Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМУ
2022-жылдын 1-декабрындагы № 18/40
Жергиликтүү салыктардын чогулушу, 10 айлык пландын аткарылышы жөнүндө
Жергиликтүү салыктардын чогулушу, 10 айлык пландын аткарылышы боюнча Кош-Дөбө айыл өкмөт башчысы Т.Талантбек уулунун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңеши токтом кылат:
1. Кош-Дөбө айыл аймагында жергиликтүү салыктардын чогулушу тууралуу 10 айлык пландын аткарылышы, чогултулган каражат жана жасалып жаткан иштер “Канааттандыраарлык” деп белгиленсин.
2. Жергиликтүү салыктын 2022-жылга карата киреше бөлүгүнө чогултуучу салыктарды толугу менен өндүрүү жагы айыл өкмөттүн киреше боюнча жетектөөчү адиси Н.Узбековага тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн ФЭБдин башчысы С.Капаровго милдеттендирилсин.
Төрага | Б.Казиев |