Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМУ
2022-жылдын 28-декабрындагы № 20/44
Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Талантбек уулунун 2022-жылы аткарган иштеринин отчету
Кош-Дөбө айыл аймагынын айылдарды өнүктүрүү боюнча 2022-2026-жылдарга карата айыл аймагынын өнүктүрүүнүн “Жол картасынын” 2022-жылга карата аткарылышы боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Талантбек уулунун отчетун угуп жана талкуулап, депутаттардын Кош Дөбө айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Кош-Дөбө айыл аймагынын айылдарды өнүктүрүү боюнча 2022-2026-жылдарга карата айыл аймагынын өнүктүрүүнүн “Жол картасынын” 2022-жылга карата аткарылышы боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Талантбек уулунун отчету “Канааттандыраарлык” деп баалансын.
2. Айыл аймагында коомдук уюмдардын ишин жандандыруу менен алардын жоопкерчилигин арттырууну уюштуруу, айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин арасында аткаруучулук тартипти жакшыртуу, жоопкерчиликти көтөрүү, кадрлардын резервин түзүү, кадрларды тандоо жана жеке жоопкерчиликти көтөрүү жагына көңүл бурулсун.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл аймактык Кеңешинин бардык туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | Б.Казиев |