Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМУ
2022-жылдын 20-декабрындагы № 19/43
Түрткү берүүчү грантка өздүк салым кошуу жөнүндө
Кара-Саз айылынын С.Орозбак уулу атындагы орто мектебинин жылуулук системасына капиталдык оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү үчүн түрткү берүүчү грантка өздүк салым кошуу жөнүндө Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Талантбек уулунун маалыматын угуп жана талкуулап, депутаттардын Кош Дөбө айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Кош-Дөбө айыл аймагынын Кара-Саз айылынын С.Орозбак уулу атындагы орто мектебинин жылуулук системасына капиталдык оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү үчүн түрткү берүүчү грантка долбоор сунушталсын.
2. Аталган долбоор боюнча иш алып баруу жагы Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башкы адиси, демилгелүү топтун мүчөсү А.Кыдыралиевага милдеттендирилсин.
3. 2023-жылдын жергиликтүү бюджетинен аталган долбоорго өздүк салым катары 449 724 (төрт жүз кырк тогуз миң жети жүз жыйырма төрт) сом каралсын жана аталган акча каражатын бөлүп берүү жагы Кош-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Талантбек уулу Талгарга милдеттендирилсин.
Төрага | Б.Казиев |