Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМУ
2022-жылдын 1-декабрындагы № 18/41
Кош-Дөбө айыл аймагында 2023-жылдын 1-январынан тартып мүлк салыгын киргизүү жөнүндө
Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Талантбек уулунун “Кыргыз Республикасынын Салык Кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” 2022-жылдын 18-январындагы №4 мыйзамынын 3-беренесине ылайык айыл аймагында 2023-жылдын 1-январынан тартып мүлк салыгы киргизүү тууралуу билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңеши токтом кылат:
1. Кош-Дөбө айыл аймагында “Кыргыз Республикасынын Салык Кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” 2022-жылдын 18-январындагы №4 мыйзамынын 3-беренесине ылайык айыл аймагында 2023-жылдын 1-январынан тартып мүлк салыгы киргизилсин.
2. Аталган мыйзамдын негизинде айыл аймагында 2023-жылдын 1-январынан тартып мүлк салыгынын чогулушун камсыз кылуу жагы айыл өкмөттүн киреше боюнча жетектөөчү адиси Н.Узбековага тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн ФЭБдин башчысы С.Капаровго милдеттендирилсин.
Төрага | Б.Казиев |