Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАРАТЫЛЫШ РЕСУРСТАРЫ, ЭКОЛОГИЯ ЖАНА ТЕХНИКАЛЫК КӨЗӨМӨЛ МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2025-жылдын 11–январы № 01-01/3
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин 2018-жылдын 24-апрелиндеги № 01–7/203 “Тоо-кендерди жер үстүндѳгү ыкма менен казып алуунун өндүрүштүк процесстеринин коопсуздук эрежелерин бекитүү тууралуу” буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы №115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна ылайык, тоо-кен казып алуу ишканаларынын өндүрүшүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, өндүрүштүн негизсиз чыгымдарын жоюу максатында,
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин 2018-жылдын 24-апрелиндеги №01-7/203 “Тоо-кендерди жер үстүндѳгү ыкма менен казып алуунун өндүрүштүк процесстериндеги коопсуздук эрежелерин бекитүү тууралуу” буйругуна төмөндөгү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 36-пункттун төртүнчү жана бешинчи сүйлөмдөрү “Кум жана шагыл төгүлгөн жолдор жабышкак материалдар менен иштетилүүгө жатат. Бул максаттарда урчук таштуу пектерди, кара майды жана чайырды колдонууга болбойт” алып салынсын;
- 63-пункттагы "экспертиза" деген сөз алып салынсын;
- 95-пункттагы "ыйгарым укуктуу органдын өкүлүнүн катышуусу менен" деген сөздөр "негизги компоненттеринин кемчиликтерин аныктоо менен ишкананын комиссиясы тарабынан" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 96-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"96. Өзүнүн ресурсун иштеп бүткөн технологиялык жабдуулар ишкананын комиссиясы тарабынан текшерилип, жабдууларды оңдоо, модернизациялоо же эксплуатациядан чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алуу, текшерүүлөрдүн жана сыноолордун натыйжалары боюнча акт түзүлүүнүн негизинде болуш керек.";
- 97-пункттун биринчи абзацындагы "оң абалдагы инструменттердин жана куралдардын комплектиси" деген сөздөрдөн кийин "көчмө оңдоо кызматтары жок болгон учурда" деген сөздөр менен толукталсын;
- 100-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
«Ушул пункттун ченемдери вахта мезгилинде айылдарда туруктуу жашаган, кирүү алдында алкоголдук жана баңги заттарга мас болуу боюнча текшерүүдөн өтүүгө тийиш болгон шартта жана алкоголдук жана баңги заттарды алып кирүүгө тыюу салынган стратегиялык объекттердин кызматкерлерине жайылтылбайт»;
- 110-пункттун 1-абзацындагы " экскаватор жүрүп бара жаткан багытка кароосу керек" деген сөздөрдөн кийин ",эгерде бул завод-өндүрүүчүнүн сунуштарына карама-каршы келбесе" деген сөздөр менен толукталсын;
- 150-пункттун 2-абзацындагы " завод-өндүрүүчү тарабынан каралган инструменттердин топтому болушу керек" деген сөздөргө чейин " көчмө күйүүчү май ташуучу автоцистерналар жана оңдоо кызматтары жок болгон учурларда" деген сөздөр менен толукталсын;
- 150-пункттун 3-абзацындагы "машиналар коюлуучу жерде кыймылдаткычтарды от алдыруу үчүн буу менен жылытылган стационардык пункттар менен камсыз болушу керек" деген сөздөр "стационардык же көчмө жылытуу жана кыймылдаткычтарды ишке киргизүү пункттары менен камсыз болушу керек " деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 197-пункттун 2-абзац күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин өнөр жай коопсуздугун жөнгө салуу башкармалыгы:
– белгиленген тартипте бул буйрукту расмий жарыялоо боюнча чараларды көрсүн;
- расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде ушул буйруктун көчүрмөсүн, эки нускада мамлекеттик жана расмий тилдерде кагаз жана электрондук түрдө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн;
- ушул буйрук күчүнө киргенден кийин үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына көчүрмөсү маалымат үчүн жөнөтүлсүн.
3. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күндөн кийин күчүнө кирет.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экологиялык жана техникалык көзөмөл министринин орун басары - Кыргыз геология кызматынын директору Н.М. Сатыбалдиевге жүктөлсүн.
Министр |
М.А. Машиев |