Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМУ
2022-жылдын 1-декабрындагы № 18/42
“Ардактуу атуулу” наамына сунуштоо жөнүндө
Кош-Дөбө айыл аймагынын социалдык-экономикалык жактан өнүгүшүнө салым кошуп келе жаткан жеке ишкер Мамбеталиев Алмаз Караталовичти Кочкор районунун “Ардактуу атуулу” наамына, ал эми, Кара-Күңгөй айылынын тургундары Алимов Нурбекти жана Өмүракунов Каттообекти Кош-Дөбө айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамына сунуштоо тууралуу Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Талантбек уулунун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңеши токтом кылат:
1. Кош-Дөбө айыл аймагынын социалдык-экономикалык жактан өнүгүшүнө салым кошуп келе жаткан жеке ишкер Мамбеталиев Алмаз Караталович Кочкор районунун “Ардактуу атуулу” наамына сунушталсын.
2. Кош-Дөбө айыл аймагынын социалдык-экономикалык жактан өнүгүшүнө салым кошуп келе жаткан Кара-Күңгөй айылынын тургундары Алимов Нурбекке жана Өмүракунов Каттообекке Кош-Дөбө айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы берилсин.
3. Айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамына көрсөтүлүп жаткан атуулдардын күбөлүктөрүн алып берүү жагы Кош-Дөбө айыл аймагынын башчысы Т.Талантбек уулуна тапшырылсын.
Төрага | Б.Казиев |