жана "каршы" добуштарынын саны бирдей болгон учурда ведомстволор аралык комиссиянын жыйналышына төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болуп саналат.
6-глава. Сынактык долбоорду баалоо критерийлери
44. Сынактык долбоордун мыкты текстин тандоодо ведомстволор аралык комиссия төмөнкү баалоо критерийлерин жетекчиликке алат:
1) жогорку көркөмдүгү;
2) чет элдик сөздөрдү жана өздөштүрүлгөн лексиканы колдонбостон, тексттин кыргыз адабий тилинин ченемдерине ылайык келиши;
3) Гимнди ар түрдүү жаш курактагы, улуттагы жана диний ишенимдеги жарандардын кабыл алуусуна, жаттап алуусуна жана аткаруусуна жеңилдиги;
4) Гимндин текстинде төмөнкүлөрдүн чагылдырылышы:
- тарыхтагы маанилүү окуялар, көп улуттуулук, элдин биримдиги, бай маданий мурастар, руханий салттар жана өлкөнүн жогорку жетишкендиктери;
- Кыргыз Республикасынын табигый жана географиялык өзгөчөлүктөрү, көп кырдуулугу жана индивидуалдуулугу;
- мекенди сүйүү.
45. Сынактык долбоордун мыкты музыканын тандоодо ведомстволор аралык комиссия төмөнкү баалоо критерийлерин жетекчиликке алат:
1) композициянын бүтүндүгү, жогорку көркөмдүк таасири;
2) салтанаттуулук, мекенчилдик, эмоционалдуулук, жашоону ырастоочу мүнөздөгү улуттук мотивдердин чагылдырылышы;
3) үндүн жагымдуулугу, гармониялуулугу, оригиналдуулук, жаттоого оңойлугу;
4) чет элдик сөздөрдү жана өздөштүрүлгөн лексиканы колдонбостон, тексттин кыргыз адабий тилинин эрежелерине ылайык келиши;
5) Гимнди ар түрдүү жаш курактагы, улуттагы жана диний ишенимдеги жарандардын кабыл алуусуна, жаттап алуусуна жана аткаруусуна жеңилдиги;
6) Гимндин текстинин анын музыкалык коштоосуна шайкеш келүүсү.
46. Ведомстволор аралык комиссия тарабынан ушул Жобонун 44-пунктунда көрсөтүлгөн критерийлер боюнча сынактык долбоорлорду баалоо төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
1) 0дөн 1 баллга чейин - критерийлерге жооп бербейт;
2) 2ден 4 баллга чейин - критерийлерге канааттандырарлык деңгээлде жооп берет;
3) 5тен 7 баллга чейин - критерийлерге жакшы деңгээлде жооп берет;
4) 8ден 10 баллга чейин - критерийлерге жогорку деңгээлде жооп берет.
7-глава. Сыйлоо чаралары
47. Сынак аяктагандан кийин ведомстволор аралык комиссия тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине Гимндин 3 мыкты долбоору жиберилет.
48. Жеңген долбоорго сыйлык Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунун эсебинен каралат.
8-глава. Сынакты уюштуруу жана өткөрүү тартиби
49. Ушул Жобонун 2-пунктуна ылайык Сынакты уюштурууга жана өткөрүүгө Маданият министрлиги жооптуу.
50. Маданият министрлиги:
1) Сынакка катышууга өтүнмөлөрдү кабыл алат жана каттайт;
2) ушул Жобонун 3-главасына ылайык документтердин жана материалдардын толуктугун текшерет;
3) Сынакка андан ары катышуу үчүн уруксат берилген өтүнмөлөрдү жана Сынактык долбоорлорду ведомстволор аралык комиссияга жөнөтөт;
4) ведомстволор аралык комиссиянын өткөрүлгөн жыйналыштарында жана Сынакты өткөрүү менен байланышкан башка иш-чараларда Сынакты жарыялоо жөнүндө маалыматтарды Маданият министрлигинин жана Министрлер Кабинетинин расмий сайттарында, социалдык тармактарында жайгаштырууну уюштурат;
5) улуттук мамлекеттик телерадиоберүү компанияларында Гимндин мыкты долбоорун тандоо боюнча иштердин жүрүшү жөнүндө чагылдырууну жүзөгө ашырат;
6) жарандардын сунуштарын жана сын-пикирлерин кабыл алып, каттап, аларды ведомстволор аралык комиссияга өткөрүп берет.
51. Ушул Жобонун 3 жана 4-главаларында көрсөтүлгөн талаптарга жооп бербеген Сынакка катышууга өтүнмөлөр тиркелген материалдар жана сынактык долбоорлор менен бирге Сынакка катышуу үчүн киргизилбейт жана кайра кайтарылбайт.
52. Ведомстволор аралык комиссиянын бардык мүчөлөрү 15 жумуш күндүн ичинде сынактык долбоорлорду ушул Жобонун 6-главасында көрсөтүлгөн критерийлер боюнча тиешелүү баалоо барагына (Жобонун 7 жана 8-тиркемелерине ылайык формада) балл коюу жолу менен баалашат жана балл коюунун жыйынтыгы боюнча баалоо баракчасынын сканерленген көчүрмөсүн төмөнкү дарек боюнча жөнөтүшөт: 720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Пушкин көчөсү, 78, gimn.2025@minculture.gov.kg
53. Сынак төмөнкү учурларда өтүлгөн жок деп таанылат жана кайра жарыяланат:
1) эгерде Сынакка катышууга бир дагы өтүнмө келип түшпөсө;
2) эгерде Сынакка катышууга бештен аз өтүнмө келсе;
3) эгерде сунушталган Сынактык долбоорлордун бири да ведомстволор аралык комиссия тарабынан Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин жаңы редакциядагы музыкасынын жана текстинин биринчи үч мыкты долбоору катары тандалбаса.
54. Сынактын жыйынтыгы боюнча ведомстволор аралык комиссия Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин жаңы редакциядагы текстинин жана музыкасынын биринчи үч мыкты долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизет.