Загрузка документа…
БАЕТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 27-ноябрындагы №1/1
Баетов айыл аймагынын айылдык кеңештин төрагасын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө
Эсептөө комиссиясынын 27-ноябрь, 2024-жылдын №3-протоколун жана Эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эсептөө комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө 2024-жылдын №3-протоколунун негизинде, Баетов айыл аймагынын айылдык кеңештин төрагасы болуп Азимжанов ЧерЛЭнС Мукашович шайланды деп белгиленсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Баетов айылдык кеңешинин депутаты |
| Б. Молдокевы |