Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 31-январы № 33
"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын конституциялык
Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене
"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 2022-жылдын 17-августу, № 72-74) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
21-берененин 1-бөлүгүнүн үчүнчү сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Валютасы тараптардын макулдашуусу менен аныкталуучу экспорттолуучу жана импорттолуучу товарларды берүүгө жана кызматтарды көрсөтүүгө келишимдерди, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан түзүлгөн инвестициялык макулдашууга же мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууга ылайык жүзөгө ашырылуучу отун-энергетикалык комплекс чөйрөсүндөгү инвестициялык долбоорлордун алкагында товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатууну кошпогондо, товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баалары сом менен жана чет өлкөлүк валютанын курсуна байланыштырбастан көрсөтүлүүгө тийиш.".
2-берене
Ушул конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 4-февралындагы № 8 (3664) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |