Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМУ
2022-жылдын 28-декабрындагы № 20/46
Ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмелерин (ИСКАКБ), Жайыт пайдалануучулар бирикмесин (ЖПБ) жана тазалыкты кошуп, айыл өкмөтүнүн астында муниципалдык ишкана түзүү жөнүндө
Кош-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Талантбек уулунун Ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмелерин (ИСКАКБ), Жайыт пайдалануучулар бирикмесин (ЖПБ) бириктирип жана тазалыкты кошуу менен айыл өкмөтүнүн астында муниципалдык ишкана түзүү жана материалдык баалуулуктарын баланска алуу жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап, депутаттардын Кош Дөбө айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Кош-Дөбө айыл аймагына караштуу ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмелерин (ИСКАКБ), Жайыт пайдалануучулар бирикмесин (ЖПБ) бириктирип жана тазалыкты кошуу менен айыл өкмөтүнүн астында муниципалдык ишкана түзүүгө макулдук берилсин.
2. Кара-Күңгөй айылынын “Түз-Булак чоң суу” жана Кара-Саз айылынын “Үкөк суу” ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмелеринин жана Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (ЖПБ) материалдык баалуулуктары айыл өкмөтүнүн балансасына өткөрүп алуу сунушталсын.
3. Муниципалдык ишкана түзүүгө тиешелүү иш кагаздарын, уставын даярдоо, каттоодон өткөрүү жагы Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Талантбек уулуна тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага | Б.Казиев |